“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айдоочу да, жөө жүргүнчү да, жол эрежесин сакта

16 Август 2021 жыл 20:33
Көрүүлөрдүн саны: 59

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча 2021-жылдын акыркы алты айында эле Нарын облусунда 89 жол кырсыгы катталган. Автокырсыктан 15 адам каза болуп, дагы 128 адам ар кандай жаракат алган. Бул ѳткѳн жылга салыштырмалуу алты айда эле эң жогорку көрсөткүч деп бааланган

«Кырсыктаган күндү такыр унута албайм»

Автокырсыкка кабылган Какен Эгимбаева башынан өтүп жаткан оор сыноону айтып бериш канчалык кыйын болсо да ачык маек курганга макул болду. Эгимбаева учурда Нарын шаарында жашайт. Ал мындан эки жыл мурда Ат-Башы районунан Нарын шаарына келе жатканда жол кырсыгына кабылып, эки буту баспай калган.

Какен Эгимбаева

«Мен ден соолугум таза кезде мамлекеттик кызматта иштечүмүн. Эки жыл мурда жол кырсыгына кабылдык. Каршы тилкеден машина чыга калып, биз кырсыктадык. Ошол боюнча мен баспай калдым. Айрым айдоочулар жол эрежелерин билбей эле машине айдашат. Бирөөнү сүзүп, же кырсыкка кабылсам эмне болот деп ойлонушпайт. Адамдын убалынан коркуш керек. Мына мен ошентип ден соолугуман ажырап калдым. Үмүтүмдү үзбөй, басып кетем деген ой менен жашап келем», — деп кейиди ал.

Эгимбаева учурда Нарын шаардык мэриясы тарабынан берилген эскилиги жеткен төрт кабаттуу үйдѳгү батирлердин биринде жашайт. Мамлекет тарабынан берилген алты миң сом дары-дармегинен ашпайт.

«Бул жашап жаткан үй мага убактылуу берилген. Балам дагы кырсыктап үйдө отурат. Пенсиям эч нерсеге жетпейт. Жашоо кыйын экен», — деп көзүнө жаш алды каарманыбыз.

Бул жол кырсыгына кабылган бир эле адамдын аянычтуу окуясы. Автокырсыктан жакындарынан айрылгандар, майып болуп калгандар миңдеп саналат.

«Айдоочулук күбѳлүктү сатып алба»

Ал эми 20 жылдан ашык убакыттан бери Ат-Башыдан Нарынга такси кызматында иштеген Азамат Кадыралиев кѳп айдоочулар окубай эле айдоочулук күбөлүктү сатып алышкандыктан, жол эрежелерин билбей, кырсыкка кабылышат дейт.

Азамат Кадыралиев

«Бизде таксисттердин унаасын текшерип бере турган сервистер жок. Унаабыз бузулуп калса, өзүбүз эле оңдоп алабыз. Ар бир райондорго ачып коюшса жакшы болмок. Алыс жолго чыгарда унааны бир текшертип алмакпыз. Мен айдоочулукка окуп, үч жолу экзамен тапшырып, күбѳлүк алгам. Азыр эч ким деле окубайт, баары эле акча менен бүтүрүп алышат. Анан ошолор жол эрежелерин билишмек беле? Көп жылдык тажрыйба катары айтсам, айдоочулук күбөлүк аларда мурункудай катуу тартиптеги эрежелерди киргизишсе, жол кырсыгы азаймак», — деген пикирде ал.

«Талапка жооп бербеген автомектептер жабылат»

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Ялкун Даутов айдоочулар жол эрежесин билбегендиктен жол кырсыктарына кабылып жатканын билдирди.

«Жыл башынан бери жол кырсыгынан эле канчалаган өмүрлөр кыйылды. Биз анализдеп көрсөк, жол кырсыгына 80% айдоочулар өздөрү себепкер болушкан. Бул эмнени түшүндүрөт, бул — айдоочулардын сабатсыздыгынын белгиси, жол эрежелерин билишпегендиги. Айдоочулук күбөлүктү акчага сатып алышкан. Статистиканы карасак, кырсыкка кабылгандардын 90%ы жаш балдар же айдоочулук күбөлүктү жаңы эле алгандар», — деди ал.

Ялкун Даутов

Ошондой эле, ал айдоочуларды даярдоочу окуу жайларга талапты күчѳтүү зарылдыгын белгиледи.

