“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Вакцинация боюнча тегерек стол өттү

25 Август 2021 жыл 0:01
Көрүүлөрдүн саны: 39

Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде тегерек стол өттү. Тегерек столдун максаты Сovid – 19 га каршы Синофарм вакцинасы тууралуу эмнени билүү керектигин айыл тургундарына туура маалыматты жеткирүү болду.

Тегерек столго соц адис, соц мугалим, бала бакча, АДК нин жетекчилери, мүчөлөрү, мечиттин имамы, аксакалдар кеңеши, жаштар уюму, медицина кызматкерлери менен биргеликте айыл тургундары катышышты.

Тегерек столду соц адис Анара Эсенгулова ачып, үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмчи айымы Гүлзамира Чүкүшова сөз алды. Алгач учурдагы абал боюнча толук маалымат берип, Учкун айыл өкмөтүндө абал туруктуу болгону менен кооптуу абал бар экенин баса белгилеп өттү.

Гүлзамира Чүкүшова мед айым

«Эмдөө дүйнө жүзүндө болуп жаткан учур. Бизде да эмдөө жүрүп жатканы менен элдерге вакцинация тууралуу туура эмес маалыматтар эрте тарап кеткени элди эки анжы кылып жатканында. Андыктан биз медициналык кызматкерлерине караганда сиздер, эл менен чукулсуздар ар дайым вакцинациянын керектигин баса белгилеп, туура маалымат таратып берсеңиздер жакшы болот эле.

Эмдөө бала төрөлгөндөн эле баштап алып жатпайбы. Мисалы: кызылча, кызамык, кептөөр деген ооруларды алдын- алуу үчүн төрөт үйүнөн эле эмдөөлөрдү алып чыгышат. Ал эмдөөлөр менен ооруларды алдын алып келе жатабыз. Куланак ҮДТобуна синофарм (Кытай) вакцинасы келген. Башка өлкөлөрдүн вакциналарына караганда Синофарм вакцинасын алганда жеңил өткөнүн элдин көбү эле салыштырып айтып жатышат.

Мисалга алсак медициналык кызматкерлер биз биринчилерден алганбыз. Быйыл деле былтыркыдай оорулар катталып, жатканы менен быйылкы жылы биздин мед кызматкерлери ооруган жокпуз.
Синофарм Кытайда иштелип чыккан. Бул жансыздандырылган вакцина. Ал эми “спутник”, “астрозенека” бул вектордуу вакцина. Экөөндө айырма абдан чоң.
Учурда эмдөөнү жүргүзүп жатабыз. Аябай 100% эффективдүү болбосо да организмде иммунитет калтырып, ооруса да жеңил түрүндө өтөт. Пневмонияга алып келбей, өлүмгө дуушар кылбайт экен. Ийне адамдын булчуң этине 0,5 мл 2 жолудан сайылат 21 күндөн, 28 күн аралыгында экинчисин алуу керек болот.

Мамлекет бекер эмдөөгө шарт түзүп берип жаткандан кийин ооруну алдын- алууда массалык эмдөөдөн өтүү сунушталат. Кийинки жылдары эмдөө акылуу болуп калышы да мүмкүн дешет адистер. Башка өлкөлөрдө дүкөндөргө кирүү үчүн эмдөөдөн өткөн маалымат кагаздары суралып жаткандарын көрүп жатасыздар. Жогоруда айтылгандай бизге да андай талаптар коюлуп калса аткарууга туура келет».

Жалпысынан вакцинация тууралуу маалымат айтылган соң ортого суроо коюлду.

Катышуучулар

“Канткенде айыл элин массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүп алабыз” деген
Буга ар ким ой пикирин айтып жатты. Айыл тургуну Фарида: “Меним оюмча вакцинацияны акылуу кылып койсо, кой кокуй деп жанталашып барат белек. Андан көрө ПЧР тесттерди бекер кылып коюп, эмдөөнү акылуу кылса болот беле деген ойдомун”.

Учкун айыл өкмөтүнүн соц адиси Анара Балтабаева:

Анара Балтабаева

«Негизи вотсаптан келген маалыматтар такталбаган маалымат экенин элге үйрөтүшүбүз керек го. Антпесе ой телефондон айтып жатпайбы дешишип, мамлекеттик деле телеканалдарды көрбөй бара жатышат».
Талкуудан соң вакцинация алууда кимдер алыш керек жана кандай бейтаптарга чектөөлөр берилгени боюнча медициналык кызматкер Гүлзамира Чүкүшовага суроолор берилди.

«Мен биринчи вакцинамды алгам. Бирок экинчи дозасын алуучу мөөнөттөн өтүп кетти. Эми кандай кылуум керек», –деп  Учкун айылынын тургуну Кыял суроо узатты.

«Мындай абал жаралып калган учурда сиз кайра вакцинациядан өтөсүз. Ошондуктан 1 – алгандан кийинки аралыктан кийин кечиктирбей экинчисин алууңуз керек эле».

Суроо: «Бул вакцинада кандайдыр бир кооптуу нерселер барго. Себеби эмне үчүн кош бойлуу жана бала эмизкен айымдар жана 18 жашка чейин эмдөө иштери жүргүзүлгөн жок?»
Жооп: «Биринчиден өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн организми күчтүү. Алар ар дайым кыймылда болгондуктан тамактануусу жакшы болот. Демек иммунитеттери күчтүү. Алар жуктуруп алган мезгил болсо деле алар ооруган сезбей эле жеңил өткөзүшөт.

Ал эми кош бойлуу жана бала эмизген айымдарга эмдөө жүргүзүлбөгөнүн бирден бир себеби учурда төрөлгөндө эле кандайдыр дефект менен төрөлгөн балдар көп болуп жатат. Буга себеп биздин азыркы экологиялык шарттары, экономиканын да тийгизген таасири бар. Анткени кош бойлуу кезде өзүн жакшы алып тамактануу жана психикалык жактан өзүн жакшы алып жүрсө жакшынакай дени сак бала төрөлөт.

Азыр учурдагы абал баарын эле ойлотпой койгон заман эмес. Кокус жаңы төрөлгөн балада кандайдыр дефект бар болсо ал сөзсүз түрдө мен эмдөөдөн өткөм, ошондуктан бала ушундай төрөлүп калды деген арыздануудан алыс болуу үчүн кош бойлуу жана бала эмизген айымдар эмдөөгө уруксат берилген жок».

Бардык талкуу бүткөн соң Гүлзамира Чүкүшова мечиттин имамы Кенжебек Имановго «Жума намаз күндөрү намаздан кийин жок дебесе эмдөө боюнча 5 минуталык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турсаңыздар болобу»,-деп кайрылуу жасады:

Куланак айылынын имамы Кенжебек ИмановЖооп: «Ооба колдойбуз. Айтып турууга болот. Мечитке келгендер эч кандай деле тескери пикир айтыша элек. Өзүм болсо эмдөөдөн өткөм».

Тегерек столдун жыйынтыгында элге туура маалымат тандоо керектигин жана эмдөө иштери боюнча позитивдүү маалымат таратылышы керектиги баса белгиленди.

 

Айзат Түмөнбаева