“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Учкун айыл кеңешинин сессиясы өттү

7 Ноябрь 2021 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 65

Учкун айыл кеңешинин кезектеги сессиясы 2 – ноябрь күнү өттү. Сессия ачык өтүп, катышууну каалаган айыл тургундары  үчүн атайын орундуктар дайындалган

Учкун айылдык кеңешине Куланак айылынан 11, Учкун айылынан 10 депутат шайланган. Кезектеги сессияга жалпы 20 депутат катышып, 1 депутат жөөлү себептер менен сессияга катыша алган эмес. Күн тартибине 5 маселе коюлган. Алар төмөндөгүчө.

1. Биринчи маселе Учкун айылдык кеңешинин 2020 – жылдагы бюджеттин калдык акчасын бөлүштүрүү. Баяндамачы болуп туруктуу бюджеттик комиссиянын төрөгасыныны орун басары Назгүл Жумалиева билдирүү жасады. Учкун айыл өкмөтү тарабынан берилген сунуштар менен сессиянын катышуучулары менен тааныштырды.Сунуштар талкууланып, корутундунун негизинде атайы бюджетке байланыштуу маселелер каралды. Анын ичинен негизгилери. – А.Аралбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы стим грант аркылуу 2 285 877 сомго бүткөрүлгөн, бул иштер сметалык наркынан ашык аткарылган, 274 000 с, кошумча курулган жаңы от кананын капиталдык ремонт иштерин бүткөрүүгө 204 750с жалпы: 479 675 сом мектепке бөлүнүп берилип, которуп берүү жөнүндө макулдук берилди
Түшүм майрамын өткөрүү боюнча 60 000с
Учкун айылындагы таза суу объектисине Жумадил Мүдүновдун наамын берүү жана салтанаттуу өткөрүү үчүн 30 000с.
Айыл өкмөттүн канторасындагы бирдиктүү терезе системасын бүткөрүү үчүн 240 300с, кантордун от канасын, жылытуу системасын реконструкциялоо иштерине 114 000 с, кантордун айланасын пескоблок менен дубал куруу, эшиктин тегерегин бетондоо, складдарды бүткөрүү иштерине карата 40 000с жаңы даараткана бүткөрүүгө 13 345с бүткөрүү үчүн акча каражаттары бөлүнүп берилди. Күн тартибиндеги бюджеттик маселе жогорудагыдай чечилди

Назгүл Жумалиева бюджеттик комиссиянын төрайымы

2. Учкун айыл аймагындагы мекеме коомдук уюмдарга, ФПС тин арендага берилген жерлери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы тууралы болду. Бул боюнча баяндаманы туруктуу комиссиянын өкүлдөрү Таалакүл Токсобаева, Жылдызбек Мусапов маалыматтарды беришип, анализ жүргүзүлдү. Көпчүлүк жерлердин максаттуу пайдаланып жаткандыгы, андан түшкөн каражаттардын ар бири өз зарылчылыктары жана муктаждыктары боюнча пайдаланып келе жаткандыгы белгиленип, бирок ошого тиешелүү документацияларды өз деңгээлинде жүргүзүү багытында б.а. алынып жаткан түшүмдөрдүн актыларынын кириштелиши, техникаларга кеткен чыгымдар, түшкөн таза киреше, кайсы максаттарга кеткендиги боюнча счёт фактуралар ж.б. документтер боюнча орчундуу кемчиликтер бар экендиги кошумча белгиленди. Сессиянын жыйынтыгы менен бул маселерди айыл өкмөтү, жер комиссиясы, жер адиси болуп кайрадан карап, талдап чыгып толук жыйынтык чыгарып берүү жагы тапшырылды. Кийинки сессияда кайра кайрыла тураары белгиленди.

талкуу учуру

3. Учкун айылындагы таза суу боюнча бүткөрүлгөн резервуар объектисине Жумадил Мүдүновдун наамын берүү маселеси коюлуп, буга өмүр баяны менен таанышып, эмгектери каралып чыккандан кийин, баардык депутаттардын колдоосу менен, наамды ыйгарып берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

сессия ачык өтүп, каалоочулар үчүн орундуктар дайындалган

4. Учку айыл кеңешинин бюджеттик комиссиясынын курамын толуктоо, төрөгасын бекитүү маселесин каралып, бюджеттик комиссиянын төрөгалыгына Назгүл Жумалиеваны, орун басарлыгына Рысбек Үсөновду дайындалды.

Көк бөрү оюну боюнча жаштардын атынан Нурсултан кайрылуу жасады

5. Айылдын ардактуу атуулдугунун төш белгисине байланышкан маселе козголуп, Учкун айылынан 5 атуулга, өзгөчө ковид учурунда эмгеги сиңген ФАП тын 3 мүчөсүнө жана таза суу иштерине аткарууга катышкан 2 мүчөсүнө атуулдук берүү боюнча сунуштар айтылып, сунуштар колго алынды.

Сессиянын жоопту катчысы Осмонбек Өмүралиев маек курду.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева