“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланакта наристелердин төрөлүшү жылдагыдан көп болду

27 Ноябрь 2021 жыл 22:47
Көрүүлөрдүн саны: 249

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жаңы төрөлгөн балдардын саны жылдагыдан көп катталган. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга пандемия терс таасирин тийгизген жок дейт дарыгер.

Куланак айылындагы Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна кош бойлуу айымдардын 2021 – жылы катталуусу көп болгон. Бул боюнча аталган №1 ҮДТ медициналык кызматкери Жеңишкүл Жумаева.

“Covid – 19” кош бойлуу айымдарга терс таасирин тийгизген жок. Каттоодон өткөн айымдар кош бойлуу кездеринде деле кайрылышкан жок. Ай сайын медициналык кароодон калбай өтүп жатышты. Ноябрь айына чейин 50 наристе жарыкка келди. Энеси менен балдарынын абалдары жакшы. Дагы 20 кош бойлуу айымдар каттоодо. Эми бизде мындайда бала төрөлүп, кайра эле келиндер учётко отуруп толуктап турушат. Мурунку жылга караганда каттоого кош бойлуу айымдар көп олтурду. Пандемия эч кандай таасирин тийгизген жок. Болгону жылдагыдан наристелер көп төрөлдү.

Ал эми айыл тургуну Назгүл Жумаева 4 баланын энеси. Учурда бешинчи баласын күтүп жаткан мезгили.

Назгүл Жумаева

“Мен ай күнүмө жетип калдым. 2 жылдан бери дарыланып, пландап, кош бойлуумун. Пандемия абалын деле түшүнүп, көрүп турдум. Бирок коркуу сезими болгон жок. Себеби мен даярданып, врачтардын кеңештерин алып, даярдандым. Абалым жакшы. Кош бойлуу учурумда деле атайын кеңешке кана барбасам, ооруп деле кайрылган жокмун”.

Аты жөнүн атагысы келбеген каарман август айында наристелүү болгон:
“Биздин 1 кыз, 1 уулубуз бар. Анан үчүнчүсү кыз болду”. Азыр абалыбыз жакшы. Болгону пандемиядан коркуп бала менен эч жакка чыккан жокпуз жана үйгө да конок чакыра элекпиз. Балага сасык тумоо жуктуруп алуудан кооптонуп. Буга чейинки төрөлгөн балдарыбызды болсо кырк күндөн кийин эле конокторго алып барып, үйгө конок чакыра берчү элек”, – дейт.

 

Айзат Түмөнбаева