“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Ата-энелер балдарды мектепке даярдоо үчүн кам көрүп жатышат

28 Август 2021 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны: 30

Окуу жылы жакындаган сайын балдарды мектепке даярдоо ар бир ата – эненин биринчи орундагы маселеси. Учурдагы кымбатчылык пандемия абалында бул көйгөйдөн кантип чыгып жатканы жөнүндө айыл тургундарынан билип көрдүк.


Куланак айылынын тургуну Гүлзар Момуналиева эженин мектепке 3 баласы, 1 баласы бакчага, 1 баласы шаарда окуйт. Окууга даярдыктар кандай жүрүп жатат деген сурообузга төмөндөгүчө жооп берди:

«Азырынча даярдана элекпиз. Пособия албайбыз. Жолдошумдун айлыгы жетиштүү деп чектелген эмес. Айлык тийгенде буюрса даярдайбыз деп жатабыз. Негизи жылыга окуунун башына баарына 30 000 сом кетет. Быйыл деле ошону болжолдоп жатабыз. Ошондо да эң керектүү дегендерин эле алып берем. Окуу куралдары, кийимдеринен. Биринин кийимин бирине кийгизем. Бул сентябрь үчүн эле. Андан кийин жыл бою эле балдарымдын биринин бут кийими жыртылат, биринин курткасы чак келбей калат дегендей. Толуктап эле олтурмай. Кээ бир кийимдерин карызка эле алып берем. Себеби айлыгы 30 000 сом эмес, чөп сатып толуктайбыз.

Окуу куралдары

«Биздин 6 балабыз бар. 1 бала бакчага, 1 балабыз даярдоо класска, 4 балабыз мектепке барат. Баарына азырынча 15 миң сом коротобуз деп турабыз. Бул акча 3 баланын бут кийими жана 5 спорттук кийими, ар бирине 10 дептер үчүн. Нарында болсо 2 эсе кымбат. Пособия эле алгандыктан жайлай жолдошум жээк чаап чөп жыйнады. Ошолорду бааласак эптеп жетет», — дейт айыл тургуну Айжан Абылова.

Куланак айылы тоо этегинде жайгашкандыктан тоодо бөрү карагат, тоо карагат, чычырканак, ит мурун жана башка тоо өсүмдүктөрү өсөт. Учурда бөрү карагатты терүү маалы болуп жаткандыктан айыл тургундары бөрү карагат көп теришет. Себеби, бөрү карагаттан айыл тургундары кышкыга кыям жана суусундук камдашат. Айылда бөрү карагат терип окуу куралдарын камдагандар четтен чыгат. Аты- жөнүн атагысы келбеген айыл тургуну чукул арада кызы менен чыгып, 15 кг терип, 1 кг 180 сомдон өткөзүп, мектептеги кызынын окуу куралын камдоо үчүн акча кармап турганын баса белгилеп кетти.

Бөрү карагат

Базарда канцелярдык товар саткан сатуучу болсо баалар туруктуу эместигин айтат.
«Ар ким капчыгына жараша соода кылышат. Ар бир товардын сапатына жараша баасы бар. Ошондуктан ошол эле 12 барактуу дептерде 3 башка баа менен сатылат. Ручка 5 сомдон башталып 30 сомго чейин бар. Август айынан баштап мектепке даярдануу үчүн кардарларыбыз коп болуп тыным албайбыз».

Учурдагы пандемия абалы, жумушсуздук жана кымбатчылык ар бир үй- бүлө үчүн сабакка даярдоодо акча каражат ар кандай жол менен топтоо менен балдарын сабакка даярдоодо.

Окуучулар салттуу окууну чыдамсыздык менен күтүүдө
Айзат Түмөнбаева