“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта да айыл өкмөт башчысы шайланат

13 Июнь 2021 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны: 58

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жана район боюнча жалпы 15 айылдык аймакта шайлоо 17 — июнга чейин аяктайт.

Аталган айыл аймакта шайлоо 14 — июнда өткөрүлөт. Бүгүнкү күнгө 7 айыл өкмөттүн шайлоосу ийгиликтүү өтүп, коюлган талапкерлерден айыл өкмөтү болуп шайланышты. Акыркы шайлоолор 17 – июнь менен аяктайт. Миң – Булак жана Чет – Нура айыл өкмөтү менен. Айыл өкмөт болуш үчүн айыл аймагынын тургуну болуп, сот жообуна тартылбаш керек жана кыргыз тил комиссиясынан ортодон жогорку балл алып, аны тастыктаган сертификаты, өмүр баян, резюме жана өздүк делосу менен биргеликте мамлекеттик муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иштеген иш тажрыйбасы болуш керек.

15 айыл өкмөткө кондидаттар документтерди толук тапшырып, текшерилип каралып туура келгендер документтери кабыл алынынып катталган. Бул талаптар менен талапкерлер 9 — июнь менен документтерин тапшырып бүтүшкөн» — деп билдири Нарын районунун аймактык шайлоо комиссиясы Абазбек Исмаилов.

Ал эми Учкун айыл өкмөттүгүнө 3 талапкер талапкерлерлигин койду. Темирбек Мадылканов, Жумабек Осмоналиев, Абай Калдарбек уулу.

 

Айзат Түмөнбаева