“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Пандемияда хоббим үй — бүлөлүк каржы булагы болду

23 Июнь 2021 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 131

Пандемия башталганы ар бир жаранга  ар кандай таасирин тийгизди. Бул каарман хобби катары сүйүп жасаган жумушу жумушсуз калган мезгилде үй — бүлөлүк каржыга салымы чоң болду.

Бала кезинен сайма сайганды үйрөнгөн Алтынай мектепте окуп жүргөн күндөн баштап бул хоббисин таштабай келет.

Иш үстүндө

«Негизи сайма сайган башта рахат тартылоочу. Бүгүнкү күндө кадимкидей үй — бүлө каржылыгына салымы абдан чоң. Жолдошумдун жумушу да пандемияга байланыштуу туруктуу эмес болуп жатат. Ал эми менин кардарларым туруктуу. Себеби студент кезден баштап эле атайын кийизге сайма түшүрүп, үй тапичкелерин тигип келем. Менин кардарларым менин тааныш адамдарым, жоро жолдоштор, тууган уруктар. Негизи табигый кийизден жасалгандыктан бир жолу алып кийгенден кийин, ал кардар кайра эле мага буйрутма берет.

сайма сайю сынагында

Алгач өзү үчүн алган болсо кийинкилерин үй — бүлө мүчөлөрүнө алышат. Кардарларым өзүм тааныган жакындар болгондуктан сапаттуу жасаганга аракет кылам. Мен кийиздерди жайында апамдын күчү менен даярдап алам. Анан кыштата бычып, саймасын сайып даярдап коём.

үй тапичкелери

Алгач өтпөй калат деп коркуп буйрутма түшкөндө эле жасай калчумун. Азыр антип коркпойм. Акыркы жылдары өзүмдүн инстограмм баракчама салып койсом, кызыгып сурагандар болуп, буйрутма берип алып калышат».

Алтынай Тойгонбаева Бишкек шаарында бала бакчалардын биринде эмгектенип келген. Учурда бала бакча менчик болгондуктан, пандемияга байланыштуу былтыркы жылы март айында эле жабылып калган.

 

 Дайткайым Орозакунова