“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элеттик жаштар: Пандемияда мигранттар кыйналды

3 Октябрь 2021 жыл 0:29
Көрүүлөрдүн саны: 64

Нарын районуна караштуу Куланак айылында карантин маалында Учкун айыл өкмөтүнө жумушсуз калган жаштар көп кайрылган. Алардын маселесин чечүү боюнча айылда бир аз болсо да иштер жүргөн.

Учкун айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча адиси Анара Балтабаева карантин маалында көпчүлүк жаштар жумушсуз калды. Айрыкча такси жана курулуш иштеринде иштегендер үчүн жумуш табуу кыйындыкка турганын айтат.

Майып беле, жакыр беле

«Былтыркы жылы карантин учурунда мигрант жаштарга пандемия аябай эле чоң таасирин тийгизди. Өкмөткө жумушсуз калган үй-бүлөлөрдөн  14 үй-бүлө кайрылды. Жумуш жок болуп жаткандыгына байланыштуу. Анан курулуш жана такси кызматында иштегендерге пандемиянын кедергиси  тийип  жатат деп тизме түзүп, бир нече гуманитардык жардамдарга жаздык эле. Ошондо да эл туура кабыл албай «майып беле, жакыр беле» ,-дегендер болду.

Анара Балтабаева

Бирок түшүндүрүү иштерин жүргүздүп, алып бергенге аракет кылдык. Андан тышкары айылда үйлөрүнө кыз келиндерди чогултуп 5 тигүү чакан цехтери ачылды. Бул да болсо пандемиянын кесепети. Кыз- келиндер ички мигрант болуп балдарын айылга чоң ата, таяталарына кээ бири жолдошторуна таштап коюп эле мезгилдик жумуштарга тигүү цехтерине кетип иштешчү эле. Шаарда деле жумуш жок болгонуна байланыштуу жол ачылгандан баштап, крой деп коёт экен ошолорду таксисттерден алдырып алышып, үйлөрүнөн буйрутма алып, тигип башташкан. Анан бир кишинин иши аз арбыйт эмеспи. Машиналарын бош үйлөргө чогултушуп, аймакташып алышып, бүгүнкү күндө чакан цехтерде эле буйрутма алып иштеп жатышат.»

Көптөн бери ойлогон максаты карантин учурунда ишке ашты

Ошол эле учурда айылга чакан тигүү цехин ачууну ойлонуп жүргөн айыл тургуну Жаңыл Кыдырова карантин учурунда айылдан эле коргонуучу (маска, комбинизон) каражаттарга көп заказ түшкөндөн баштап, буйрутма көбөйсө жетишпесине көзү жетип кыз келиндерди чогултуп иштеген.

«Тагыраак айтканда 2020 — жылдын июнь айында чакан кийим тигүүчү цехтин ачылышын жасадык. Алгач 10 тигүүчү машина, тордоочу, үтүк негизги колдонуучу каражаттар менен ачып алдык. Иш канабыз ачылганга чейин көп кыйынчылыктар болду. Ортодон жолдор жабылып, кыздарга жумуш алып бере албай, финансы жактан да кыйналдык. Ага карабай эле жумушту токтотпогонго аракет кылып иштеп жаттык.

Азыр болсо бир нукка түшүп келе жатабыз. Жумуш ордун дагы көбөйтүшүм керек. Бул менин негизги максатым. Жумушсуз айымдарды жумуш менен камсыз кылуу, ички миграцияны жоюу жана үй —  бүлөдөгү балдардын укугун коргоо болуп саналат. Бир аз болсо ишкана ачуу менен максаттарыма жетип келе жатам деп ойлойм. Себеп дегенде балдарын багыш үчүн Бишкекке иштеп кетишчү. Бүгүнкү күндө үйрөнүп алышып, балдарынын жанында кээ бирлери үйлөрүнөн эле иштеп жатышат. Буюрса иштерибиз жакшы. Азыркы тапта буйрутмалар жакшы эле келип жаткан мезгил.»

Максаттарын жетүү үчүн тынымсыз эмгектенген Жаңыл айылдагы кийим тигүүнү каалагандар үчүн эшик дайыма ачык экенин баса белгилейт. Окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр көп келип тиккенди үйрөнүп кетишет экен.

Пандемия Саматтын кыялдарын ишке ашырууга шарт түздү.

Айыл тургуну Самат Калиев пандемиянын астында үйлөнүү үчүн Москва шаарынан келген. Пандемия болбосо кайрадан эле иштөө үчүн кетсемби деген оюу бар болчу. Бирок баары бир өзүнүн айылында эле кызмат кылууну көксөп жүргөн.

«Ар бир эр жигит элине, кичи мекени туулган жерине салымын кошуп, кызмат кылам деп максат коёт да. Анын сыңарындай мен да элиме кызмат кылууну кичи мекенимден баштап элиме керегим тийсин деп ойлоп жүргөм. Анан карасам айыл да деле нанды сатып жешет экен, тандыр салып, нан жасоо идеясы келди. Нан деген улук да. Учурда айыл жергесинде деле, нан сатып жеп калышты. Ошол жакшы идеямды ишке ашырып эмгектенип жатам. Элдин батасы жакшы. Элимдин батасы күч кубат берип көнүлүмдү көтөрөт. Сөзүмдүн  аягында жаштарга айтарым, жакшы идея ойлоп, элиме кызмат кылып, элиме салым кошом деп максат койгула .!Кыялдангыла!Кыялдар орундалат», — дейт биздин каарман.

Самат нан жабуу менен гана чектелбестен Москвадан үйрөнүп, машыгып, эр таймаштарга чыгып жүргөндүктөн айылдын балдарын эр таймаш спортуна машыктырып келет.

Айзат Түмөнбаева