Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде салттуу окуу 28- сентябрда башталды.
Аталган мектепте жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өтүп жатканына байланыштуу 15 – сентябрдан 25 – сентябрга чейин окуу онлайн форматында жүргүзүлгөн. Учурда мектептин ичиндеги ремонттоо иштери бүтүп, от казан коюу жумуштары гана калган.
Окуу салттуу башталгандан бери пандемиянын шарттарын аткаруу менен күнүгө ар бир окуучунун, мугалимдин жана мектепке сырттан келген адамдардын дене табы текшерилип каттоодон өтүп кирип жаткан мезгил.
Окуу салттуу формада башталганын 3 күндүн гана жүзү болду. Мектептин окуучулары мектепти сагынганы көрүнүп турат. Эч бир окуучу сабактардан себепсиз калбастан келип жатышат. Айылда оруп жыйу жана малдар келгендиктен окуучунун баары эле сабакка активдүү катышып жатышат. Жыйналышта мектеп директору Чынар Абдыкадырова ысык тамак берүүдө мектеп жамааты ашкана менен байланышта болбосу керектигин түшүндүрүп берип, ата – энелер комитетин шайлап жана анын иштешине жалпы ата эне кызыктар болуп шарт түзүп берүүсүн суранып өттү. Андан тышкары учурдагы коопту абалды эске алып, окуучу үчүн маска антисептикти камсыздап берүү керектигин жана ата – энелер да эмдөөдөн өтүү менен ооруну алдын алууга мүмкүн экенин айтты.
Ал эми ар бир класс үчүн ата – эне тепловизор менен камсыздап берген. Окуучулардын дене табы күнүгө текшерилип турат жана атайын каттоодон өтөт. Кокус сабакта дене табы көтөрүлгөн окуучу болсо мугалим ата – энеси менен байланышып окуучуну сабактан бошотуп, үйүнө кетирүү керектигин ар бир мугалим билет.
Куланак: Оруп-жыюу баалары өзгөрдү
Айзат Түмөнбаева