“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта СПИДге каршы күрөшүү иш-чаралары бир айга уланат

21 Ноябрь 2021 жыл 19:56
Көрүүлөрдүн саны: 75

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 1– декабрь бүткүл дүйнөлүк «СПИДге каршы күрөшүү күнүн» окуучулар менен биргеликте ар жылы өткөрүп келет.

1– декабрь  бүткүл дүйнөлүк «СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ар жылы  маалыматты жеткирүү үчүн  иш- чаралар өткөрүлүп келет. Былтыркы жылы пандемияга карата карантин болгонуна байланыштуу онлайн форматта иш чаралар өткөрүлгөн. Бул күнгө карата ноябрь айынан баштап бир айлык иш- чаралар жарыяланган. Ага байланыштуу Учкун айыл өкмөтүндө  лекция, линейка жана жөө жүрүш өткөрүлдү.

“Былтыркы окуу жылы онлайн форматта болгонуна байланыштуу, окуучуларга класстык сааттар аралыктан өткөрүлгөн. 2021– 2022—окуу жылында мектеп ичинде атайын дубал газеталар сынагы жана класстык сааттар 1—декабрга чейин өткөрүүнү пландап иш- чаралар активдүү өтүп жаткан учур. Бүгүнкү күндө мектеп жөө жүрүш өткөрүү каралган. Ага жогорку класстын окуучулары катышат. Атайын чакырык барактары даярдалып, класстарды активдүү катышууга уюштуруу иштери жүрүп жаткан мезгил”,—дейт мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Асель Кыдыралиева.

Залдагы дубал газеталар

Ал эми мектептин математика мугалими Аида Жумабаева төмөндөгүлөргө токтоду:

Пандемияга чейинки өткөрүлгө иш чаралардан көз ирмем

“Негизи эле класс жетекчилер дайыма эле өтөбүз. Жылда ар кандай конкурстарды, кечелерди өткөрүп. Бир жылы ата—энелер менен чогулуш өттүм. Быйылкы жылы классым жогорку класс болгондуктан жөө жүрүшкө даярданып жатабыз. Анан негизи тарбиялык саат өтүлөт”.

Буга байланыштуу мектептин ичинде ыр сынагы жарыяланып, ырлар чогултулду. Алардын мыкты деп табылгандары мектептин башталгыч класс мугалимдериники.

Аты жаман илдеттен кутулалы
Сактануунун жол—жобосун угалы
Таза, дайым тыкан жүрсөк биз
Жоголот 21—кылымдын чумасы

Дарылоонун алдын алуу катары
Медиктерден сурамжылоо кылалы
Бул ооруга каршыбыз деген ураан менен
Жүрүшкө биз дагы чыгалы

Ар бир инсан өзүн өзү коргосун
Дүйнөдө бул оору такыр болбосун
Жазгүл Кадыралиева

БАЙКАБАСТЫК

Байкабастан бул илдетке чалдыктым
Бар ден соолук талкаланып, кор болду
Бакыт эле ден соолугум барында
Бүт өмүрүм азгырыкка кор болду

Уккум келбейт бул ооруну укканда
Көргүм келбейт ал күндөргө наалат да
Тагдырыма баш ийүүдөн башка жок
Аяр бол дос, бул илдетке чалдыкпа

Күндөр дайым көңүлдүү эле шаң эле
Жолдошторум жөлөп таяп дос эле
Көрүнбөстөн көзгө такыр аскырык
Кантем досум, шайыр күндөр кайда эле

Асель Кыдыралиева

Ал эми жөө жүрүшкө жана флешмобко Учкун айыл өкмөтүндөгү мекемелер  жана мектеп активдүү катышышты.

«Буга чейин класс жетекчибиз класстык саат өтчү. Быйыл болсо актовый залдагы жыйналышка жана флешмопко катыштым. Мурун деле бул маалыматтарды билчимүн. Бирок жыл сайын сандардын өскөнүн байкап жатам. Ар ким өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн кам көрүү керектигин Назгүл эже баса белгилеп айтты. Биринчи жолу чоң класстар менен  аралаш олтуруп катышкандыктан, башында уялып жаттым. Бирок ден соолугубуз үчүн уялуунуну кереги жок экенин түшүндүм,» — дейт аты жөнүн атагысы келбеген 8- класстын окуучусу.

Айзат Түмөнбаева