“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Бруцеллёз оорусу көп катталды

3 Октябрь 2021 жыл 2:11
Көрүүлөрдүн саны: 66

Нарын районуна караштуу Куланак айылында малдардан анализ алуу иштери көп жүргүзүлдү. Буга себеп айыл тургундарынан бруцеллёз оорусу менен катталганында болду

Нарын району малга бай келегендиктен жергиликтүү тургундар мал багуу, сатуу жана күнүмдүк азык катары колдонуу үчүн ар бир түтүндүн короосунан мал жандыктарын кезиктирүүгө болот. Бирок акыркы күндөрү санитардык абалдарды сактабагандыктан бүгүнкү күндө мал жандыктарынын азыктарынан жана каны аркылуу адамга жуккан  бруцеллёз оорусу көп каттала баштаган

Аты жөнүн атагысы келбеген каарманыбыз ооруга чалдыкканын билген эмес.

Мен жаз айларында малды жайлоого айдап барып жеткизип келгем. Андан кийин сугат иштерине чыккам. Алгач колум ооруду. Жайлоодон суук тийгизип алган экемин деп этибарыма алган эмесмин. Басылбай койгондон кийин анализ тапшырып бруцеллёз менен ооруп калганымды билдим. Алгач укканымда коркунуч сезими болду. Дарыгерден кеңеш алгандан кийин убагы менен дарыланып, режимди кармап койсом айыгып кетет экемин. Биринчи курстан өтүп дарыланып чыктым.

«Алгач кызым: «бутум — колум», — десе окуучу кыз болгондуктан., боюу өсүп жатат ко деп маани берген эмесмин»- дейт кийинки каарман

Кызымдын колу буту сөөктөрү ооруп баштады анан анализ тапшырттым. Анализинен бруцеллез болуп чыкты. Больницага жаткырдым, дарылануу курсу 14 күн экен,14 күн жатып дарыланды. Дарыларын убагында ичип турса, айыгат экен. 6 айда бир дарыгердин көзөмүлөнөн өтүп турмай болдук. Эмнеден  жукканы билинбейт тура. Андыктан ооруну алдын алуу үчүн үй — бүлөбүз менен анализ тапшырдык. Калганыбыздан таза чыкты.

Ал эми Куланак айылындагы №1 Үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айым кызматкери Гүлзамира Чүкүшова  быйылкы жылга жалпы маалымат берип өттү.

Гүлзамира Чүкүшова

Азыркы күндө курч кармоочу бруцеллёз оорулары күч алды. Куланак айылындагы статистикага токтолсок, 2015 – жылы 4 учур катталган. 2016 – жылы 1 адам катталса, 2017 – жылы катталган эмес. 2018 – жылы 2 адам. 2019 – жылы 3 адам. 2020 – жылы 7 адам. Ал эми 2021 – жылдын 9 айында 15 адам катталууда. Бул оору азайып келе жатат деп сүйүнүп олтурсак, былтыркы жылдан бери аябай көп катталып кетти. Малдарды эмдөө жана малдардан анализ алып, эгер ооруп калган малды жок кылуу шарт. Андай жүргүзүзүлгөн жок окшойт. Ошон үчүн бруцеллёз оорусу аябагандай көбөйүп кетти. Оорулу малды союп жоготууда атайын эрежелери сакталыш керек. Эгер, кандан дарт аныкталса, «жогот «дешсе деле, жоготуунун ордуна биздин эл дагы малды сатып жиберишет. Дарт — адамда табылган соң, эрте дарылоо курстарын кылса таза айыгып кетет. Бирок канда калып, таптакыр жоюлуп кетпейт экен. Бул оорунун кабылдоосу өтө коркунучтуу. Сөөктөрдү (порожение) жеңилтет. Бул бир эле сөөк оору менен коштолбой ар кандай формада ооруп жатат. Мунун кабылдоосу да абдан коркунучтуу. Эркектерди тукумсуздукка чейин алып келет.


Куут мезгилде кочкорлорду анализден өткөрбөстөн кошуп жиберүү да абдан коркунучтуу. Октябрь айынан баштап, куут мезгили келет. Эгер 1 кочкордо дарт бар болсо, короодогу таза койдун баары жугузуп алат. Анан жазында толтура өлү козулар туулат. Жазында оорулардан сурамжылоо жүргүзсөк, «короодон өлү козу туулду «эле деген маалыматтарды берип жатышты.
Мунун ичинде мектеп окуучуларынан да бар. Мунун себептери баарына эле айкын. Малдан жугуучу оору. Туут маалы абдан коопту мезгил. Оорулу мал экени такыр билинбейт. Андыктан туут мезгилинде атайын желим(резина) өтүк, желим (резина) кол каптарды туура пайдалануу менен алдын алса болот. Бул оору көп убакытка чейин кыкта да өлбөй жашай берет. Андыктан мал кеткенден кийин короону дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлүш керек эле. Ал эми бир үй -бүлөдөн бирден катталгандарда бар, атасы баласы же агасы иниси катталгандар да бар. Баарынан коркунучтуусу энеден жаңы төрөлгөн балага өтүү коркунучу да бар болгондугунда.

Куланак №1 үй — бүлөлүк дарыгерлерден алган маалыматка таянып, Учкун айыл өкмөтү кандай чараларды колдонуп жатат деп Учкун айыл өкмөтүнүн
мал чарба жана ветеринардык тейлөө  боюнча башкы адиси  Айзада Токказиевага кайрылдык:

саан уйлардан анализ алуу учуру

«2021- жылы Учкун айыл өкмөтү  боюнча бруцеллез ыланын аныктоо үчүн 1437 баш уйдан кан алынып, 11 баш уй бруцеллез болуп чыккан. 11 баш уй жайытка чыгарылбай, актысы түзүлүп атайын ветеринардык талапка ылайык жок кылынды. Жайкысын бадада уйлардан кан алынып текшерилди. Сүт заводко тапшырылып жаткан сүттөр 97 проба текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза. 687 баш ургаачы торпоктор бруцеллез ыланына каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.

53 баш кочкордон, 35 баш жылкынын жана 15 баш иттин каны алынып, бруцеллез ыланын аныктоо үчүн текшерүүдөн өткөрүлдү, жыйынтыгы таза. Оорудан сактануу үчүн куут маалында санитардык эрежелерди сактоо керек. Койго таза кочкор кошуу керектигин айтып, айыл элдерине түшүндүрүү иштери байма — бай жүргүзүлүп жаткан кези»  — дейт ветеринардык кызматкер.

 

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева