“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

«Кызга кырк үйдөн тыюу». Кесип тандоого да ээ боло албаган кыздар

26 Октябрь 2021 жыл 21:54
Көрүүлөрдүн саны: 83

Өлкөдө мектепти бүткөн окуучу кыздардын баары эле өздөрү каалаган кесипке ээ боло бербейт. Алардын айрымдары ата-энеси же туугандары тарабынан кысымга кабылып, “сен кызсың да, кыздарга ылайыктуу эле окууга оку” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, ата-энелер өздөрү каалаган кесипке окуткан да учурлар кездешет.

Кесип тандоодогу жаңылыштык

Жибек (аты өзгөртүлдү-ред) 3-курстун студенти. Бирок, ал тапшырган окуу жайды өзүнүн макулдугусуз ата-энеси тандап бергенин айтты. Жактырбаган кесиптин түрү боюнча билим алып жаткандыктан окуусун өз алдынча сырттан окууга котортуп алган.

 

Ал эми 24 жаштагы Медина Тыныбек кызы дагы ушундай эле учурга туш болгон. Ал мектепти аяктаган соң котормочулук жаатында билим алууну максат кылган. Деген менен ата-эне, бир туугандары Мединаны дарыгер болуусун каалап, медициниалык университеттердин бирине тапшырууга айласыз болгон. Натыйжада окуусун аяктабай жатып турмуш жолун тандап алды.

Медина Тыныбек кызы

“Мен негизи үй-бүлөдө кыздардын улуусумун. 11-классты бүткөндө ата-энем менден сурабай эле дароо документтеримди медициналык университетке өткөрүштү. Кайсы кесипти тандагым келээрин көңүлгө алышкан жок. Ата-энемдин тандоосу деп көңүлүм жок окуп жүрдүм. Кийин жолдошум болчу жигит менен таанышып калдым. Аны менен бир аз убакыт сүйлөшкөндөн кийин мени ала качып кетти”, — дейт ал.

БУУнун билдирүүсү

2018-жылы Бурулай Турдалы кызынын уурдалып, милициянын имаратында киши колдуу болушунан кийин Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү өлкө бийлигин кыз-келиндердин укутарын коргоого жана уурдоо жосунсуз жоругун токтотуу үчүн “бардык тийиштүү чараларды көрүүгө” чакырган.

Анткени «кыз-келиндерди уурдоо, ата-энеси же жакын туугандары тарабынан кысымга кабылуу жана мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу жоруктар Кыргызстандын маданиятына, каада-салтына эч кандай тиешеси жок, тескерисинче калктын аялуу катмарынын укугун тебелөө болуп саналат».

2020-жылдын декабрь айында ЮНИСЕФ — БУУнун балдар фонду, БУУ-Аялдар жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргызстанды «Гендердик зордук-зомбулук, өзгөчө балдарга карата жасалган зордук-зомбулук жазаланбай калышын түп тамыры менен жок кылууга» чакырган.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ жана БУУнун билдирүүсүндө өлкөдө 24 жашка жете элек кыздардын 13.8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болушканын да белгилеген.

Кыздарды макулдугусуз никеге тургузуу өлкөнүнүн бардык аймактарында катталары аныкталган. Айрыкча Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында кыздарды мажбурлап турмушка узатуу кеңири тараган.

«Бардык нерсе үчүн ата-эне чечим кабыл алуу туура эмес»

Педагог жана жарандык активист Асылбек Жооданбековдун айтымында, кыздарга кесип тандоодо жакындарынын сунуш, тандоосу көпчүлүк учурда терс таасирин тийгизет.

Натыйжада өзү кызыгуу менен билим албаган жаштар кийин кесиби боюнча иштеп кетүүдө аксашат. Ошондой эле алар жашоодогу маанилүү учурларда өз алдынча чечим кабыл алуудан карманышып, дайыма кимдир бирөөнүн көмөгүнө муктаж болууга алып келет.

 

“Кыздардын колунан көп нерсе келет”

Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери жана кыздардын укугун коргоо боюнча эксперт Айнура Эшимканова Кыздар келечегин куруп, өздөрүн камсыздап кетүүсүнө ар бир ата-эне уул, кызынын кесип тандоосу, билим алуусуна бирдей шарт түзүп берүү керек дейт. Учурда кыздарды үй — бүлөдө экинчи орунда карашууда. Маселен, уулун бакчага берип, кызын инисин караш керек деп үйдө алып отурушат. Мындайда кыздарда өзүдөрүнө карата ишеничсиздик пайда болуп, чоң ийгиликтерди жарата албайбыз деген түшүнүк калыптанышына алып келет.

Айнура Эшимканова

“Биз ички мигранттар менен иш алып барабыз. Аларда дагы кыз балага көп тыюу болорун байкайбыз. Ошол эле кесип тандоосунда дагы. Ата-эне 5-6 жылдык жогорку билимди алып эмне пайда тапмак эле деген таризде кыздарын колледж же кесиптик лицейлерди тандоого жол көрсөтүшөт. Айтайын дегеним, кыздарды келечекте илимде, техникада жаратман кыздар болуп чыгарын көрө алышпайт. Бул такыр туура эмес. Азыркы учурду жана тарыхты алып карай турган болсок дагы өлкөнүн желегин желбиреткен, ийгиликтерди багынткан кыздар арбын” ,- деди Эшимканова.

Акыркы 500 сому менен ийгиликке жеткен Айдана

23 жаштагы Айдана Айбекова орто мектепти аяктагандан соң ата-энеси аны араб тилин үйрөнүүгө сунуш берип, жогорку окуу жайды дагы тандап беришкен. Айдана үч жыл билим алгандан кийин дагы араб тилин үйрөнүүгө бош оту менен кирип кете алган жок. Ошондуктан немис тилин үйрөнүп, Германияга барып иштейм деген чечим кабыл алган жана ал өзү койгон максатына жеткен.

Айдана Айбекова «Италияда»

Айдана Айбекова Германияда

Германиядан бир элес

“Университетте билим алып жүрүп кайсыл кесип мага ылайыктуу деген суроону өзүмө бердим жана анын жообун таптым. Өзүмдүн жашоомду өзүм гана жакшы нукка бура аларыма көзүм жетти. Анан акыркы 500 сом акчам менен “Au Pair” программасынын негизинде алты ай немис тилин үйрөтүүчү ийримде билим алдым. Азыр Германия мамлекетинде иштеп жатам” , — деди Айдана.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова