“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын: Таштандыдан кантип киреше тапса болот?

30 Июль 2021 жыл 12:38
Көрүүлөрдүн саны: 89

Нарын шаарынан эки чакырымдай алыс жерде жайгашкан Карга жайлоосундагы таштанды төгүлчү жайдан малдын өлүгүнөн баштап металлды да, желимди да, айтор баарын тапса болот. Таштанды төгүлчү жердин аянты барган сайын кеңейип эле баратат. Карга жайлоосуна Нарын шаарынын тургундары эле эмес шаарга жакын жердеги айыл жашоочулары дагы таштандыларын төгүшөт.

Нарын шаарында 41 миңге жакын калк жашайт. Шаардан күнүнө тонналаган таштанды чыгат.

Карга жайлоосу 41 жылдан бери таштанды төгүүчү жай катары колдонулуп келет. Аталган жер 2019-жылга чейин Нарын шаарына караса, кийинчерээк ал жерлер бөлүштүрүлгөндө Эмгекчил айылына тиешелүү болуп калган. «Таза Нарын» ишканасы учурда ал жерди Эмгекчил айылынан 5 жылга ижарага алган. Ижара акысына жылына 70 миңден ашsк сом айылдын бюджетине которот.

 

Атын атагысы келбеген каарманыбыз таштанды полигонуна жакын жерде жашап, эки жылдан бери ошол жерде эмгектенет.

«Мен коробка менен желим бөтөлкө чогултам. Аны Бишкекке алып барып сатчу ортомчу ишкерлерге өткөрөм. Негизи, таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылса, ошол жерге өткөрсөк, бизге жакшы болмок. Чогултканыбызды ишканага кымбатыраак өткөрмөкпүз. Себеби, ортомчу ишкерлер өтө арзан алышат. Жайкысын бул жер аябай сасык болот. Себеби тамак-аш калдыктарынан баштап, малдын терисине чейин келет. Бул деле ден соолугубузга зыян», — дейт каарманыбыз.

Баасы чыкпаган мал териси

Жергиликтүү бийлик таштанды иштетүүчү ишкана ачууну үчүн долбоор жазууну пландоодо

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков учурда таштандыны кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн инвестор издеп жатканын билдирди.

Самарбек Болотбеков

«Азыр биз таштандыны кайра иштетүү үчүн эл аралык уюмдарга долбоор жазалы деп турабыз. Эгерде жеке ишкерлер таштандыны кайра иштетүүчү завод ачам деп келсе, бардык мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз. Бул маселени тез арада чечпесек, Карга жайлоосундагы таштандынын көлөмү көбөйүп баратат», — деди ал.

Нарын мамлекеттик университетинин ректору Эрмек Байбагышов таштандыны иргеп ыргытуу боюнча долбоор даярдап, мэрияга сунуш бергенин айтты.

Эрмек Байбагышов

«Мэрия берген сунушту колдоп, азыр таштанды салган үч урнаны “Арал” участогуна коюп, кулактандыруу жаздык. Бир урна жашыл түстѳ, ага тамак-аш калдыктары салынат. Ал эми кызыл урнага кагаз, көк урнага желим буюмдар салынат. Муну элдин аң-сезимин өзгөртөлү деген максатта жасап жатабыз. Элди акырындан көндүрүү керек. Таштандыны иштетүүчү ишкана жок болсо деле ушундай кылабыз. Балким, бизди башкалар көрүп, ушундай ыкмага өтөт деген ойдо жасайбыз. Мисалы, биз үй-бүлөбүз менен таштандыларды иргеп ыргытабыз. Таштанды чыгарбаш үчүн айрым желим буюмдарды колдонбойбуз. Желим баштыктын ордуна кездемеден жасалган баштык колдонобуз», — дейт Байбагышов.

Эгер бул долбоор жакшы жыйынтык көрсөтсө, урналар көбөйтүлөрүн билдирип, тургундарды желим баштык жана пластикти көп колдонбоого чакырды. Мындан сырткары, ал Италия мамлекетин мисал келдирди.

«Италияда пластик буюмдарды колдонгонго 7 жылдан бери тыюу салынган. Азар ал өлкө кандай таза. Биз деле ошондой боло алабыз. Болгону тазалыкты ар бир адам өзүнөн башташы керек», — дейт ал.

«Бийлик тараптан колдоо болсо, ишкана ачам»

Ак-Талаа районунун тургуну Сарыгул Кубанычбек уулу 6 жыл Орусияда мигрант болуп иштеп жүрүп, Кыргызстанга 6 ай мурун эле келген. Ал өзүнүн туулуп-өскөн жерине келери менен кийим тигүүчү цех ачкан. Учурда Сарыгул айылдаштарына жумуш орундарын түзүп берип, өндүрүштөн чыккан кыркынды таштандыны цементке чылап, кадимки гүл челектердин түрүн жасайт.

