“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Нарын: Жаштарды түйшөлткөн жумушсуздук

27 Сентябрь 2021 жыл 22:12
Көрүүлөрдүн саны: 65

Кыргызстандагы 30 жашка чейинки жаштар жакырчылык жана жумушсуздук кеңири жайылган аймактарда жашашат. Тоолуу жана суук аймактардын сап башында турган Нарын облусунда да жумушсуздук көйгөйү курч.

Нарын районунун 21 жаштагы тургуну Камчыбек Жолдошбек уулу COVID-19 пандемиясы башталгандан бери жумушу жок үйдө отурат. Ал орто мектепти аяктаган соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес.

«Мен 2019-жылы мектепти аяктаганда эле иштегенге туура келди. Ал кезде окуганга деле шартым жок болчу. Борбор калаага келип, тез татым жасаган жерде иштеп баштадым. Кийин ал жактан чыгып, башка жумушка кирдим. Анан кайра кийим тигүүчү цехке үтүкчү болуп ишке кирдим. Бирок ошол учурда пандемия башталып, айылга кеттим. Жумуш жок, акчадан кыйналдык. Өзүмдүн бизнесимди баштагым келет, бирок тажрыйбам жок болгондуктан, кантип баштаарымды дагы билбейм», — деди ал.

Камчыбек Жолдошбек уулу

Ал мектепте үлгүлүү окуучулардын катарында болгонун жана аракетчил экенин айтат:

«Кыска курстардан окуп, сертификат алып, бир жерде туруктуу иштегим келет. Бирок азыр мага баары кыйын болгондой сезилет. Буга чейин жакшы жумушка кирүү үчүн эч жерге кайрылган эмесмин. Эми аракет кылып көрѳйүн деп жатам», — деди Жолдошбек уулу.

Нарын облусунда Камчыбек сыяктуу жумушсуз жарандар миңдеп саналат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө пандемия башталгандан бери 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштар арасындагы жумушсуздук 80,5%га чейин өскөн. Тактап айтканда, 77 миңге жакын жаштар жумушсуз. Анын 3 миңге жакынын Нарын облусунун жаштары түзөт. Бирок, каттоого алынбаган да жумушсуздар болгондуктан, бул сан алда канча көп болушу мүмкүн.

 

«Жумушсуз жаштар алгач кесиптик окуудан билим алышат»

Нарын облусунун социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ажар Дюшеналиеванын айтымында, жумушсуз жарандар Нарын облустук социалдык өнүгүү башкармалыгына келип каттоого турган соң жардам берилет. Жумуш издеп келгендер алгач кесиптик лицейлерден окуп, жумушка даярдалат.

Нарын облусунун социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Ажар Дюшеналиева

 

«Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында ар дайым жумуш берүү бурчу илинип турат. Ал жерде жумуш издеп келген жарандар кандай бош орундар бар экенин көрүп, маалымат алcа болот. Билими жок жаштарды кесипке багыт берүү үчүн кесиптик лицейге окутабыз. Мисалы, мал доктур, тигүүчүлүк, ашпозчулук жана башка кесип боюнча окутуп, анан жумушка киришине жардам беребиз», — деди ал.

Дюшеналиеванын айтымында, социалдык өнүгүү башкармалыгына 4042 жаштар катталган. Алардын 172и кесиптик окуудан өтүп, 203 жаштар жумушка орношкон.

«Мындан сырткары, кызыккан жаштарга телефон жана компьютер оңдоо боюнча курстарды өткөрөбүз. Айылдарга долбоорлорду тартып берип, жаштар жумуш менен камсыз болушат», — деди Дюшеналиева.

Өткөн жылы Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн сурамжылоодо кыргызстандыктар эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Коронавирус пандемиясынын айынан жок дегенде ар бир үй-бүлөдө бирден киши жумушсуз калганын Улуттук статистика комитети да маалымдаган. Пандемия бүтө электигин эске алганда, иш таап кетүү оңойго турбайт.

Ал эми дүйнөлүк деңгээлде карасак, жаштардын жумушсуздугу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң бийик көрсөткүчкө жеткен.

«Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фондунун адиси Ажара Касымалиева өлкөдө жаштардын жумушсуздук маселесин чечүү оор экенин айтат.

«Өлкөдө билим берүү сапаты төмөн болгондуктан, жаштар жумушка кирүүдө кыйналышат. Себеби жогорку окуу жайда болобу, кесиптик лицейде болобу, практика жүзүндө үйрөтө алышпайт. Окууну бүткөн жаштардын арасында команда менен иштеше албай жана адамдар менен түзүгүрөөк сүйлөшө алышпагандар дагы бар. Ошондуктан жумуш берүүчүлөр андай жаштарды жумушка алгылары келбейт. Бийлик тараптан алгач билим берүүнүн сапатын жакшыртыш керек», — дейт Касымалиева.

Ажара Касымалиева

Ошондой эле, ал Кыргызстанда жумуш берүүчүлөр көп экенин баса белгиледи. Бирок айрым жумуш берүүчүлөр менен жумуш иштөөчүлөрдүн ортосунда расмий келишим болбогондуктан, көбүнчө жаштар ѳз укуктарын коргой албай, миграцияга кетерин кошумчалады.

