“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтү кышка даярбы?

2 Октябрь 2021 жыл 23:26
Көрүүлөрдүн саны: 39

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө кышка даярдык көрүү боюнча таш көмүр тартууга  тендер жарыяланаган. Бирок бүгүнкү күндө айылга көмүр тартылып келе элек

Учкун, Куланак айылдарында жалпысынан 1403 түтүн  (кожолук), 6544 адам  бар.Учкун айылдык аймагы көмүр кени чыккан «Турук» — 100км жана  «Кара — Кече»- 120км аралыкта жайгашканы менен айыл эли кылычын кармаган кышка таш көмүр менен камсыз боло элек кези.

Айылда 1 жылдан бери чакан баня жагып кызмат кылган Уулжан Койчуманова болсо таш көмүрдүн  жоктугу кичине болсо да каржы маселесин чечүүдө тоскоолдук жаратып жатканын айтат.

«Ушул убакта эмдигиче көмүр келбей, отун суудан тартыш болуп жатат. Көң сатып алабыз. Бирок көңдүн табы көмүрдүкүндөй болбойт. Көңдүн деле бир арабасын 3500 сомдон алабыз. Көмүр келсе жакшы болот эле. Былтыр бул убакта көмүр менен камсыз болуп калдык эле. Нарынга эрте суук түшөт. Кышы узун. Азыркы тапта пособие да пенсия да албайбыз. Жолдошум экөөбүз тең эч жерде иштебейбиз.

Үй бүлөбүздү ушул мончо жагып, утурумдук тамак -ашыбызга жаратабыз. Мындайча айтканда мончо багат. Сууга төлөйбүз. Салыктан келип  патент алгыла деп жатат. Жок дегенде ушул көмүр маселесин мамлекет чечип берсе жакшы болот эле.»

2005 — жылдан бери айыл элине менчик камазы менен көмүр тартып элге кызмат кылган Таалайбек Сокеев бүгүнкү күндө унаасын оңдоп көмүр тартууга дайын турганын айтат.

Таалайбек Сокеев

«Мен көп жылдан бери эле элге көмүр тартып кызмат кылып келем. Куланак эле эмес биздин айылга чектеш коңшу айылдарга чейин тартчумун. Былтыркы жылдан бери гана Куланак айылына тартып жатам. Бүгүнкү күндө машинамды даярдап алып даяр турам. Бирок кабар жок. Карьер тазаланып, тартууга уруксатты 1 — октябрга чейин эле беребиз деди эле. Андан кийин 5 — октябрь дешкен. Азыркы учурда 10 — октябрга деп жатышат. Буга чейин айыл эли көмүр менен камсыз болуп калчу. Быйылкы жылы абдан кечигип жатат. Былтыркы жылы 1 тонна таш көмүр 3500 сом болгон. 2022 — жыл үчүн баа чечиле элек. Эми аны убакыт эле көрсөтпөсө.»

Учкун айыл өкмөтү Эркин Өмүрзаков жалпы мекемелер боюнча төмөндөгүчө маалымат берди:

Учкун айыл өкмөтү Эркинбек Өмүрзаков

Бүгүнкү күнгө  айыл аймагындагы 2 бала бакча, 2 мектеп, айыл өкмөтүнүн  административдик имаратына жалпысы 133,4т көмүр  отуну керектелет. Көмүр  отунун камсыз кылуу боюнча тендер өткөрүлүп, 1 тонна 2980 сомдон жалпы суммасы 397532 сомго ОсОО Агым фирмасы уткан.  Кара-Кече көмүр кени тазалоо иштери жүрүп аткандыгына байланыштуу көмүр тартыла элек. Жылуулук берүү сезону башталгыча камсыз кылынат. Айыл аймагынын тургундарына көмүр отунун камсыз кылуу үчүн  көмүр  тарткан ишкерлер менен айыл элин камсыз кылуу учун сүйлөшүүлөр жүргүзүүлүдө.

Айзат Түмөнбаева