“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: «Мектептер 2030» долбоору башталды

15 Ноябрь 2021 жыл 22:08
Көрүүлөрдүн саны: 99

Абдылда Аралбаев мектеби 2030 долбоорунун алкагында атайын иш пландар түзүлүп, алар ишке аша баштады.

Бул долбоор 2019 – 2020 окуу жылында башталып, тандоо турлары өткөн. Пандемияга байланыштуу андан аркы иштер жүргүзүлбөй 2021 – 2022 – окуу жылында активдүү иштер жүрө баштады.

долбоорду жүзөгө ашырып жаткан мугалимдер 4 жана 9 класстын окуучулары менен

Бул долбоорго 4 класстын класс жетекчилери жана 9 класска алгебра сабактарын берген мугалимдер катышып жатабыз. Буга чейин 3 жолку окуудан өтүп келдик. Окуулар Нарын шаарында өтүп жатты. Ар бир окууда тапшырмалар берилип, аткарылышын өткөзүп жаттык.
Долбоордун эң негизги эле максаты окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу менен логикалык ой жүгүртүүсүн ѳстүрүү жана калыптандыруу. Келечектин ээлери болгон жаш муундарды сынчыл ой жүгүртө билүүгө үйрөтүү.

4 — класстын мугалими Жазгүл Кадыралиева

«Бүгүнкү күндө прототип түзүү деген тапшырмабызды аткарып, аны көрсөтүп бердик. Тапшырмада окуусунан аксаган окуучуну мектеп кызыктырып, ар кайсы ийримдерге окутуу деп түзүп, ал баланын келечегине болгон көз карашын өзгөртүүнү койгонбуз.

Анан биз төмөндөгүдөй прототип түзүп чыгып, тааныштырдык:

1.Нарынбек мектепте ата-энелер менен чогуу болуп жаткан жыйналышка кокустан катышып калды. Нарынбек ал жерден дизайн 2030 долбоору иштеп жатканын билди. Ал жерде кесипкѳй мугалимдер ѳздѳрү иштеп чыккан китептер менен мектептен сырткары окуп түшүнүү, математикалык, логикалык ой-жүгүртүү, сынчыл ой, лидерлик билим берерин билип, ага катышууну чечти. Нарынбектин чечимин ата-энеси колдоду.

2. Биринчи сабакка келе жатып, ары коркуу, ары кызыгуу ойлору келди. Бирок келгенден кийин, ал ойлору ѳзгѳрдү. Ал жерде ѳзундѳ болгон кѳйгѳйлѳрдү аныктап жана аны чечүү жолдорун кесипкѳй мугалимдер айтты. Ал үчүн ичинде болгон кѳйгѳйлѳрду ачык айкын айтып берүүсүн суранышты. Нарынбек макул болду. Мугалимдеринин суроолоруна ачык-айкын чын дилинен жооп берди. Андан соң ѳзүн туйшѳлткѳн суроолор үйдѳн даярдады.

3. Кийинки сабакка ѳзүн түйшѳлткѳн суроолорду жазып келди. Ошол эле жерден кесипкѳй мугалимдер, Нарынбекте болгон кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн үстүндѳ иш башташты. Ал ѳзүндѳ болгон дараметти толук колдонбой жаткандыгын билди. Ал ѳзүндѳ болгон дараметти толук колдонуп кѳрүүнү ойлонду. Кесипкѳй мугалимдер ѳткѳн сабактарын кунт коюп угуп, берген тапшырмаларына жооп таба баштады жана тушунбѳгѳн суроолоруна так, түшүнүктүү жооп ала баштады.

Прототипти жактоо учуру

4. Берилген тапшырмаларды толук аткарып, кийинки сабактын болушун чыдамсыздык менен күттү. Кийинки сабакта тапшырмалар оңой сезилип, толук түшүнѳ баштады. Нарынбек жѳнѳкѳйдѳн татаалга ѳтѳ баштады. Кесипкѳй мугалимдер даярдаган китептин мазмуну Нарынбекке жакты. Мектептеги предметтерден да жакшы бааларды алып, кызыгуусу артты. Нарынбектин дүйнѳгѳ болгон кѳз карашы ѳзгѳрдү.

