“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта бир жылдан бери дээрлик маданий иш- чаралар өткөн жок

25 Август 2021 жыл 22:19
Көрүүлөрдүн саны: 54

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Тамара Жумакаева атындагы маданият үйү пандемияга байланыштуу маданий иш- чараларды тар чөйрөдө өткөнгө аракет кылып келет.

Былтыркы жылы таптакыр эле маданий иш чаралар өткөрүлгөн жок. Былтыркы жылга караганда бирин экин иштер өткөрүлө баштады дейт маданият үйүнүн жетекчиси Аза Тилекматова. Аларды атай кетсек, Нарын телевидениесине «Кадырлуу кеч» аталыштагы теле берүүгө шайыр апалардын даярдаган концерттик программасын 2 бөлүмдөн тарттырып, телевидение жана ютуб аркылуу элге тартылуудык. Бул концерттик программаны эл астына тартылоону көптөн бери максат кылып келгенбиз. Бирок пандемияга байланыштуу онлайн форматта элге тартуулоого туура келди.

Бирок максат кылган  иштерибизди бир аздан болсо да өткөрүп жатабыз. Мисалы, айылыбызда өзүбүздүн шайыр апалардан турган командабыз бар. Апалар менен биргеликте Арпа жайлоосуна барып малчыларга концерттик программа тартуулап келдик. Концерттик программа Нарын районунун акими, айыл өкмөт башчысы баш болуп барышып катышып келишти. Жакында 31 августка карата Куланак айылында атайын концерттик иш чара өткөрүүнүн алдында турат. Иш чарага шайыр апалар, айылдын таланттуу кыз балдары келип элге шаң тартуулоонун астында турат.

 

Айзат Түмөнбаева