“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Июль айында ковид менен ооругандар катталды

19 Июль 2021 жыл 1:25
Көрүүлөрдүн саны: 58

Нарын районуна караштуу Куланак айылында ковид жана пневмония менен кайрылгандар каттала баштады.

Куланак айылынын үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мед айымы Гүлзамира Чүкүшова төмөндөгүлөргө токтолду:

«Чындыгында Куланак айылында ковид оорусу катталып баштады. Көбүнчө ооруп катталгандар Бишкек шаарына барып, же болбосо көлгө барып келгендер контакт болуп келип инкубационный период ичинде ооруп калып жатышат. Бизде абал болсо туруктуу.

Катталгандан 3 пневмония, 3 ковид. Эл саламаттыгы боюнча көрүнүп келип жатышат. ПЦР анализ кымбат болгондуктан, элдин чөнтөгү жука. Бара албай жатышат. Биз болсо симптоматикалык көзүбүз көргөн боюнча эле тамак оорудан башталып жатат. Тамактары кызарып, бизде ларингит деп коёбуз. Симптомдору ошого окшош болгондуктан, биз ошого жараша эле симптоматический лечение берип эле бейтаптарыбыздын абалдары жакшы абалда. Келген бейтаптарга ковид деп койбогондуктан (ПЦР анализ тапшырбагандыктан) тамак оорунун диагнозу менен эле дарылап жатабыз.

Карыган адамдарыбыз эле кызыл зонага түшүп калганы гана болбосо калганы жакшы. Өзүбүздүн күндүзгү стационарда 5 койка коюлган. Бирок тынымсыз иштеген 3 койка менен эле иш алып барып жатабыз. Биринчи Нарынга барып, рентгенге түшүп келишип врачтын көрсөтмөсү менен капельница дарыларын алып жатышат».

 

Айзат Түмөнбаева