“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Айыл четине төгүлгөн таштанды

18 Август 2021 жыл 18:34
Көрүүлөрдүн саны: 87

Нарын районуна караштуу Куланак айылынан чыккан таштандылар айыл четиндеги бак терек чөлкөмүндөгү полигонго төгүлөт. Таштандыга жарактан чыккан буюмдар, бутулка, мал терилери, үй курулушунан чыккан таштанды жана от жагуудан чыккан күлдөр да төгүлөт. Таштандылар сорттолуп жана атайын казылган аңга жеткизип төгүлбөгөндүктөн айылдын киреберишиндеги жолду булгап айылдын киреберишин булганыч көрсөтүп келген

Аталган полигон 2012 – жылдан бери айыл элине кызмат кылып келет. Айылдын күн чыгыш тарабында жайгашып, айылдан 3 км алыстыкта жайгашкан. Ал аралыкта жаз, жай жана күз айларында атайын түрттүрү иштери жүрүп келет. Атайы тегереги жакшы тосулбагандыктан тургундар таштандыны төгүүдө атайын казылган аңга төкпөстөн оозуна төгүп кетип турушкан.

полигонду тазалоо учуру

Учкун айыл аймагынын жайыт комитетинин погрузчик техникасы менен түрттүрүү иштери жүргөндөн кийин, полигондун жанына үй куруп отурукташкан айыл тургуну: Кайрат Абдысаматов кароолчулук милдетин аткаруу үчүн милдеттеме алып көзөмөлгө ала баштады


Бул жер 2012 – жылы ачылган. Буга чейин айыл эли айылдын четтерине таштандыларын төгүп келген. Бул жер тосулган болсо иштегенге да абдан ыңгайлуу болмок. Жайкысын полигондун эшиги ар дайым ачык. Азыркы айыл өкмөт башчысы курулуш таштандыларын таштоого тыюу салып жатат.Мал түшкөндөн кийин оозун бекитебиз. Себеби жашылдандыруу иштерин жүргүзү үчүн полигондун 2 башына терек, талдардан айдап койгом. Элдерде кичине тартип жок болуп жатышат мешокторун, салафан баштыктарын аңга таштабай жатышат. Элге кайрылат элем таштанды ыргытканда атайын аңга ыргытышса, техника менен келишсе деле туура төксө болот да.

Тазалганга чейинки абалы

Ал эми бул боюнча Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү Эркин Өмүрзаков буларга токтолду:

Учкун айыл өкмөтү: Эркин Өмүрзаков

Жакында эле түрттүрүү жана тазалоо иштери болуп өттү. Полигондун жанында жашаган айыл тургуну Кайратка терең ыраазычылык билдирем. Канча жылдан бери тегерегин жашылдандыруу иштерин жүргүзуп келет. Жайыт комитетинин техникасынын күчү менен тазалоо иштери жүрдү. Эми таштанды төккөн айыл тургундары Кайраттын көзөмөлү менен таштанды тышташат. Эгер баш ийбеген айыл тургундары болсо Кайраттын арызданууга укугу бар. Кароолчулук милдетин мойнуна алып, учурда айыл үчүн бекер кызмат көрсөтүп келе жатат. Таштанды таштоочу полигон ирээттүү колдонсок дагы 3 жылга кызмат кылчу орду бар.

Тазалангандан кийинки абалы

Жалпы элдик коомдук угууда Учкун айыл өкмөтү биринчиден тазалыкты колго алуу керектигин баса белгилеп муниципалдык иш кана ачууну 1 маселеге коюп аны ишке ашыруу үчүн иш аракеттер жүрөрүн айтып өттү.
Таштанды – сырьёнун, ар кандай материалдардын жана башкалардын бөлүгү, калдыгы же баштапкы сапатын жоготкон продукция. Алар атайын бөлүнүп берилген жерлерге төгүлүп, коюлган шарттарга жооп бериши талап кылынат. Таштанды кээде сырьё катары кайрадан иштетилет же жок кылынып, көмүлөт. Таштанды айлана-чөйрөнү булгоочу заттардын негизгилеринен. Ал адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Алар энергетикадан, өнөр жайдан, айыл чарбадан, транспорттон, турак жайдан жана башкалардан түрдүү жолдор (газ, суюк, катуу абалында) менен чөйрөгө бөлүнөт да, экологиялык проблемалардын өзөгүн түзөт. Мисалы, автотранспорттон ж. б. тармактан бөлүнгөн түтүндүн жана башка заттардын кесепетинен атмосферада смог пайда болот. Ал өз кезегинде адамдын дем алуу органдарын ооруга чалдыктырып, объекттердин бузулушуна алып келет. 1980-жылы дүйнөдө эсептелген таштандылар 100 млрд тоннага жеткен. Акыркы маалыматтарга таянсак ал 300–350 млрд тонна болгон. Таштанды пайда болушу боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт: – өндүрүштүк (өнөр жай), турмуш-тиричилик калдыктары; агрегаттык абалы боюнча – катуу, суюк, газ абалындагы (түтүн ж. б.); кооптуулугу боюнча – өтө кооптуу, жогорку деңгээлде кооптуу, кооптуу, аз деңгээлде кооптуу, кооптуу эмес ж. б. Алардын ичинен көп учураганы химиялык, термиялык, механикалык ж. б. жолдор менен өндүрүштөн (табигый жана антропогендик таасирден ж. б. жол менен) пайда болгон катуу, суюк, газ абалындагы таштандылар эсептелет. Ошондой эле турак-жайдан бөлүнгөн таштандылар да маанилүү.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Айзат Түмөнбаева