“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Вакцинация тууралуу жалган маалымат көп таралууда

17 Июнь 2021 жыл 23:17
Көрүүлөрдүн саны: 85

Нарын районуна караштуу Куланак айылында Ковид — 19 каршы эмдөө жүрдү. Эмдөөгө эл каалоосу менен келип жатса да ар кандай пикирлерди жаратып жатышты.

Май айынын ортосу менен Куланак №1 үй- бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүндө Ковид — 19 га каршы эмдөө жүрдү. Бирок ар кандай соц медиалардан келген маалыматтар вакцина алууда айыл тургундарына ар кандай пикирлерди жаратып жатты.

Май айында кытай өндүрүшүнөн чыккан “Синофарм” вакцинасы менен 51 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинде медициналык кызматкерлерда эмделди. Элдерде ишенбөөчүлүк мамиле кылышты. Сайдыралы деп келип алышып “өзүңөр сайдырдыңар беле, силерге магнит чаптап көрбөйлүбү” дегендер болушту же болбосо сайдырып алышып, өзүбүздүн колубузга магнит чаптап көрөлү дегендер да болду. Өздөрү жакшы турса деле коркуу сезими болуп “мен кичине чүчкүрүп калдым эле, коётурайынчы” – деп кетип калгандарда болуп жатты. Эми экинчи эмдөөнү 11-июндан баштап ала башташат. Экөөнүн аралыгы 21 күн — дейт эмдөө мед айымы Гүлгаакы Акмолдоева.

Ал эми Куланак айылынын тургуну Турарбүбү Мырзабаева төмөндөгүлөргө токтолду:

«Мен өзүм сахар менен ооруйм. Россиянын “Спутник” вакцинасын алдым. Алыш керек. Анын эч кандай тескери таасири жок экен.  Жалган маалыматтар элдин эле душманы болуш керек. Бала кезден эле эмдөөнү алып эле жүрбөйбүзбү. Эмдөө деген ооруну алдын алуу, иммунитетти пайда кылыш үчүн берет да. Ага ишенген жокмун. Эл ичинде ар кандай сөз боло берет экен».

Ошол эле учурда эмдөөгө баргандан коркуп жаткан айыл тургундарында кепке тарттык.

Гүлзар Момуналиева

“Мен Гүлзар Момуналиева. Ковидке карата эмдөө алгандан коркуп жатам. Биринчи доктурлар сайдырсын. Өздөрүн байкайбыз.Мисалы мен кытай дарысына ишенген жокмун. Айылга россия дарысы келсе сайдырмакмын”.

Вакцина тууралуу фейк маалыматтар көп тарады
Айзат Түмөнбаева