5. Нарынбек ѳз алдынча ОРТнын тесттеринин туура жоопторун таба баштады. Таба албаган суроолору болсо, анда дайыма кесипкѳй мугалимдер жардам берерине ишенет жана кесипкѳй мугалимдерден жардам кѳрѳт. Нарынбек ѳзүнүн классташтарына сабактан сырткаркы ийримге катышууга чакырды жана кандай пайдалуу экендигин айтты. Нарынбектин ата-энеси уулунун жакшы жагына ѳзгѳргѳндүгүн байкады. Ичтеринин кубанышып башка ата- энелерге ийримдин пайдасы жѳнүндѳ айтты.
Биз келечекте мектеп окуучуларын сабактан тышкаркы ийримдерге тартууну пландап жатабыз. Долбоор ишке ашса ар бир класстын 4 жана 9 класстын мугалимдери жылыга ушундай сабактан тышкаркы ийримдер менен иш алып барышат», — дейт башталгыч классынын мугалими Жазгүл Кадыралиева

Назгүл Курманбекова Агахан билим берүү демилгесинин жана мектеп 2030 долбоорунун регионалдык координатору буларга токтолду:

Назгүл Курманова окуучулар менен талкуу учуру

«Бул долбоорго былтыркы окуу жылында эле мектептерге сунуштамаларды жөнөтүп, тандоо жүргөн. Бирок пандемияга байланыштуу окуулар өткөрүлгөй, пландалган иштер жүргүзүлбөй калган. Быйылкы окуу жылында жандандыруу үчүн август айларынан баштап онлайн форматта 3 окууну ийгиликтүү аяктап алдык.

Долбоор 10 жылдык. Дүйнө жүзүндөгү 10 мамлекеттин катышуусунда жүрүп жатат. Изилдөө аркылуу балдарга 21 кылымдын компетенттүүлүктөрүн жогорулатууга жардам берүүгө түрткү болуп жаткан долбоор.

Индия, Пакистан, Бразилия,Партугалия, Кения, Уганда, Тажикстан, Афганистан, Кыргызстан катышып жатат. Ар бир мамлекетте 100 дөн мектепке чейинки уюмдар жана мектептер катышып жатат. Кыргызстандан 70 мектеп катышып жатат. Нарын облусу боюнча Нарын жана Ат — Башы райондорунан 15 мектеп каты. Бул долбоордун алкагында 3 кагорта менен иштейбиз. 5 жана 6 жаш – бул бала бакчанын деңгээлинде, мектептин деңгээлинде 10 жана 15 жаштагы балдар менен иштеп жатабыз. Демек 10 жаштагы балдар 4 класстын, 15 – жаштагы 9 класстын окуучулары.

Адамга багытталган дизайн ой жүгүртүүнү тандап алып, мугалимдерди окутуудан өткөрдүк. Мугалимдер адамга багытталган дизайн ой жүгүртүүнүн ыкмаларын пайдаланып, класстагы көйгөйлүү окуучулар менен кантип иш алып барса болот. Алардын көйгөйүн кантип аныктаса болот. Кайсыл билим берүү багытынан аксап жатат, окуучу ошол нерселерди аныктап чакан долбоорлорду жүргүзүп, прототиптерди түзүп, идеяларын алып чыгып, анан бизге кийин грант алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат».

Долбоор Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин кол коюлган меморандумдун негизинде жүрүп жатат. Нарындан сырткары Бишкекте, Ошто, Чүйдө да долбоор жүруп жатат. Долбоордун активдүү катышуучулары үчүн кичи гранттар каралган. Азыркы учурда долбоорго 10 жыл боюу иштешчү мектептерди тандоо жүрүп жаткан мезгил.

 

Айзат Түмөнбаева