“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Жалган маалымат бат тарайт экен

18 Август 2021 жыл 13:21
Көрүүлөрдүн саны: 44

Нарын районуна караштуу Куланак айылында май айынан баштап элдерди ковид — 19 каршы эмдөө иштери жүрүп келет. Бирок интернеттеги ар кандай маалыматтар элдин эмдөөсүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат

Биринчи эмдөөнү эл түшүнбөстүк кылып кыйла оорчулук жараткан бара бара түшүндүрүү иштерин колго алып, иш жүргүзүп жатабыз дагы деле ишенбөөчүлүк орун алууда, баары эмес түшүнүп үй бүлөөсү менен келип эмдөө алгандар дагы жок эмес .

https://www.youtube.com/watch?v=AnISwlR3Jh8

Эми телевизордон деле, медиктер деле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мен болсо башта вакцина алууну каалап жаткам. Алайын деп барганда бир аз ооруп жатканымдан айыкканда кел дешкен. Эми ар кандай ватсап группалардан келген маалыматтардын чындыгы барго деп вакцина алгым келбей турат — дейт аты жөнүн атагысы келбеген айыл тургуну.

Айзат Түмөнбаева