“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Мал уурулуктун кантип алдын алса болот?

15 Июль 2021 жыл 19:25
Көрүүлөрдүн саны: 65

Нарын облусунда акыркы эки жылда мал уурулук күч алды. Облустук ички иштер башкармалыгына мал уурулук боюнча жыл башынан бери 129 арыз келип түшкөн.

Мал киндиктүү Нарын жергесинде калктын 90%ы мал чарбачылыгы менен жан багышат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы 1 миллиондон ашык кой-эчки каттоого алынган. Алардын 187 миңден ашыгы ири мүйүздүү мал болсо, жылкынын саны 137 миңге жакын. Бул көрсөткүч каттоого алынган малдын гана саны. Ал эми каттоого алынбаган малдын саны миңдеп саналат.

Жайлоодогу мал короо

Малын тоодогу чабандардын бирөөсүнө бактыртып, өзү айыл жергесинде малга кышкыга тоют камдап жаткан тургундар менен телефон аркылуу байланышып, маектешүүгѳ көндүрдүк. Алардын бири Амантур Баймырзаев.

Нарын районунун Учкун айылынын тургуну Амантур Баймырзаев көп жылдан бери айылда мал багып сатып, үй-бүлөсүн камсыздап келет. Ал эки жыл  катары менен бодо мал жоготуп, 200 миң сомдон ашык чыгымга учураган.

«Айыл жергесинде жашагандан кийин мал кармап, сатып ошонун акчасы менен эле жан багабыз. Мен 2019-жылы жайында уй жоготтум, кайра ошол күзүндө эле мал жайлоодон түшкөндө чоң бээ жоготтум. 2020-жылдын башында дагы бир чоң бээ жана эки тай жоготтум. Ошол жылдары чоң бээлердин баасы 50 миң сомдон, ал эми уйлар 40 000 сомдон бааланып жаткан. Баш-аягы, менин эсебим боюнча, 200 миңден ашык сомго чыгымга учурадым. Аларды жоготкон убакта табылып калар деген үмүттө бир ай издедим, андан кийин милицияга арыз жаздым. Бирок, андан деле эч кандай майнап чыккан жок», — деп айтып берди Баймырзаев.

Амантур Баймырзаев  малын иденфикациядан өткөрүп, кулактарына эн (бирка) бастыртып, малын бир айда бир жолу тоого барып көзөмөлдөп толуктап турган. Бирок, жоголгон малынын тарпы да табылган эмес.

«Мен малды толуктап коёюн деп бир ай өткөндөн кийин тоого бардым. Барсам эле эки тайым жок болуп чыкты. Негизи, бат-баттан барып карап туруш керек эле. Ошол жоголгон малдын бирөөсүнүн дагы сөөгү табылган жок. Эми мал уурулуктун алдын алуу үчүн дагы кандай ыкма колдонушту да билбей турам», — деп үшкүрүнө сөзүн жыйынтыктады каарманыбыз.

Жылкыны уурулардан коргоонун бир жолу кулунду желеге илүү

«Малдарын толук каттоодон өткөрүп коюшса, мал уурлук азаймак»

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын Нарын облустук секторунун башчысы Калыбек Мүсүралиевдин айтымында катоого кирбей калган мал жоголуп кетсе табуу кыйынга турат. Ошондой эле андай малда ар кандай ылаң пайда болот  дейт.

Калыбек Мүсүралиев

«Жыл сайын Нарын облусунда малдын так санын аныктоо үчүн каттоо комиссиясы түзүлүп, мал каттоо башталат. Анан малдын саны так аныкталгандан кийин биз статистика комитетине маалымат беребиз. Ошого жараша малга дары-дармек бөлүнүп келет. Ал каттоого алынган малдарга гана келет. Жазында ар кандай оорулардын алдын алуу максатында малга ийне сайып, анан тоого жиберилет. Жылда малды идентификациядан өткөрөбүз. Бул биринчиден, мал уурулуктун алдын алуу үчүн жакшы. Экинчиден, ар кандай оорулардын алдын алат. Себеби идентификациядан өткөргөндө чип басып, уйлардын кулактарына номери бар бирка басылат, андан сырткары ийне сайылат», — деди ал.

Анткени менен Нарында айыл жергесинде жашаган тургундар малын толук каттоодон өткөрбөй коюшат. Себеби, мал башына төлөнүүчү салыктан качышат. Мүсүралиевдин айтымында, мал каттоо комиссиясы мал ээсинин короосуна кирип малдын башын санаганга мыйзам жол бербейт.

«Менин оюмча, мыйзамды туура эмес кылып жазып коюшкан. Себеби каттоо комиссиясы барып өздөрү эле малды санаса, ошондо малдын так саны дагы чыгат, оорулар дагы азайят жана мамлекетке дагы пайда түшмөк. Мал уурулук дагы бир аз болсо азаймак. Бирок бир жери бар, каттоодон өтпөгөн малды тирүүлөй башка региондорго сата алышпайт. Себеби ага справка алыш керек болот, мал базарга алып чыкканда дагы номерлери барбы, текшерүүдөн өтөт. Эгерде уурдап кетсе, анда союп эле акчага таратып жиберишпесе», — деп белгиледи Мүсүралиев.

«Элибиздин кайдыгерлиги биздин ишти оорлотот»

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков мал жоготкондор бир топ убакыт өткөндөн кийин кайрылышса, жоголгон малды табуу кыйын болуп каларын билдирди.

«Чындыгында акыркы эки жылда Нарын облусунда мал уурулук көп катталган. Быйылкы жылы мал уурулук деп 129 арыз-даттануу болгон. Бирок мындай болгону менен териштире келгенде 38 фактысы «уурулук» деп катталганы менен мал жоготуу болгон. Аларды талаадан биздин кызматкерлер барып таап беришти. Биз анализ кылганда, 2021-жылы үч күндүн ичинде мал уурдаттым деп милицияга 47 жаран кайрылган. Ал эми «он күндөн нары болду, малымды таппай жатам» деп 34 жаран, бир ай өткөндөн кийин карап таппай, анан арыз менен 32 жаран кайрылган. Бир жыл карабай, анан бизге келип 23 жаран арыз жазып кайрылган. Беш айдын эле ичинде ушунча арыз түшкөн», — дейт Жумабеков.

Алмазбек Жумабеков

Ошондой эле, ал мал уурулуктун алдын алуу үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Жумабеков мүмкүнчулүктөн пайдаланып тургундарга мал уурулуктан сактанууга чакырды. Ал малчы жалдап иштетүүдөн мурун чабанды каяктан алып келгендиги тууралуу милицияга кабар берип коюуну кошумчалады.

Анын айтымында көпчүлүк учурда чабандар өздөрү мал уурдап кеткен учурлар катталган. Ошол себептен чабандарды жалдап мал бактырардан мурун милицияга ал жөнүндө кабар берип коюшу керек. Бирок, тилекке каршы, Нарында милицияга алдын ала кабар бергендер жок дейт ал.

«Мал уурулуктун алдын алуу үчүн бир нече ыкманы колдонсо болот»

Мал чарбачылыгы боюнча адис Нурсултан Исраиловдун айтымында мал уурулуктун алдын алуу үчүн алгач малдын санын так аныктап алуу керек. Ал үчүн мыйзамга өзгөртү киргизүү керек дейт.

«Негизи уурулук көбүнчө мал жайлоодон түшкөндө: күзүндө, анан кышында катталат. Мал уурулуктун алдын алуу үчүн бир нече жолдору бар. Биринчиден, электрондук GPS-чип чыккан. Муну Казакстанда көп колдонушат. Малга тагып коюп, картадан карап үйдө жата берсе болот. Экинчиси, кадимки эле журналисттер колдонуп жаткан дрон менен мал кайтарса болот. Ал үч километрге чейин тартат. Үчүнчүсү, «Спутник» — бул электрондук чиптин эле башкача түрү. Бирок бул бир аз татаалыраак, ал үчүн Нарынга спутнигин орнотуш керек. Бул кымбат турат», — дейт ал.

Исраилов малчыларга эң оңой жана баасы дагы арзан электрондук GPS-чипти жана дрон пайдаланууну сунуштады.

Биз макаланы даярдап жатып, каарманыбыз сунуштаган бул ыкманы Кыргызстанда колдонгондор бар бекен деп издеп көрдүк.

Казакстандан электрондук GPS-чипти алып келип колдонуп жаткан Нарын шаарынын тургуну Абил Идинов менен маектештик. Ал журналисттерге курган маегинде, бул чипти алууда көп деле каражат кетпегенин билдирди.

Идинов электрондук GPS-чипти Казакстандан буйрутма менен алдырып келген. Ал буга чейин «Спутник» GPS-чипти жылкыларына колдонгон. Бирок ал Нарын жергесинде жакшы иштебегендиктен, электрондук GPS-чипти колдонууну туура көргөн.

«Мурунку мен колдонгон «Спутник» GPS-чиптин  кубаттуулугу бат эле түгөнүп калат экен. Анан кийин электрондук GPS-чип алып келдим. Бул жакшы экен. «Жорго» таксиде колдонуп жаткан картаны плей маркеттен телефонго көчүрүп алабыз, ошол карта менен мал каякта жүргөнүн көргөзүп турат. Муну зарядкага сайып эле толтуруп коёбуз, алты айга чейин жетет. Бирок мен азырынча жылкылардын үйүр бачысына айгырга тагуу үчүн бирди эле алып келдим. Мындай чип Кыргызстанда деле сатылат, бирок сапаты начар. Бир да сатуучу жакшы деп кепилдик бере алган жок. Ошондуктан коңшу өлкөдөн алдырттым. Баасы Кыргызстанда 6 миң сом, ал эми Казакстанда 8-9 миң сом турат.  Муну жылкынын мойнуна эле тагып коём. Башка малчыларга дагы ушуну сунуштайм», — деди Идинов.

Өлкөнүн баардык аймактарында эл мал чарбачылыгы менен алектенишет. Мал уурулуктун алдын алуу үчүн сунушталган ыкмаларды өлкөнүн баардык аймактарына жайылтып, уурлуктун алдын алса болот.

Кыргызстанда кой -эчкилердин саны алты миллиондон ашуун, жылкылардын саны жарым миллион, ал эми ири мүйүздү малдын саны бир жарым миллиондон ашса, уйлардын саны бир миллионго жакын.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн

Дилде Шатанова