“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элетте балдардын эс алуусу

25 Июнь 2021 жыл 0:03
Көрүүлөрдүн саны: 76

Окуучулар үчүн берилген 3 айлык эс алууну ар ким ар кандай өткөрөт. Шаардан атайын айылга келгендер болсо кээ бири айылдан шаарга бир туугандарына барып өткөрүүнү каалашат.

Нарын шаарынын тургуну 15 жашар Алишер каникулду көбүн эсе таятасыныкына барып өткөргөндү жакшы көрөт. Себеби шаарда убакыт өткөрүү үчүн телефон менен гана байланып калат.

«Айылга келгенде болсо шаарда жасабаган иштерди таята таенеме  жардамдашканча көп нерсе үйрөнүп алам. Абасы таза, тынч. Ошонусу да мага абдан жагат», — дейт. Алишердин 1 күндүк өткөргөн күнү менен видеодон таанышыңыз:

Таң эрте туруп уй кошуу жана кечинде уйду бададан алып келүү Алишердин таенеси үчүн чоң жардам

Ал эми кээ бирлери үйдө ата — энеси, чоң ата, чоң энесинин жанында өткөрүп жатышат. Куланак айылынын кичинекей тургуну Сабиранын чоң атасы Тынайбек Ажекбаров небереси үчүн атайын бакчага ойноо үчүн беседка салып берген.

Сабирага коңшу кыздары келип чогуу ойношот

Беседканын тегерегине атайын чырмоок гүлдөр отургузулган. Ал гүлдөр атайын тартылган жипке оролуп, жайдын аптап ысыгында кыздар үчүн көлөкө болуп берет.

Сабира Тынайбекова

Сабиранын өзүнөн улуу Актан байкеси жана Алина эжеси бар. Алар Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары.

Актан Тынайбеков 8-класстын окуучсу

Балдардын апасы Кундуз Салымбекова мектепте окуган балдарынын телефонун жайкы эс алуу баштаганда эле алып койгон. Буга себеп балдарынын онлайн окууу мезгилинде телефон көп кармаганында.

Алина Тынайбекова

«Сабактары кадимкидей мектепте өтүп жатса деле телефон кармагандары көп болуп калыптыр. Анткени онлайн окуу деп жатышып, телефонго көнө түшүшүптүр. Анан үйдөгү чоңдор болуп кеңешип туруп, балдар эс алууга чыгары менен телефондорун алып коёрубузду эскертип жүрүп анан алып койдук. Башта көнбөй меникин сурай калып жатышты. Анда алып койгонубуз кайсы десек сурабай деле калышты. Учурда көбүн эсе ачык асманда ойноп жатышат. Күн өтө ысып кетсе үйгө кирип сурөт тартып, пластилин менен ойношот. Китеп окушат».

 

Даткайым Орозакунова, Айзат Түмөнбаева