Сарыгул Кубанычбек уулу

«Гүл челекти жасаштын эч кандай оорчулугу жок, болгону цехтен чыккан калдыктарды цементке чылап, сыртын кооздоп, кургатып коём. Тигүү цехин ачканда ошондой калдыктар чыкканда “Муну таштандыга ыргытсам, көрүнгөн жердин баары кездеме болуп жерди булгайт, ѳрттөп салсам абаны булгайт, эмне кылсам?” деп отуруп, ушундай идея келди. Азыр буйрутмаларды алып, жасап жатам. Биринчиден, муну менен экологияны сактасам, экинчиден акча таап жатам», — дейт ал.

Гүл челектер

Мындан тышкары, ал таштандыдан башка буюмдарды дагы жасоону пландап жатат. Кубанычбек уулу эгер таштандыны кайра иштеткенге бийлик тараптан колдоо болсо, ишкана ачарын билдирди.

Иш үстүндө

«Пластик таштандылардан желим бөтөлкө жана башка буюм жасаса болот. Бирок мен Ак-Талаа районунда жашагандыктан бул жактан анча көп таштанды чыкпайт экен. Азыр ошол себептен бул идеяны ишке ашыра элекмин. Эгерде башка райондордон же шаардан ушундай таштандыны кайра иштетүүгө бийлик тараптан колдоо болсо, анда мен иштешүүгө даярмын», — деди Кубанычбек уулу.

Сарыгулдун чакан цехи

«Жаңы мыйзам кабыл алуу зарыл»

Эколог Айгүл Ырсалиева көп жылдан бери таштанды маселесин дайыма конференцияларда айтып, маселенин чечүү жолун да сунуштап келет. Анын айтымында, таштандыны көп чыгарбоо үчүн жаңы мыйзам кабыл алыш керек дейт.

Айгүл Ырсалиева

«Биздин өлкөдө таштандыны кайра иштетүүчү бир дагы ишкана жок десем болот. Мисалы, шаар ичиндеги таштандылар чогултулуп барып, бир эле жерге төгүлөт. Ал жерден пластиктерин өрттөшөт. Анын түтүнү оңой менен өчпөйт. Тирүү жандын баары эле түтүн менен дем алып жатабыз. Бул рак ооруларын козгойт, дем алуу органы, тери оорулары пайда болот. Бул маселени Жогорку Кеңештин деңгээлинде чечиш керек. Пластиктерди колдонбогонго жаңы мыйзам кабыл алып, таштандыларды кайра иштетүүгө жеке ишкерлерди тартыш керек. Мен бул маселени дайыма конференцияларда айтып, сунуштап келем. Бирок кагаз түрүндө эле калып, ишке ашпай келатат», — дейт Айгүл Ырсалиева.

Ырсалиеванын айтымында, таштандыларды иргеп салганды балдарга мектептен баштап үйрөтүш керек. Атайын мектеп окуучуларына ушул маселени кантип чечсек болот деген сыяктуу конкурстарды жарыяласа, алардан дагы жакшы идеялар чыгарын кошумчалады.

Таштандыны байлыкка айланткан Швеция

Би-би-синин Кыргыз кызматы таштандыны кайра иштетип киреше тапкан Швеция мамлекетин мисал катары көрсөткөн. Швеция өз таштандысын толук иштетип, анын 4 пайызга жакынын гана жерге көмөт. Иштетүүгө такыр эле жарабайт деген таштандыны түтүн чыкпагандай күйгүзүп, андан жылуулук, электр энергиясын дагы алышат. Жөнөкөй тил менен айтканда атайын технологиянын жардамы менен таштандыны отун, көмүр катары пайдаланат.

Таштанды, акыр-чикирди бир жерге тоодой кылып үйүп алып ылгашпайт. Жети башка түстөгү баштыктарга таштандыны дароо эле үйдөн бөлүп чыгарышат. Мисалы, таштандыны кайра иштетүүдѳ тамак-аштын калдыгынанбиогаз өндүрүп, аны шаар ичинде каттаган автобустарга газ кылып пайдаланышат.
Швеция Норвегиядан таштандыны сатып алып, кайра иштетет. Ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ таштанды сырьё катары импорттолот.

2019-жылы Кыргызстанда 406 таштанды жайы бар, бирок 107сине гана уруксат берилген. Серепчилердин маалыматы боюнча, таштанды таштоочу жайлардагы жалпы масса 16,5 миллион тоннаны түзөт, бул 1 633 Эйфель мунарасы же планетадагы эң ири жаныбар болгон көк киттин 137синин салмагына барабар. Жыл өткөн сайын көлөмү улам жарым миллион тоннага көбөйүүдө.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова