“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Учкун айыл өкмөтүндө турак жайларды камсыздандыруу 2018 — жылы башталган

30 Октябрь 2021 жыл 23:37
Көрүүлөрдүн саны: 54

Учкун айыл өкмөтүндө турак жайларды камсыздандыруу 2018-жылы башталган. Анын бирден — бир максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлардын мамлекет тарабынан камсыздалышы болуп саналат.

Жаңы үйлөрдү камсыздандырууда келип чыккан мүчүлүштүктөр боюнча айыл тургуну Эсенбек Исмаилов төмөндөгүлөргө токтоду

“Мурунку үйүмдү камсыздандырчумун. Кийинки үйүмдү камсыздандырайын десем техникалык паспортун, кызыл китебин алыш керек экен. Мамлекеттик каттоого барсам архитекторду салып кел дейт. Архитекторго барсам мамлекеттик каттоого салып кел дейт. Ушинтип убара кылат экенсиңер десем өзүң чийип келчи деген. Бардыгын даярдап койгом. Барганга убакыт жок болуп жатат…”

Ал эми турак жайдын документтери толук болсо эч кандай маселе жаратбастыгын айл тургуну баса белгилеп өттү

«Тамдын документтери толук болгондуктан мен айылдан эле камсыздандырдым. 3 жылдан бери айылга эле төлөйм».

Комуналдык турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Эмилбек Солтобаев төмөнкүлөргө токтолду:

“Биздин Учкун айыл өкмөтү боюнча жалпы 945 турак жай бар. Учкунда 483, Куланак 462, анын ичинен камсыздандырууга жата турганы Куланакта 316, Учкунда 305. Жалпы 621 там камсыздандырылышы керек болчу. План боюнча быйыл 127 там камсыздандырылыш керек. 2018-жылдан бери мамлекет тарабынан атайын милдеттүү түрдө камсыздандыруу кирген. Бирок азырынча камсыздандыруу жакшы жүрбөй жатат”.

Адис мунун себеби элдин маалымдуулугу төмөн жана мыйзамдын жакшы бекитилбегендигинен деп эсептейт. Куланак айылында жарактан чыккан тамдардын саны 118 болсо, Учкунда 167 там камсыздандырууга жатпайт. Булар: жалпак, эски жана барак тамдар, мектептин жатаканалары. Камсыздандырылган турак жайлар кырсык катталган учурда мамлекет тарабынан сый төлөмгө ээ болот.

“Сый төлөмдөр боюнча айта кетели. Ар бир камсыздандыруучу жаран турак жайын айыл жеринде 612 сом, шаар жеринде 1200 сом менен камсыздандырат. Мамлекет тарабынан берилүүчү сый төлөм ар биринин чыгымына жараша төлөнөт.

Быйылкы жылдан бери каттоо онлайн форматта өтүп, каттоо жүрүп жаткан мезгил. Эмил Солтобаев

Жалпы төлом 500 миң айыл жергеси, 1 млн 200 миң шаар жергеси деп белгиленген. Шаар жерлеринде тамдар бышкан кирпич, бетон менен курулат. Айыл жерлеринде көбүн эсе чийки кирпич же сокмо менен курулгандыгынан жалпы ушундай сумма көрсөтүлгөн.

“Ар бирибиздин коопсуздугубуз үчүн 612 сом туура эле болуш керек. Кырсыктан кудай өзү сактасын. Бирок, кырсык болуп калса, мамлекет камсыздап берүүчү төлөмдөн кур калып калабыз. 2020-жылы 1-августунда катталган кыян — селде өзүнүн чыгашасына жараша 8 үйгө жардам берилди. Ал эми камсыздандырылбай калгандар алган жок”.

Айыл тургундары тамдарды камсыздандырууда кандай шарттарды аткаруулары керек. Бул боюнча турак жайларды камсыздандыруу боюнча Эмилбек Солтобаев төмөнкүлөргө токтолду.

“Камсыздыруу үчүн өзүн тастыктаган паспорту жана ошол турак жайдын техникалык паспорту керектелет. Эгер ал жок болсо, бизге кайрылса мамлекеттик каттоого өткөзүп беребиз. Ошолор аркылуу тамыңардын техникалык паспортун жана кызыл китебин алууга болот. Бул ар бир түтүнгө керек. Үйгө тийиштүү бул доументтер жок болсо, бойго жеткен балдар 18 жашка жеткенде паспорт алуусу кыйындап, ар кимдин техникалык паспорту бар үйлөргө каттоого турган мүчүлүштүктөр кездешүүдө”

https://youtu.be/BV_dvhN2EjQ

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз-карашын чагылдырбайт.

Айзат Түмөнбаева