“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Сүрөт: Ат — Башы Босого жайлоосу

13 Июнь 2021 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны: 362

Нарын облусу тоолуу болгондуктан көз жоосун алган жайлоолорго бай. Алардын бири Ат — Башы районуна караштуу Босого жайлоосу.

Босого жайлоосу Ат — Башы районуна караштуу Ак — Муз айылына тийиштүү. Ак — Муз айылынын тургундары Босого жайлоосуна жаздоо жана күздөө үчүн мал жандыктары менен чыгып жайлап келишет.

Жайлоо Ак — Муз айылынан 20 км алыстыкта жайгаштыктан, эс алуу үчүн каттаган эс алуучулар өтө көп.

экологиялык пост

Жайлоого бараткан жолго атайын экологиялык пост коюлган. Себеби мындан нары кеткен жолдо Кытай чек арасы менен чектешет. Дем алууга келген адамдардын өздүк паспорттору жана балдардын метиркасы текшерилгенден кийин, канча убакытка келгендери, авто унаанын документтери каттоо журналына жазылып, анан өткөзүлөт.

туристтер үчүн боз үйлөр бар

Акыркы жылдары туристтерди тосуп, бизнес кылуу дагы колго алынган. Кымыз ичип эс алам дегендер жайлоодогу жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү жолу менен келип эс алып кетишет. 1 күнгө боз үй, идиш, отун суусу менен 1000 сомдон — 1500 сомго чейин.

Жайлоодо көз жоосун алган гүлдөр өтө көп

Жаз мезгили менен ышкын жегиңиз келсе ушул жайлоого келиңиз

Ышкындын үзүп жегенге жараган кези

Ышкындын гүлдөгөн кези. Жегенге жарабайт. ортосу катып,көңдөй

Бул жайлоонун кооздугунан клипмейкейлер келип ырларга клип тартып кетишет. Алардын бири Ишен Назаровдун аткаруусундагы «Апакем» ыры. Ырдын автору: Баян Акматов, обону: Кубаныч Алиевдики.

клиптен кесилип алынды

азыркы көрүнүшү

Бул бузулган тамдын тарыхы өзүнчө баян. Себеби  жергиликтүү тургундар «Татар кемпир тамы» деп аташат. Жайлоону малдан, отунчулардан коруган корукчу татар улутундагы апа жашаган экен.

Жайлоодон четин ашын, тоо карагатын, ит мурун ашын кезиктирүүгө болот. Карагайлар жык толгон токойдо арчанын түрлөрү да бар.

Дары чөптөрдөн алтын тамыр, ак кодол жана башкалар.

Мөңгүдөн түшкөн шар суусуна келип балык кармагандарда кездешет

Бул жайлоону көрүп эс алууну каалагандар жай чилдесинде келишет. Себеби тоолуу келгендиктен жайдын аптабында абасы салкын.

Айзат Түмөнбаева