“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Коомдук угуу элдин үнү

14 Август 2021 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны: 283

Нарын районуна караштуу Куланак айылында коомдук угуу болуп өттү. Чогулушка айыл эли жана мекеме жетекчилери катышып, 2022 — жылдын бюджетин туура пайдалуу үчүн сунуш пикирлерин айтышты


Куланак жана Учкун айылдарында 2022- жылдын бюджетинин долбоору жана 2021-жылдын башына калган калдык акча каражаты боюнча коомдук угуу өттү.
Коомдук бюджеттик угууну өткөрүүнүн максаты: Айыл элинин бюджеттик процесске катышуусун жана бюджетти түзүүдө элдин пикиринин эске алынышын камсыз кылуу, акча каражаттарынын бөлүштүрүлүшүнө жана колдонулушуна коомдук көзөмөлдүү күчөтүү.

Айыл элин бюджети жөнүндө маалымат менен тааныштыруу, элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу.
Жыйналышты Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү Эркин Өмүрзаков ачты.

Учкун айыл өкмөтү: Эркин Өмүрзаков

Андан кийин жергиликтүү бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрүн тааныштыруу үчүн Учкун айыл аймагынын салык адиси Саламат Жээналиев сөз алды:

2022 — жылга киреше бөлүгү

Жалпы жыйналыштын катышуучулары жарыш сөзгө чыгышып, Куланак айылдагы көйгөйлүү маселелерди айтышып, аны чечүү жолдорун да карашты.

Айыл тургуну жана А. Аралбаев мектебинин тарых мугалими: Таалайбек Нурдинов өзүнүн сөзүндө экологиядан айыл эли үчүн шагыл тартуу үчүн руксат кагаз алып берүүнү суранып өттү. Себеби жакынкы жылдар аралыгында ГЭС курулуп калса шагыл тарткан жерлер суу астында каларын баса белгилеп өттү.

Жооп катары айыл өкмөтү бул сунушту экология бөлүмүнө жеткирүү менен чечим чыгартып берүү үчүн жергиликтүү кеңешке сунуштарын айтты.

сунуш пикир калтыруу баракчасы

Жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Жумалиева бюджетти бөлүштүрүүдө казынага акча калтырып коюуну сунуштады. Себеби инвестиция тартууда жергиликтүү салым үчүн акча каражаты болуп туруш керек экенин айтып өттү.

Айыл тургуну: Алмаз Акбаев

Ички жолдор, жарыктандыруу, таза суу, аллеялар, кампа, корук маселелери ортого коюлуп, чечүүдө  элдин пикири эске алынары айтылды.

Жыйналышты аудио сюжети менен төмөндөн тааныша аласыз

https://www.youtube.com/watch?v=o2beW1zxq9w

 

Айзат Түмөнбаева