Нарын облусу тоолуу болгону менен Нарын районуна караштуу Куланак айылы жемишке бай. Бышыкчылыктуу жактан келген багбан 9 жылдан бери айыл элин таңкалдырып келет.
Мен Калипа Төлөбердиевамын. Келинибиз Мавлюданы алгандан бери огороддубуздун эч жери бош эмес. Өзү Оштон болот. Жаны тынбайт жаздан баштап отоп багат.
Күздө түшүмүн жыйнашат. Кээде жакшы болот. Быйыл суудан аксап калды. Жаз кеч келгенгеби баары кеч, помидорлор эми кызара баштады. Жаздан баштап отоп, түптөп, ушинтип багат.
Эч кимибиз деле жардам бербейбиз. Күйөөсү сугатына жардам берет. Мен каяктан жардам берем карып калдым. Жаш кезде менделе айдагам. Бирок мынчалык айдаган эмесмин.
Ушул Куланакка келгени эле айдап келе жатам. Жер жемишке кызыгам. Капустанын түрүн, калемпир, помидор, баклажан, бадыраң, кабачки, пияз, сабиз, кызылча эгем.
Быйыл ушул дарбыз эксем бышты. Демек баары эле бышат экен. Пайдасы үй- бүлөлүк капчыкка абдан жакшы жардам болуп жатат. Пайдалуу болбосо экпейт элем да.
Биздин каарман Мавлюда жеңенин таңгалганы эч ким деле багбанчылыкты үйрөнөлү деп келбегенинде экен. Мунун эч кандай сыры жок сураса эккенди, бакканды көрсөтүп берүүгө дайым даяр экенин айтып өттү.
Айылга келгени көп кызыктуу жана тамашалуу нерселерге кабылганын айтып берди. Бирок сүрөткө да жакындан тартпа деп макулдугун берген жок.
Даткайым Орозакунова