“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Оңой акчага азгырып, сыздаткан «Пирамидалар»

14 Октябрь 2021 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны: 149

«Болгону аз гана баштапкы сумма салып, тез эле байып кетесиң» деп каржы пирамидасы аркылуу алдамчылык менен алектенген шылуундардын саны күн санап көбөйүүдө. Алардын бал тилине алданып, азгырылып кеткен жарандардын саны миңдеп саналат.

“Окуума төлөй турган акчамды алдамчыларга алдырдым”

Мындай каржы пирамидасына алдангандардын катарында Нарын районунун 20 жаштагы тургуну Жазира Турдалиева да бар. Турдалиева учурда борбор калаадагы университеттердин биринде 3-курстун студенти. Ал окуудан тышкары жумушу жок болгондуктан тааныштары аркылуу каржы пирамидасына кошулуп алган.

Жазира Турдалиева

«Мен “Элиза үй буюмдары” каржы пирамидасына алданып калгам. Менин мурда буга кошулам деген оюм деле жок болчу. Болгону жакын тааныштарым эле телефонума жарнамаларды жиберип жатты. Ийгиликтерин жана акча алып жаткандарын айтып азгырышты. Анан балким мен дагы аларга окшоп көп акчалуу болуп каламбы деген ой менен алты миң сом салдым. Ошону менен “көбөйтүп беребиз” деп эле ар кайсы сөздү айтып, акырында алдап кетишти. Окуума төлөй турган акчамдан бердим эле», — деди Турдалиева.

«Акчамды кайтарып алганга жакшы эле аракет кылдым. Бирок менден башка дагы Нарын райононунан жана башка облустардан көп адам алданган экен. Аларды угуп акчамды албайт экенмин деп үмүтүмдү үздүм», — деди ал.

Экинчи каарманыбыз — орто жаштагы Чолпон Нуралиева дагы пандемия башталганда жумушсуздуктун айынан “Асыл айымдар” каржы пирамидасына кошулуп, алданып калган.

Чолпон Нуралиева

 

«Мен айыл жергесинде жашаган үчүн айылда жумушсуздук орчундуу маселе. Өзгөчө мага окшогон билими жоктор үчүн. Ошол себептен жарнамадан эле каржы пирамидасын көрүп калдым. Вотсап номери бар экен. Дароо эле номерине жаздым. Өзүм акча салып, анан артыма дагы киши жаздыртышым керек экен. Ошондо анан “акча чыгат” дешти. Мен дароо макул болуп, терминал аркылуу беш миң сом, кийин кайра беш миң сом салдым. Акырында жок болуп кетишти. Чалсам телефонго жооп беришкен жок», — деп кейиди ал.

Көйгөйүн айткан эки каарманыбыз тең милицияга арыз жазышкан эмес. Себеби милицияга кайрылып, кайра чыгым болуп калуудан кооптонушкан.

Милициянын колун байлаган мыйзам

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын акыркы жети айында эле каржы пирамидасын түзгөн 908 факты аныкталган. Анын ичинен 877си соттук кароого жөнөтүлүп, эки иш соттук өндүрүштөн токтотулган. Учурда 30 факты тергелип жатат.

Каржы пирамидасына алданып, арыз менен 2 492 адам милицияга кайрылган. Кесепетинен жарандарга келтирилген материалдык чыгым жалпы 35 миллион 980 миң 81 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч милицияга арызданган адамдардын гана чыгымын эсептегенде келип чыккан сумма. Ал эми милицияга арыз жазбаган Жазира менен Чолпон сыяктуу адамдар да бар болгондуктан, бул сумма алда канча көп болушу мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин улук тергөөчүсү Нарисбек Кыдырбаев каржы пирамидасына алданып калбоо үчүн адамдарга жөн гана милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштери эле жүргүзүлөрүн билдирди.

Тергөөчү Нарисбек Кыдырбаев

 

«Тилекке каршы милиция кызматкерлери тарабынан элге профилактикалык иштер гана жүргүзүлөт. Башка чара колдоно албайбыз. Себеби мындай компаниялар Юстиция министрлигинде элди жакырчылыктан чыгаруу катарында же башка багыттагы коом катарында каттоого алынып, иш жүргүзөт. Мыйзам боюнча алардын ишине бөгөт коюлбайт. Ошондуктан ИИМ көпчүлүк учурда алардын кесепети менен гана иштерди жүргүзөт», — деди Кыдырбаев.

Каржы пирамидасы элди жакырчылыкка алып келет

Улуттук Бизнес Ассоциациялар Альянсынын жетекчиси жана экономист Искендер Шаршеевдин айтымында көпчүлүк адамдар белгилүү адамдардын жарнамасы аркылуу алданышат.

«Кыргызстанда каржы пирамидасын түзгөндөргө катуу чара колдонулбагандыктан күндө жаңысы чыга берет. Ошол эле түзгөн адам бирин жаап, кайра экинчисин ачып алышы мүмкүн. Ага алданган адамдар көп учурда үйрөнүүнү сүйбөгөн, женил акчага кызыккан, реалдуу тегеректеги чөйрөнү тунук көз караш менен карабай, “магиялык, укмуштук” ой жүгүртүүгө ээ адамдар. Мындай адамдар ак-көңүл, боорукер, ишенчээк болушат. Тилекке каршы ушундай аң сезим кылмышкерлерге абдан сонун белек», — дейт Шаршеев.

Эксперт ошондой эле өлкөдө топ маркетинг уюмдарын жана Понци системасын колдогон ишканаларды толук жабуу керектигин белгиледи.

«Кыргызстанда каржы пирамидасын, топ маркетингди иштеткендер үчүн мыйзам жок. Муну дагы жогорку деңгээлде карап чыгуу керек. Ошондуктан пирамидалар топ маркетинг уюмдардын, курулуш кооператив, кредиттик бирикме аттарына жамынып Понци системасын “топ маркетинг” деп атап иштешет. Топ маркетинг уюмдарын, Понци системасын колдонгон ишканаларга толук тыюу салуу керек. Андан кийин топ пирамида принцибин колдонуп иштей турган ар уюмдарды таап – жабуу зарыл. Ал жөнүндө абдан так түшүндүрмөлөрдү жасап, жалпы элге улуттук ЖМКлар аркылуу чыгарыш керек», — деди ал.

Серепчи Ялкун Даутов каржы пирамидага алданган адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканын айтат. Ал каржы пирамидадан эч качан көп акча табып кетүү мүмкүн эместигин билдирди.

Ялкун Даутов

«Убактысы келди, каржы пирамидаларын азайтуу үчүн мыйзам чыгарыш керек. Аны дагы жөн эле жазып койбой, тиешелүү органдар менен биргеликте туура жагына чечим чыгаруу үчүн иштеп чыгуу зарыл. Мыйзамды түшүнүктүү жана жалпак тил менен жазуу керек. Себеби карапайым эл түшүнбөй калышы мүмкүн. Негизи каржы пирамидасын негиздеген адамдар дагы оңой эмес», — дейт ал.

Даутовдун айтымында, айыл жергесинде жашаган тургундар көп алданып жатканын белгилеп, бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик теле каналдардан жана ЖМКлар менен биргеликте эл алданбоо үчүн видео роликтерди тартып коомчулукка көп чыгаруу керектигин айтат.

«Карапайым элди азгырган белгилүү адамдар дагы болуп жатат. Мисалы, ырчылар, актёр, актриса дегендер болуп жатат. Буларга дагы катуу чара колдонуу керек. Маселени чечүү үчүн элге таасир бере турган видео роликтерди тартып чыгарып, атайын жарыяларды телеканал жана ЖМКлар аркылуу чыгарышыбыз керек. Мисалы өнүккөн өлкөлөрдө деле ушул ыкманы колдонушат жана аларда мыйзамдары жакшы иштейт», — деп түшүндүрдү ал.

Арам акча жукпайт

Оңой, башкаларды алдоо менен келген киреше — арам болору Ислам дининде да белгиленген. Нарын казыятынын башчысы Эрик Молдокуловдун айтымында каржы пирамидасы динге туура келбегендиктен, комиссиянын чечими менен тыюу салынган.

Нарын казыятынын башчысы Эрик Молдокулов

«Каржы пирамидасы Аалымдар кеңеши тарабынан “арам” деген чечим чыккан. Анда бир канча мисалдар келтирилген. Мисалы, жамааттын ичинде бир адам чыгымга учурап калса бул такыр болбойт. Каржы пирамидасында бири-бирин алдап киши жаздыртышат да. Ошондуктан динде тыюу салынган. Эгерде каржы пирамидасын динге тууралап ачам дегендер болсо Аалымдар кеңеши менен талкуулап, алардан сабак алуу керек», — деди ал.

Алдануудан алынган сабак

32 жаштагы Элиза Сапаркулова да каржы пирамидасына ишенип, жабыркагандардын бири. Учурда ал дары-дармек компаниясында онлайн иштейт. Андан сырткары социалдык тармак аркылуу косметикаларды жарнамалап акча табат.

Элиза Сапаркулова

 

«Мен дагы мурда каржы пирамидасына көп жолу алданып калгам. Эки-үч жолу алдангандан кийин анан ал нерсе болбойт экенин түшүндүм. Пандемия башталып калганда, балдар менен үйдө отуруп калдым. Интернеттен бул компаниясын таап изилдеп баштадым. Болгон соцсеттерден карап, баарын талдап чыктым. Анан интернеттен эле командага кошулдум. Алгач тренингдерине катыштырып, анан жарнама кылганды үйрөтүштү. Анан иштеп баштадым. Азыр болсо баштагыга карганда үйдө отуруп көп акча тапканды үйрөндүм. Интернеттен эле косметикаларды сатып акча табам», — дейт Сапаркулова.

Ошондой эле, Сапаркулова айыл жергесиндеги жумушсуз жарандарды оңой акча табууга чакырган шектүү каржы пирамидалардан алыс болууга чакырды.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова