“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: ГЭСтин курулушу менен самотёк курулабы

30 Август 2021 жыл 22:34
Көрүүлөрдүн саны: 124

Нарын районуна караштуу Куланак айылына жакынкы арада ГЭС курулганы турат. ГЭС куруучулар айыл тургундары үчүн сугат суу үчүн канал куруп берүүнү убада кылып келишет. Эгер канал курулуп, ишке кирип калса Куланак, Учкун, Жылан – арык айылдары үчүн сугат суу тартыштыгы чечилмекчи

«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген ишкана коомунун кубаттуулугу 100МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объектилеринин жана мелиорация системаларынын курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын бир категориядан башка категорияга которуу боюнча жана андагы ээлеген аянтардын көрсөтүү менен маселе каралып Учкун айылдык Кеңешинин 17.02.2020-жылдагы 1/3 сессиясынын токтому менен берилген.
Бүгүнкү күндө ошол эле макулдук берилген жер аянттарына контурларын толуктап коюп беруу зарылчылыгы келип чыккан.  XXXI– чакырылыштагы кеңешке айыл өкмөт тарабынан сунуш берилген.
ГЭС боюнча элден сунуштар болуп жаткандыгына байланыштуу жалпы элдик жыйналыш болуп, жеке компаниядан  өкүл келип катышты

Жыйналышты Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Өмүрзаков ачып берип, сөздү «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун Куланак ГЭСи боюнча аткаруучу директору Абас уулу Кубанычбек алды.


— Буга чейин айыл эли, депутаттары менен жолугуулар болуп сүйлөшүүлор болуп турду. Негизи ГЭС куруу деген илгертен ССРдин планында бар болчу. Буга чейин толук изилдөөлөр жүрүп, долбоор менен Өзбекстан, Казакстанга чейин барып, Кыргызтанда ГЭС куруу үчүн долбоордук институттар жок экен. Архивдик материалдардын негизи менен Лениградка кайрылып, алар макулдугун беришип, долбоор түзүлө баштаган. Жумушчу долбоор даяр болгон. Азыр болсо экспертиза карап жатат. Негизи ГЭСтин кубаттуулугу 100МВту болот. Шыңгаманын белине платина курулат, дамбанын бийиктиги 25м, башынан аягына чейин 630м болотко деген долбоор менен түзүп жатабыз. Дамба курууда зона затаплениенин бир топ жери Эмгек – Талааныкы өтүп жатат. Жан – Булак, Миң – Булак, Эмгек – Талаа, Жерге – Тал айылдары менен сүйлөшүү иштери жүрүп, баардык маселе чечилип бүттү. Буга чейинки жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бул маселелер каралып кеткен. Болгону ошондо контур даректери жазылбай калган. Ошол эле жерлер. Магистралдык канал бар, насос менен чыккан, ошого самотёк менен 9кубка чейин сууга чыгаруу боюнча 2011 -жылы жазылган долбоор бар экен. ГЭС куруу менен бирге ошол долбоорду ишке ашырууну максат кылып жатабыз. Курулуш иштери башталса 3 жылдын ичинде бүтүрүп пайдаланууга берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө курулуш үчүн көптөгөн техникалар алынып, дайындалууда. Орто эсеп менен 1000 адамга чейин жумушчу орундары ачылат деп жатабыз. Курулуш жүрүп жаткан 5 айыл өкмөттүн жаштарын жумушка алуу пландалууда.
Айыл элин кызыктырган суроолор берилди. Алардын бири светке жеңилдиктер болобу деген суроо болду


— Жеңилдиктер болот. Бирок азыр эмес. Бир кандайдыр убакыттан кийин.
— ГЭСтин Куланак айылына кандай пайдасы бар – айыл тургуну Турарбүбү Мырзабаева
— Платинадан канал куруп каналга кошуп берет. Каналдын узундугу 5 км, бетондолот. Долбоору даяр. Ички каналды бетондоо боюнча биздин сунуш болуп жатат. Азыр 5 куб суу кетип жаткан болсо, биздин эсеп менен 7,5 куб болот. Кошумча 2000 га жерге суу жетет.


XXXI – чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Саадакеева:
— Самотёк каналы кандай типте салынат.
— Канал бетонный болот. Ширинасы 2,5м, бийиктиги 2м.
— канча убакытта курулуштар бүтөт
— Водазаборный соружениеге 13 ай деп белгиленип жатат. Мүмкүн андан эрте.
— Насосту ордуна калтыруу да каралганбы
— Бассейин суточного регулированиеде ар дайым 32мл дон 45 млго чейин суу турат. Аны жакшынакай сактап, майлап алып калса болот.

Суроо жооптон кийин, элге түшүнүктүү болуш үчүн атайын долбоорлонгон карта менен жыйналыштын катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүрдү.


Жыйналышка келген элдин бирден бир маселелеринин бири «Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген ишкана коомуна, сугат суусу үчүн курулуучу самотёктун толугу менен куруп, бүтүрүп берүүсүн талап кылышты.
Бул талапты Кубанычбек Абас уулу аткарылбастыгын баса белгилеп өттү. Себеби курулуучу самотёктун 100м жери ГЭС менен биргеликте 65 миллион сом турарын айтты.
Жыйналыштын жыйынтыгы менен 31 – чакырылыштын депутаттарынын кезексиз сессия өтөрү белгиленип, ГЭС куруучуларга айыл чарба жерлерин курулуш үчүн трансформация берүү чечимин күтөрү белгиленди.

Бүгүнкү  күндө жеке компания иш аракеттерин баштоого курулуш токтоп тургандыктан Кеңештин токтомун талап кылууда.
Учкун айыл аймагынын айылдык Кенешинин регламентинин Айылдык Кенештин кезексиз сессияларын чакыруу тартиби негизинде, Төрага К.Тостоков өзүнүн демилгеси боюнча сунуш келтирип кезексиз сессия 6-августь 2022-жылы саат 14:00 өткөрүлдү.
Сессияга жергиликтүү кеңештин 15 депутат катышты
Кезексиз сессиянын жүрүшүндө Анарбек Сокеев Нарын облустук УОСтун жетекчиси өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду Ат – Башы ГЭСтен каналдын башына чейинки 1 – долбоор боюнча , 9,2 км болчу, ал эми Куланак ГЭСинен 4 км, ге кыскарат. Бул мамлекет үчүн дагы пайдалуу. Самотёк каналы 2 жолу планга киргизилип, акча каражаты жетпей токтоп калган. Бүгүнкү күндө биздин планда самотёктуп курулуп бүтүшүнө көзөмөлдөө турат. Насостук станция өз ордунда кала берет
«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген ишкана самотёк курулушунун 100м жерин бүтүрүп, калган иштерди Н. Мадимаров НРМАнын башчысы, акими, Куланак самотёк каналынын курулушу боюнча мамлекеттин өкүлү катары – биз кепилдик берип, мамлекеттиң деңгээлде көзөмөлгө алынат.

Учкун айылдык Кенешинин XXXI  чакырылышынын кезексиз сесиясынын 6-август 2021-жылдагы № 5 токтомунун негизинде трансформациялоого кетүүчү жер аянттарынын контурларына макулдук берилди

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Айзат Түмөнбаева