Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы “Куланак” насосу 3 айылды сугат суу менен камсыз кылып келет. Бирок каналдын ичин камыш, талдар басып суу берүүдө тосколдуктар жаралган
Аталган насостук станция 1968 – жылы курулган. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин сугат суу менен камсыздагандыктан, Нарын районун чөп жана тоют менен камсыздайт.
Облустук суу чарбасы жардамга келген
Суу кеткен каналдын иштерин тазалоо үчүн Нарын облустук ООСтон атайын техникалар тартылып 1 айдан бери жумуш жүрүп жаткан мезгил.

иш учуру
Быйылкы тазалоо иштерибиз буга чейин эле пландалган. Бирок техниканын жетишсиздигинен ушул кезге туш болуп олтурабыз. Негизи каналдарды тазалоо иштери суу берилбей калгандан кийин жүргүзүлөт. Жаз менен берилген суу кеч күзгө чейин тынымсыз берилип турат. Сууну токтоткондон кийин, каналдын ичи кургаш керек анан техниканын жардамы менен тазалоо иштери жүрүп жаткан мезгил
Канча аралык тазаланат
Куланак насосунун узундугу 38 км түзөт. Бүгүнкү күнгө 13 км тазалоо иштери пландалган
Негизи каналдын бир эле жак бетин тазалап жатабыз. 2 жак бети тазаланса абдан жакшы болмок. Суук түшүп, тоң кармап калса экинчи бети тазаланбай калат. Эки тарабы тең тазаланса абдан жакшы болмок.

Эсенбек Исмаилов тракторист менен
Бул иштер аркылуу берилген сууну убагы менен жана коромжусуз колдонууга шарт түзүлөт – дейт Нарын облусуна караштуу Куланак насосунун Куланак суу бөлүм башчысы Эсенбек Исмаилов.
Айдоо аянтчары кантип сугарылат
Айдоо аянтчаларын сугарууда сифон колдонулуп келсе акыркы 2 жылдан бери дыйкандар заптир ыкмасын колдонууга өткөн.

айыл тургундары иш үстүндө
Негизи дыйкан чарбага тараган мезгилде айдоо аянтчалары уруу уруу менен бөлүштүрүлгөн. Биздин Жетиген жана Токол урууларынын элине 105 га жер тийген. Буга чейин биз деле сифон менен сугарчубуз. Бирок көп кыйынчылыктарды жаратчу. Кара күч көп жумшалчу, белчебизден суу кечип сифондун оозун резинка менен байлап түйшүк жаратчу. Анан кеңешип туруп, Нарын облустук ООСко кайрылып, уруксат алуу менен заптир орноттук. Бул ишти башынан аяк айыл тургуну Ордонбек Ажымүдүнов жетектеп, башыбызда турду. Өзүбүз жер аянтчаларыбыз сугарылып жаткандыктан ар бирибиз акча чогулттук. Атайын менчик техниканы жалдадык. Айыл өкмөттүн техникасы да жардамга келди.

Арык казып жаткан Эмилбек Урматов
Ал менен кошо агындылар менен келген талдар каналдын, арыктын ичтерине толуп өсүп кеткен эле, мунун баары тазаланып отунга жарап берди. Бул иштерди жаз күз айлары жазап алдык. Ар бир жер ээси келип, жумуштарды бүтүрдүк – дейт айыл тургуну Эмилбек Урматов
Куланак насостук станциясы ишке киришкенден кийин 5081 гектар дың жерлер бузулуп, айдоо аянтчаларына айланган. Учурда насостук станцияда 10 кызматкер эмгектенет.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева