“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Ача туяктуу малдарды дарылоо иштери жүргүзүлдү

22 Октябрь 2021 жыл 10:41
Көрүүлөрдүн саны: 92

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө малдар жайлоодон түшкөндөн бери дарылоо иштери башталды. Кой эчкилерди купкалоо иштери колго алынып, жумуштар жыйынтыкталды

Куланак айылында Терек — Суу коктусунда жайгашкан кой – эчкилерди купкалоо үчүн курулган ваннага жалпысынан 22000 кой – эчки ваннага түшүрүлдү. Ал эми жалпы айыл өкмөттө 40 000 дей баш катталган. Учурда жайыттарга чукул жерлерге да купкалар уюштурулган. Мисалга алсак кээ бир короолор Учкун айылына салынды, кээ бирлери Чойжап жайлоосундагылар Ат – Башы районуна караштуу Кара – Суу жана Кара -Булуң айылындагы купкаларга салынды. Себеби малдын жайыттары ошол аймактарда – деп билидирди Куланак айылынын ветеринардык адиси Айзада Токказиева


Купкалоо иштери негизинен жаз, күз айлары жүргүзүлүп келет. Бул иштер котур жугуштуу оорусун алдын алуу үчүн кеңири колдонулган ыкма. Кыш мезгили үчүн короолор дезинфекцияланбай калган учурда койлорго котурга каршы вакциналар сайылат. Ал эми быйылкы жылы койлорду купкалоо үчүн “индицидол” дарысы колдонулду. Дарыларды жайыт комитети камсыздап берди жана жеке ветеринар Улан Курманкожо жардам кылды. Мурунку жылдары кой башына 7 сомдон болсо быйылкы жылы 10 сомду түздү – деп толуктады ветеринар.

Айыл тургуну Талантбек Орозакунов төмөндөгүлөргө токтоду:

Быйылкы жылы койлорду купкалоо үчүн жакшы шарттарды түзүп беришти. Аба – ырайы да жакшы болуп берди. Кээ жылдары чабандар өздөрү от жагып убараланып салып алышчу. Быйылкы иштерди абдан жакшы уюштургандыктан малдарды убагы менен купкалап алдык.

Талантбек Орозакунов

Негизи 2 жылдан бери жазгысын койлор кыркылгандан кийин муздак эле ванна кылып короодон эле жууп алам. Себеби жүндөрү кыска кезде жакшы эле өтөт. Анандагы короо дагы тазаланып калат экен.

Учурда уйларды “шарп” оорусун алдын алуу үчүн вакцинациялоо үчүн даярдыктар көрүлө баштады.

Котур — кене пайда кылган өнөкөт жугуштуу оору. Котурдун козгогучу болгон кенеге жараша бул оорулардын башка аталыштары да бар.

Териде пайда болушу

Жаныбардын терисинин бетинде тери тактары пайда болот. Алар лимфа же интерстициалдык жана интерстициалдык суюктук менен азыктанышат. Ыңгайлуу шарттарда теринин өнүгүүсүнүн бүт цикли эркектерде 14-15 күндө, аялдарда 18-20 күндө өтөт. Жашоо шартынын начарлашы менен өнүгүү 2 айга чейин кечиктирилиши мүмкүн.
Кенелердин өнүгүшүнүн негизги шарты тери абасындагы нымдуулук болуп саналат. Нымдуулук  канчалык жогору болсо, котур энзоотиясы ошончолук тез өнүгөт.

Жугуу жолдору

Тери жегичтер жаныбардын терисинин үстүндө жашайт, эпидермистин кабыгы жана кабыгы менен азыктанат.
Инфекция көбүнчө дени сак жаныбарлардын оорулуу жаныбарлар менен же алар менен байланышкан нерселер менен байланышынын натыйжасында жугат, мисалы, ат жабдыктары, щеткалар, короодо ж.б учурларда таза малдарга жугушу толук мүмкүн.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева