“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: «Гриппол» вакцинасы аз келди

27 Ноябрь 2021 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны: 48

Учкун айыл өкмөтүнө караштуу №1 Куланак Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда сасыктымоого каршы эмдөөлөр жүргөн

Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуну 4 жылдан бери “гриппол” дарысы айыл тургундары үчүн келип турат. Быйылкы жылы 60 доза келип, алар айыл тургундарына сайылган. Бул боюнча маалыматты аталган мекеменин медициналык кызматкери Гүлгаакы Акмолдоева билдирди.Ал эми вакцина алуудагы жол жоболор боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди

Гүлгаакы Акмолдоева

“Ар бир вакцинаны алганда мисалы адам “гриппол” алган болсо 30 күндөн кийин гана ковидке каршы алыш керек. Кандай вакцинация болбосун ортосу 30 күндөн 45 күнгө чейин болуш керек. Ошол интервал менен эмдөөлөрдү ала берет.
Ал эми былтыркы жылы 100 ашык адамды “гриппол” вакцинасы менен эмдегенбиз. Учурда кээ бир айыл тургундары 300, 350 сомдон аптекадан сатып алып келишип сайдырып кеткендер да бар. Эми ар ким өзүнүн ден соолугу үчүн кам көрүшөт да. Кээ бирлери дагы деле вакцина келгенин сурап жатышат. Себеби былтыркы жылы көп келген”.

Айзат Түмөнбаева