“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак айылында түшүм майрамы белгиленди

21 Ноябрь 2021 жыл 20:13
Көрүүлөрдүн саны: 57

Түшүм майрамы Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев мектебинде салтанаттуу түрдө ачылды. Аны Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Өмүрзаков ачып берди.Бул майрамга карата атайын иш чаралар уюштурулган

Түшүм майрамы көп жылдан бери өткөрүлбөгөндүктөн мектептин астындагы жарменкеге эл аз чогулган

«30 жылдан бери өтпөгөндүктөн алгач болуп, эл чала угуп калды окшойт. Негизи эртерээк өтсө жакшы болмок беле » — дейт жарменкенин катышуучусу Райхан Ускаева

Мавлюда Эргешова

Жарманкенин катышуучусу Райхан Ускаева

кол өнөрчүлөрдүн эмгектери

Бул учурда мектептин спорт залында айымдар арасында “волейбол” оюну кызыктуу өтүп жатты.

мектептин ичиндеги айымдар арасындагы волейбол оюнунан бир кз ирмем

оюун кызуу жүрүп жаткан мезгил

Ал эми сыртта жарманке кызуу жүрүп айыл тургундары өз кол эмгегинен жаралган буюм, жер жемиш жана тамак аш азыктарын айыл тургундарына сатыкка чыгарышты.
Жарменке болот дегенинен кызыгып келген айыл тургун Алмагүл Ибраева  төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бүгүнкү ярмаркабыз жакшы дээңгелде өттү деп ойлойбуз. Биздин айылыбыздын тургундарынын көпчүлүгү келбей калыптыр. Үйдө продукциябыз бар эле болчу. Билбегендик кылдым. Эми келгенге аракет кылам»

жарменке кызуу өтүп жаткан мезгил

Иш-чарада мыкты механизатор, мыкты фермер, мыкты дыйкан, мыкты чабан деген номинациялар менен сыйлыктар берилди. Бул туурасында Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Анара Балтабаева билдирди:

«Түшүм майрамына айыл өкмөтү 50 миң сом караган. Комиссиянын жыйынтыгы менен 4 механизаторго “ардак громата” жана “ыраазычылык кат” жана акчалай сыйлыктар берилди. Анан кичинекей жарманке уюштуруп жатканбыз. Түшүм майрамы буга чейин өткөрүлүп келген эмес, биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Кемчиликтери бар. Ошондой болсо дагы баштап алдык. Элдин маанайы жакшы».

Ортодо Анара Балтабаева. Мыкты чабан номинациясын алуу учуру

Мыкты механизатор. Алмаз Асанбаев

Иш-чара улуттук оюндар, спорттук мелдештер менен коштолду. Улак тартыш оюну жаштар тарабынан демилгеленип, 1-орунга 5000 сом, 2-орунга 3000 сом жана командалык сыйлыктар тапшырылгандыгын Анара Балтабаева баса белгилеп өттү.

«Андан сырткары спорт мугалимибиз Мусалиев Назарбек күрөш оюнун уюштуруп жатат. Ага дагы 10 миң сом каралган. Эр эңиш дагы талаада өткөрүлөт. Анан жарманкенин активдүү катышуучуларына да сыйлыктар каралган».

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Айзат Түмөнбаева.