“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Окуу жылына жана кышка мекемелер дайынбы

28 Август 2021 жыл 19:01
Көрүүлөрдүн саны: 50

Нарын обласы жана Нарын районунда жайгашкан мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилердин күз, кыш мезгилине даярдыгы боюнча текшерүү комиссия менен жүргүзүүлүдө.

Кыргыз республикасынын №137 , 9 — апрель 2021 — жылдагы күз, кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча токтомун аткаруу максатында областык штаб түзүлүп, штабдын жетекчилери, мүчөлөрү  дайындалып социалдык объектилерде рейддер жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын жана энергетика министирлигине караштуу энергетика тоо- кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусу боюнча регион аралык башкармалыгынын бөлүм башчысынын милдетин аткаруучусу Адилет Курманкожоев текшерүүлөр боюнча маалымат берип өттү:

Адилет Курманкожоев комиссия мүчөлөрү менен биргеликте

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган кемчиликтер боюнча эскертме жазуулар берилип жатат. Эң негизгилерден болуп, көмүр отуну айыл өкмөттөр тарабынан тендер ойнотулуп, бирок көмүр бүгүнкү күнгө чейин тартылып келе элек. Болжолу 1 — октябрга пландалганы айтылууда. Андан башка техникалык абалдары боюнча кышка даярдыктары каралды. Көбүнчө мектеп, бала бакчаларда реконсрукциялоо иштери жүрүп жатат. Негизи мектептер 15 — сентябрга жетишебиз деген маалыматтарды берип жатат. Бардык социалдык объектилер каралгандан кийин, атайын түзүлгөн штабдык комиссиясы жыйынтык чыгарып берет. Ошондо гана даярдык  боюнча жалпы маалымат берилет.»

Ал эми Абдылда Аралбаев мектебинин мектеп директору Чынар Абдыкадырова төмөндөгүлөргө токтолду:

«Негизи бул мезгилде мектеп толугу менен окуу жылына даяр болуп калчу. Быйылкы жылы түрткү берүүчү гранттан жеңип алгандыктан кармалып жатабыз. Мектептин негизги көйгөйлөрдүн бири жылуулук системасы болуп келген.

Жалпы наркы 2285877 сом. Мунун ичинен өздүк салымды 482 000 сомду түзөт. Тендердин жыйынтыгында ОсОО «Элитремстрой сервис» утуп азыркы учурда иш жүрүүдө. Келишимде көрсөтүлгөн убакыт 45 күн ичинде түзүлгөн комиссия менен өткөрүп берүүлөрү керек. 15 – сентябрга жетишебиз деген чоң үмүттөбүз.»

 

Айзат Түмөнбаева