«Биз жаштардын укуктары, лидерлик сапатты жогорулатуу жана жумушка орношуунун жолдору боюнча акысыз тренингдерди уюштуруп турабыз. Жакында эле Билим берүү министрлигине жаштарды билимге тартуу боюнча жаңы сунуштама жөнөттүк, учурда жооп күтүп жатабыз», — деди ал.

Ишкерлик кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн уюмдар

Германия мамлекетинин колдоосу менен түзүлгөн «Дилгир» жаштар окуу борборунун Нарындагы менеджери Адилет Эшенов жумушсуз жаштар үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди.

Адилет Эшенов

«Дилгир» жаштар окуу борбору Кыргызстанда 2017-жылы түзүлүп, ар бир облустарга ачылган. Окуу борборуна айыл жергесиндеги жумушсуз жаштардын билим сапатын жогорулатып, бизнес баштоого жана башка жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. «Дилгирге» жылына бир жолу сынак жарыяланып, сынактын негизинде тандалып алынган жаштар алты ай ар тармакта билим алышат.

«Биз бизнес, саясат, лидерлик сапатты артыруу жана башка багыт боюнча окутабыз. Окуунун аягында кайра тест алып, ошонун негизинде билимине жараша сертификаттарды беребиз. Мисалы, университетти бүтүп жатканда диплом беришет го: кызыл, көк, биз дагы ошондой беребиз. Андан сырткары, окууну бүткөндө бизнес баштоо үчүн гранттар бөлүнөт. Аны дагы долбоор жазып, өздөрүнүн ишканаларын ачса болот», — деди Эшенов.

Мындан сырткары, ал «Дилгир» окуу курсун бүткөн жаштардын 10дон ашыгы өздөрүнүн ишканаларын ачып, иштетип жатышканын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын коомчулугун өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин өкүлү Нурила Абдыбекова жумушсуздар үчүн ар дайым жаңы долбоор чыгып турарын билдирди.

Нурила Абдыбекова

«Биз айына бир жолу ишкерликке багытталган жана жаштардын билимин жогорулатуу үчүн тренинг өткөрөбүз. Ошонун негизинде гранттар дагы бөлүнөт. Ошондой эле, жакында жумушсуз жаштар үчүн дагы бир долбоорубуз башталган турат. Бул долбоордун алкагында бизнес түзүү планы, аны кантип ишке ашыруу керек, баарын үйрөтөбүз. Аягында өздөрү түзгөн план менен ишкерлик баштоого мүмкүнчүлүк алышат. Ал үчүн акча каражаты каралган», —деди ал.

«ЖИА Нарын» бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Шайхулло Джанибеков ишкерлик баштайм деген жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр көп экенин айтат.

«ЖИА айыл жергесиндеги адамдарды ишкерликке багыттоо максатында түзүлгөн. Алгач биз ишкерлик баштайм деп кайрылгандарга тренинг өткөрөбүз. Андан кийин ишкерликке багыт берип, долбоор жазганга жардам беребиз. Бизде ишкерлер үчүн гранттар бөлүнөт. Ошолорго долбоор жазышса болот. Негизи эле ишкерлик баштайм дегендерге өтө көп мүмкүнчүлүктөр бар, болгону аракет кылыш керек», — деди Джанибеков.

Шайхулло Джанибеков

ЖИА бизнес ассоциациясынан жардам алам дегендер үчүн интернет баракчалары:

https://www.facebook.com/jia.bishkek
https://instagram.com/jia.kg?utm_medium=copy_link

Өзүнѳ да, айылдаштарына да киреше таап берген Айгерим

30 жаштагы Айгерим Өзгөрүшова Нарын районунун Жан-Булак айылына 18 жашында келин болуп келген. Учурда ал сүт багытындагы уйларды багып жатат. Андан сырткары, айыл жергесинен сүт чогултуп, Нарын шаарындагы сүт заводуна өткөрүп акча табат.

«Жумушсуздуктун айынан 2019-жылы жолдошум экөөбүз мал багып жайлоого чыктык. Ошол эле жылы мал менен бизнес кылып баштадык:малды алып, аны семиртип кайра сатып. Кийин мен автоунаа айдаганды үйрөнүп, айылдагы уй сааган тургундардан сүт чогултуп, Нарын шаарына сүт заводуна өткөрүп баштадым. Андан сырткары көптөгөн бизнес-тренингдерге катышып, ишкерлик боюнча багыт алып ишкерликти баштадым. Сүт чогултуп сатканда айына 24 миңге чейин табам. Айыл тургундары сүттөрүн мага өткөрүшөт. Күнүнө эң көп чыкканда 1 тоннага чейин сүт чыгат», — дейт Айгерим Өзгөрүшова.

Айгерим Өзгөрүшова

Ал жакында эле Ага-Хандын ишкер айымдарды колдоо долбооруна катышып, грант утуп алганын кошумчалады.

Онлайн курстар

Айыл жергесинде жашап, онлайн бекер тил курстарды, компьютер курсун, өзүн-өзү өнүктүрүү жана башка курстарды окуганга дагы мүмкүнчүлүктөр көп. Онлайн курстарды камтыган порталдын ичинде сап башында Coursera, Юдемия аттуу курстар бар.

Курстарга жазылуу үчүн алгач каттоодон өтүп, ичинен өзүң каалаган тилди тандайсың. Онлайн курстун ичинен тил курстары бекер болсо, калган курстарды акча төлөп окуганга болот. Курсту бүткөн соң тастыктоочу сертификат берилет.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова