“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Кѳйгѳйү кѳп ѳткѳѳл курак

29 Август 2021 жыл 22:14
Көрүүлөрдүн саны: 69

Нарын районундагы мектептердин биринде окуган Бекмырза (аты өзгөртүлдү-ред) милициянын каттоосуна алынган. Бир жыл мурун достору менен бирге айылдашын сабап, жабырлануучу оор жаракат алган. Бул окуядан кийин Бекмырзанын кадамын милиция көзөмөлдөп турат.

«Кыш айы болчу, кечинде досторум менен көчөдө жүргөнбүз. Бизге айылдашыбыз келип тийишкенинен ошол жерде сабап, таштап кетип калганбыз. Жабырлануучу ордунда көпкө жатып калып, колу-бутун үшүк алып кетиптир. Бишкекте операция жасалып, колу-бутун кесишиптир. Кийин ал окуя боюнча милицияга арыз жазып, териштирүү иштери жүргөн. Жыйынтыгында ур-токмокко катышкан төрт классташ бала күнөөбүздү моюнга алганбыз. Мыйзам боюнча эки жылга соттолушубуз керек экен. Бирок, биздин жашыбыз жетпегендиктен милициянын каттоосуна алындык», — дейт Бекмырза.

Бекмырза 7-класска чейин мектепте үлгүлүү окуучулардан болгон. Бирок, жыл өткөн сайын билим алууга көңүлдөнбөй, мектепке да баргысы келбей калган. Ал эмне себептен мындай өзгөрүүлөр болуп жатканын жакшы түшүнө албай убара.

«Окууга көңүлүм деле жок. Болгону мектепти бүттү деген документ алыш үчүн жүрөм. Апам үй кожейкеси, атам чет өлкөдөн товар ташып иштейт. Үйдө айына бир жума болсо болот, болбосо жок. Ошондуктан атам экөөбүздүн мамилебиз жакшы деп айта албайм. Ата-баладай болуп сырдашпайбыз. Мен көбүнчө өзүмдө болуп жаткан жагдайларды досторума айтам. Апам менен деле көп сүйлөшпөйм. Алар менен сырдашкандан уялам», — деди ал.

«Бизди эч ким түшүнгүсү келчү эмес»

Мындай жагдайга туш болгондордун бири Нарын районунун тургуну Камчыбек Жеңишбеков. Ал мектепте окуп жүргөн жылдары ата-энесинин, мугалимдердин чектөөлөрүнөн кѳп жабыркаган.

«Менде 9-класстан кийин кандайдыр бир коркуу сезимдери болуп, жан дүйнөмдө бир нерселер эле болуп жатты. Үйдө ата-энемен, мектепте мугалимдерден аябай коркчумун. Себеби баары бизге коркутуу менен мамиле кылышчу. Кысым боло берсе окугуң келбейт экен. Сабактан качкан күндөрүм болгон. Кечинде үйдөн качып кеткен дагы учурлар болду. Мындай кырдаалга классташтарым дагы кабылган. Бизди эч ким түшүнчү эмес. Мугалимдер, ата-энелерибиз бизди дайым баласынтышчу, сөзүбүздү кичинекей баланын сөзүндөй көрүшчү. Албетте мындай мамиле чоңоюп калган ар бир баланын кыжырын кайнатат», — деди Жолдошбеков.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2,5 миллионду түзгөн. Бул көрсөткүч ѳткѳн жылга салыштырмалуу 2,3%га жогору.

ЮНИСЕФтин изилдөөсү боюнча балдардын 73 пайызы үй-бүлөдөгү таш боор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83.5 пайызы мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. Бул өткөөл курактагы баланын эмоционалдык абалына жана келечегине чоң коркунуч жаратат.

Кыздардагы ѳткѳѳл курак

Нарын шаарынын тургуну Аида Нуралиеванын эки кызы бар. Бир кызы мектепти бүтүп кеткен, бири 9-класска кѳчтү. Кичүү кызынын мүнөзүндө өзгөрүүлөр байкалгандыктан, катуу көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирди.

«Кызымдын мүнөзү 7-класстан бери аябай өзгөрдү. Биз менен бат урушуп, бат ачууланат. Анын айтканын аткаруудан башка айла калбай калды. Мектепте жакшы окуйт болчу. Азыр күндөлүгүндөгү баалар жалаң “3”. Ата-энеси катары биз менен ачык сүйлөшпөйт. Жаман иш жасап койбосо экен деп кадамын көзөмөлдөп турабыз. Башка аргабыз жок. Бир канча жолу өзү менен ачык сүйлөшүүгө аракет кылганым менен майнап чыкпады», — дейт Нуралиева.

Соцпедагогдордун иши

Мектептерде өткөөл курактагы балдар менен социалдык педагогдор иш алып барышат. Эшбай Токсобаев орто мектебиндеги социалдык педагог Акай Орозкожо уулунун билдиришинче, көбүрөөк эркек балдардын абалына көз салып турушат. Ал эми окуучу кыздардын арасында тартип бузгандар сейрек кездешкендиктен класс жетекчилери алар менен тарбиялык сааттарды өткөрөт.

«Өткөөл курактагы эркек балдар көп тентектик кылат. Бири-бири менен мушташып, жараат алган учурлар болгон. Ошондуктан түнкүсүн сыртка чыкпагыла, жаман жолго азгырылбагыла деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Тартип сактабагандарга бир жолу эскертүү берилет. Анда да майнап чыкпаса коомдук жумуштарга тартылат. Мындай эрежелер менен иштебесек бизге дагы баш ийишпейт. Ачык сүйлөшөйүн десең сырын айтышпайт», — дейт Акай Орозкожо уулу.

Ата-энелерге жана балдарга жардам берүүчү борборлор ачылат

“Балдардын укуктарын коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова өткөөл курактагы балдарга ата-эне тарабынан туура эмес тарбия берилгендиктен, ар кандай кылмыштарга барышарын айтат:

«Өткөөл курактагы балдардын психологиясында өзгөрүүлөр болот. Ѳз жанын кыйган же кылмыш жасаган балдар ата-энеси же мугалим менен урушуп, катуу бир жаман сөз укканда ызыланып ушул кадамга барышат. Дагы бир жагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотуш керек. Атасы менен апасы баланын көзүнчө урушуп жатышса, бул балага өтө чоң сокку болот. Мындай учурда өспүрүм үйдөн качып кетиши мүмкүн. Анан алар кылмышка барат. Үй-бүлө социалдык жактан жетишпесе дагы өспүрүм досторунан басынып, суицидге барышы ыктымал», — дейт Турдубекова.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө 2019-жылы 14-17-жашка чейин өспүрүм балдар арасында 1162 кылмыш катталган. Анын ичинен 193 бала жазага тартылган.

Татаал кырдаалдарда кѳмѳк кѳрсѳтүү үчүн ар бир облуска социалдык жардам берүү борборун ачуу үчүн долбоор даярдалып, өкмөткө жөнөтүлгөн.

«2017-жылы Бишкек шаарында ата-энелерге жана жаш өспүрүмдөргө жардам берүүчү борбор ачып, бир жыл иштеткенбиз. Анда биз менен бирге психологдор кошо иштешкен. Баары бекер болчу. Эми ушул эле долбоорду жайылтканга аракет көрүп жатабыз. Документтерди даярдап өкмөткө жөнөткөнбүз. Жакын арада жообу келет деп күтүп жатабыз. Бул борборго телефон чалып деле жардам ала алышат. Ата-энелер балдары менен келип, биздин тиешелүү адистер менен жолугушса болот. Борборлор ачылса кабар беребиз, кандай кайрылыш керек, жолдорун жазабыз», — деди Турдубекова.

Ал эми “Калктын аялуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү” борборунун төрайымы Зайнап Эшмуратова ата-эне менен социалдык педагог биргелешип, иш алып баруу керектигин белгилейт.

«Биздин өнүктүрүү борборго жардам сурап, күнүнө 60тан ашык чалуулар болот. Алардын арасында жаш өспүрүмдөр, балдары менен тил табыша албаган ата-энелер дагы болот. Биздин психологдор жана тиешелүү адистерибиз жардам беришет. Көбүнчө ата-эне балага болгон кайдыгер мамиледен көп маселелер жаралат. Билими жок ата-энелер бар, бала менен кантип сүйлөшүүнү билбегендери бар. Бала тарбиялоону оңой көрүшөт. Ата-эненин орой мамилесинен бала чүнчүйт, ар кандай жоруктарга барат. Ал эми биздин фонд региондогу бардык адамдарга жардам берүүчү борбор ачканы турабыз. Бизге кайрылыш үчүн ишеним телефондорубузду, дарегибизди кабарлайбыз», — дейт Эшмуратова.

«Психологдон кеңеш алып турам»

Нарын шаарынын тургун Асель Кыркееванын эки уул, эки кызы бар. Бир кыз, бир уулу мектепте окуйт, экөө мектепти бүтүп кетишкен. Каарманыбыз үй-бүлѳлүк маселелерде психологдон кеңеш алып турарын, башка ата-энелерге дагы сунуштаарын айтты.

«Көпчүлүк ата-энелер психологдон кеп-кеңеш алуудан тартынышат. Мен дагы башында тартынчумун. Көйгөй жаралганда кайрылганга туура келген. Бир балам 9-классында мени менен уруша кетип, бизге таарынып көпкө тамак ичпей, үйдөн кача баштаган. Борборго барып, психологго кайрылдым. Баламды дагы алып баргам, аны менен өзүнчө сүйлөштү. Азыр баары жакшы. Башка ата-энелерге дагы сунуштайт элем. Мектептеги соц.педагог жана мугалимдер менен да тыгыз байланышта иштешем. Балдарымдын келечеги үчүн керек. Айрым ата-энелер психологдор көп акча алат деп барбай коюшу мүмкүн. Дайымкы кардары болуп калсаң, кээ бир учурда бекер деле жардам көрсөтүшү мүмкүн. Мен мисалы айрым учурда бекер кеңеш алам», — дейт Кыпкеева.

Психологдон кеп-кеңеш

Ата-энелер жана өспүрүмдөр менен иштеген психолог Шолпан Мамытова өткөөл курактагы балдар менен дос катары сүйлөшсө, бала ачылаарын айтат.

«Өткөөл куракта психологиялык жактан гана эмес физиологиялык жактан дагы өзгөрүүлөр болот. Бала сезимтал болуп калат. Ата-энелер жаш бала катары мамиле кылат, ал эми балдар өздөрүн чоң адам катары сезишет. Ошол себептен тил табыша албай, маселе жаралат. Мугалим бала менен дос катары сүйлөшүп, эгер баладан бир нерсени байкап калса, дароо ата-энеси менен кабарлашып, мектептеги соц.педагог менен бирге баланын жаман жолго баруусунан сактап калса болот», — деди ал.

Мамытованын айтымында, балага төрөлгөндөн кийин эмес, курсактагы кезден баштап тарбия берүү зарыл. Мындан тышкары, ал бир нече сунуштарды айтты:

*Кош бойлуу аял ооруканага каттоого турганы барганда, врачтар “бул каалооңор менен болгон балабы?” деген суроону узатышат. Бул суроо бекеринен берилбейт. Эгерде пландалбай, кокусунан бала жаралып калса, анда наристе ата-эненин келечектеги пландарын бузушу мүмкүн. Ата-энеси дагы жакшы мээрим төкпөй коёт. Баарын план менен жасоо зарыл*

*Бала жаңы төрөлгөндө энесинин төшүнө жаткырылат. Бул учурда эне-балынын ортосунда эмоционалдык байланыш пайда болот да, кийинки жашоосуна таасир берет. Жаңы төрөлгөндө баладан баш тартпоо зарыл*

* Эне дайым ымыркайдын жанында болуусу керек. Ата-эне мээримине тойбогон бала өткөөл куракка келгенде ата-энеден алыстап кайдыгерлиги күчѳйт*

Психолог Шолпан Мамытова Кыргызстанда психологдордун жумушу жакшы бааланбай келатканын кошумчалады.

«Мен алты жыл Казакстанда мектепте психолог болуп иштегем. Ал жакта психологдорго аябай көңул бурулчу. Жумушубуз бааланчу десем болот. 400 балага бир психолог туура келчү. Кийин Кыргызстанга келдим, жеке өзүмдүн психологиялык борборумду ачкам. Мектептерде иштейин десем айлыгы өтө аз, жумуш бааланбайт. Балким психологдорго дагы көңүл буруп, ар бир мектепке жумушка алышса, анда жагдай башкача болмок. Кылмыштуулук, кѳйгѳйлѳр азаймак», — дейт Мамытова.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, балдарды зомбулуктан жана ташбоор мамиледен коргоо үчүн балдарды коргоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча мамлекеттик органдар ортосунда бири-бирине багыттоо механизмин жана кызматташтыктын жакшыртуунун үстүнөн иштеп жатат.

Буга кошумча ресурстук борборлорду түзүү жана балдарды тарбиялоо боюнча ЮНИСЕФ Өкмөт менен биргеликте туруктуу программаларды жайылтуу аркылуу позитивдүү жана зомбулуксуз тарбиялоонун үстүнөн иштеп баштаганын кабарлайт.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова