Нарын районуна караштуу Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев атындагы мектеп окуучулары арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке пандемиянын шарттарын эске алуу менен жогорку класстарын окуучулар арасында гана өткөрүлдү.
Аталган мектепте 9 — 10 — 11 — класстар арасында кичи футбол аянтчасында футбол мелдеши өткөрүлдү. Мелдешти мектептин дене тарбия мугалими Саламат Исаков жана Нарын РИИБнун КККнын ЖИИнин участкалык инспектору милициянын лейтенанты Максат Дүйшөкеев уюштурду.
«Мындай мелдештер 2 жылдан бери пандемияга байланыштуу өткөрбөй келгенбиз. Ошол эле учурда пандемиянын шарттарында эске алдык. Ошондуктан жогорку класстар үчүн өткөрүүнү туура көрүп кичи футболдук аянтчада футбол оюнун өткөрдүк.
Оюнга 9 – класстан 11 – класстын окуучулары катышышты. Оюндун негизги максаты жаштарды кылмыштуулукка бардырбоо жана спортту сүйүүгө чакыруу», — дейт Максат Дүйшөкеев.
«Оюн абдан кызыктуу өттү. Окуучуларда бат баттан өткөзүп турууну суранып жатышат.
Пандемияга чейин класс аралык «валейбол», «футбол» «тогуз коргоол», «шахмат» оюндары өткөрүлүп турчу» — деп кошумчалады дене тарбия мугалими Саламат Исаков.
Жыйынтыгында кыздар арасында 1 — орун 9а классы, 2- орун 10 — класс, 3 — орун 9б — класстары ээледи. ал эми балдар арасында 1 — орун 9б — класс, 2 — орун 11 — класс, 3 — орун 8 класстын балдары ээледи. Командалар грамоталар менен сыйланды.
Айзат Түмөнбаева