“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Учкун айыл аймагынын башчысы кайрылуу жасады

19 Июль 2021 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 318

Республика боюнча эмдөө иштери  жүрүп жаткан учурда социалдык медиалардан аркандай маалыматтар таркатылып жаткан мезгил. Элге маалыматты туура жеткизүү үчүн Учкун айыл аймагынын башчысы элге социалдык медиалардан кайрылуу жасады.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Эркин Өмүрзаков фейсбуктагы «Учкун айыл өкмөтү» баракчасына жана айылдын вотсап группаларын төмөндөгүдөй кайрылуусун жарыялады:

Учкун айыл аймагынын башчысы Эркин Өмүрзаков                                                                                                                                                     Дендин сагы, пейилдин агы жакшы Денибиз сак, пейлибиз ак болсун. Куланак айылдык ҮДТ на келип бекер вакцина алып кетиниздер!!! Кайдыгер карабайлы, мамлекетибиз ар бир жаран үчүн кам көрүп атат, жалган маалыматтарга ишенбегиле!!! Covid-19 га каршы жалпы күрөшөлү, күч бирдикте!!! Ынтымакта, биримдикте болсок баарын женебиз!                                                                                                                                            Урматтуу Куланак айылынын тургундары, айыл өкмөттүн кызматкерлери Куланак айылынын ҮДТдагы мед айымдары менен биргеликте, үймө — үй кыдырып бекер вакцина сайып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атышат! Жалпы элдин амандыгы баарыбыз үчүн маанилүү!!!                                                                                             

 

Үйлөрдү кыдыруу учуру

18 — июль күнү айыл тургундарын үймө- үй кыдыруу учурунда жалпы: 68 түтүн үйгө ҮДТ жана айыл өкмөт кызматкерлери барышып, 130 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 17 кытай өндүрүшүнөн чыккан «Синофарм» вакцинасы сайылды деп билдирди ҮДТ — тобунун мед кызматкери Назира Абдраева.
Кыдыруу учурунда ар кандай туура эмес маалыматтар таркагандыктан ар ким ар кандай кабыл алып жатканын баса белгилеп кетти.

«Биз үймө үй кыдырып эмдетүү  боюнча жалпы маалымат берип, кан басымдарын ченеп  жаттык. Ар ким ар кандай кабыл алды. Биз жана айыл өкмөт кызматкерлери дем алышсыз иш алып барып жаткан учурубуз. Эртеңки күнү да кезек кезеги менен кыдырабыз».                                                                                                 
Ошол эле учурда социалдык медиалардан тынымсыз келип жаткан вакцина албагыла деген маалыматтарга пикир айтып, эмдөөдөн өткөндүктөрүн айткан  айыл тургундары да жок эмес.

Алардын бири Турарбүбү Мырзабаева:»Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Мен эмдөөдөн өттүм. Абалым жакшы. Баарыңыздарды эмдөөгө чакырам».

 

Айзат Түмөнбаева