«Ѳткѳн жылы Билим берүү министрлиги тарабынан айдоочуларды даярдоочу окуу жайлар текшерилгенде, өлкө боюнча 235 автомектеп аныкталган. Анын 119у лицензиялык талапка жооп бербейт деп табылган. Биз азыр лицензиялык талапка жооп бере турган 100 эле автомектепти калтырып, калганын жаптыралы деп жатабыз. Автомектептердин талаптарга жооп берерин, практикалык жактан кандай үйрөтүшөт, баарын текшерип чыгабыз. Бүгүнкү күндө жол кырсыктарын азайтуу үчүн жол чырактарын көп койдурганга аракет кылып жатабыз», — дейт Даутов.

11-августта Жумгал районунун Чаек айылында катталган жол кырсык

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.

3 — февралда Ат — Башы районунда эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Сүрөт: Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы

Мындан улам Даутов ИИМдин кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жол кырсыктары көп катталган жерлерге жол чырактар коюлуп, көзөмөлдөө иштери башталганын белгиледи.

«Ар бир адам жол эрежелерин билиши керек»

Ал эми «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова айдоочулардын маданиятын көтөрүү керектигин баса белгиледи:

Чынара Касмамбетова

«Жол кырсыктары көп болуп жаткандын башкы себеби — айдоочулардын жоопкерчилиги, тартиби, маданияты такыр жок. Муну биз көп жылдан бери айтып келатабыз. Тилекке каршы, маданият калыптанбай жатат. «Коопсуз шаар» Бишкек шаарында иштегени менен, чет жакка чыгары менен айдоочулар «эми видеокѳзѳмѳл жок, эми эрежени буза берсек болот, эми каалагандай айдай беребиз» дешет. МАИ кызматкерлери токтотсо да, “андан кутулабыз” деген аң-сезимден арыла албадык», — дейт ал.Касмамбетова жол кырсыктары боюнча расмий статистика так эместигин, майда жол кырсыктары эсепке алынбай каларын айтты.

«Ар бир кичинекей жол кырсык болсо дагы аны каттоого алып, күнөлүү тарапты жазалоо, же айып пул төлөтүү зарыл. Ошондо гана ар бир айдоочу жоопкерчиликти сезет. Бул үчүн мыйзам катуу иштеши керек. Тилекке каршы көбүнчө айдоочулар өз ара маселени чечишип алышат. Мыйзам дагы туура эмес болуп калган, өз ара маселелерин чечип алышса, анда аларга эч ким эч нерсе дей албайт. Бул мыйзамды дагы өзгөртүш керек, ал нерсени жок кылсак бир аз болсо да жол кырсыктарын азайтмак», — дейт Касмамбетова.

Бакчадагы балдардан баштап, чоң адамдарга чейин жолдо жүрүү маданиятын жайылтуу зарыл дейт «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси.

«Жѳѳ жүргүнчү жолдо кандай эрежелерди аткарышы керек, айдоочу машинени айдап баратканда эмнелерди эске алышы керек деген маданиятты баарыбыз үйрөнүшүбүз керек. Айрым учурда жол кырсыгына жөө жүргүнчү да себеп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, керек болсо мектеп жашынан баштап жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүш керек. Атпесе жол кырсыктары азайбайт», — деп сөзүн жыйынтыктады Касмамбетова.

«Коопсуз автоунаалар жана жолдор»

Дүйнѳдѳ жол коопсуздугу үчүн акылдуу автоунаалар чыгарыла баштады. 100 километр\саат ылдамдыктагы кагылышууда адам ѳмүрүн сактап калууга ылайыкталган коргоочу капсула, коргоочу кош жаздыкчалар, бышык болоттон жасалган ыңгайлуу отургучтар, натыйжалуу коопсуздук курлары менен жабдылган СМАРТ-автоунаалар чыгарылып, сыналып жатат.

Ал эми окумуштуу-конструктор Жак Фреско автоунааларга кагылышууну болтурбай турган атайын жабдыктарды орнотууну, жол белгилерине жараша ылдамдыкты кѳбѳйтѳ жана азайта турган электрондук башкарууга ѳтүү зарылдыгын сунуштаган. Жолдорго автоунаа ылдамдыгын басаңдаткыч механизмдерин орнотуу менен чектелген ылдамдыктан ашыра айдаганга тоскоолдук жаратчу ыкмаларды сунуштаган.

Кыргызстанда ѳткѳн жылы 2432 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 263 адам каза болгон. Ал эми ушул жылдын акыркы алты айында эле 3396 жол кырсыгы катталып, 329 киши каза болгон. Былтыркыга салыштырмалуу 40%га жогорулап, ѳлкѳ тарыхында болуп көрбөгөндөй чекке жеткен.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова