“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элеттик балдар эс алуу менен окууну айкалыштырууда

25 Июнь 2021 жыл 1:21
Көрүүлөрдүн саны: 243

Нарын районуна караштуу  Куланак айылынын айыл өкмөт кеңсесинде жумасына 6 сааттык англис тилинен курс ачылган. Курсту жетектеп окутуп жаткан 10- класстын окуучусу Томирис Сүйүнбекова.

Аталган айылдын жаш англис тил мугалими Томирис Сүйүнбекова Бишкекте орус классында окуйт. Өзү англис тилинде эркин сүйлөгөндүктөн жайкы эс алуусун пайдалуу өткөрүү максатта айылга ата- энесинин жанына келип, айыл өкмөттүн  кеңсесине өзү курактуу курдаштарына сабак өтүп жаткан мезгили.

Томирис Сүйүнбекова

Томирис өзү маек куруудан баш тартып,  апасы Рахат Калбаева кызы жөнүндө маек курду:

«Өзү англис тилинде эркин сүйлөйт. Ушул жылы 16 жаштан 25 жашка чейинкилер Кыргызстан боюнча англис тилинде дилбаян жазуу сынагына катышып, ошонун ичинен 10 бала Түштүк Кореяга лагерге бекер барып келгенге жолдомо алышкан. Алардын бири биздин кызыбыз. Анан өзүнүн алган билимин айылдагы окуучуларга тең бөлүп окуткусу келгенин айтканда биз колдоп бердик. Англис  китебинин  өзүнүн баасы  2500 сом турат. Балдарга түстүү кылып 300 сомдон чыгарып берип,  3 баланы китеби да окуусу да бекер окутуп жатат.

2 — тайпа. Сабак учуру

Калоочулар абдан көп бирок 25 эле окуучу алды. Бүгүн болсо кеч келди «Окуучулар 2 саатка узартып өтчү деп коё бербей жатышты» — деп.  Анан айыл өкмөт Темирбек Мадылкановго да терең ыраазычылык билдиребиз үй- бүлөбүздүн,  ата — энелердин атынан балдар билим алып окуусуна шарт түзүп, айыл өкмөттүн  кеңсесинен 1 кабинетти бөлүп бергендиги үчүн» — деди апасы.

Ташырма аткаруу бөлүгү

Ал эми күнүгө кызын окууга жөнөтүп жаткан айылдын тургуну Салтанат Курманалиева төмөндөгүлөргө токтолду:

Салтанат Курманалиева

«Кызым Айдана Капарова англис тил курсун окуп жатат. Көп нерселерди үйрөнүп калды. Айылга курстар ачылса жакшы болот экен. Каникулда эки жакка барып эс алгандын ордуна билим алып, өзүнүн билимин жогорулатканга абдан жакшы шарт болуп жатат. Жеке эле англис тил эмес орус тил деле башка курстар деле ачылса балдар үчүн жакшы болгудай. Биз айылдан атайын курс окутуу үчүн шаарга алып барып шарт түзүп бере албай жатпайбызбы.

Мында үйдөн, өзүбүздүн жаныбызда жүрүп билим алып жатышпайбы. Кызым болсо өзүнүн каалоосу менен окуйм деп барып жазылып келип алып окуп жатат. Шаарга окууга барганда мага жеңил болот деп. Кийинки жылы ачылса башка балдарымды да кошуп окутканга аракет кылмакмын»,-деди Салтанат Курманалиева.

Жаш жеткинчектерди 2 тайпага жаш курагына карап бөлүп алып окутууда. Чоң тайпада эң кичине Ырыскелди аттуу окуучу бар экен. Бул чоң тайпага кошулуп калуу себебин Томирис мындайча түшүндүрдү. «Өзүнүн жаш курагындагы балдарга кошсом буга кызыксыз болуп калмак. Себеби өтө билимдүү жана тырышчаак бала»,-деди.

Маек куруу үчүн күтүп турган учурда, окууга келген окуучулар кадимкидей жоопкерчилик менен белгиленген убакытка кечикпей келип окушканы жана мугалимин биз менен эле тең деп тоготпой койбостон билим алуу үчүн эс алуу убактыларында окуп жатканы байкалып турду.

 

Айзат Түмөнбаева