“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Касапчы: «Шорполор казан бойдон төгүлгөн мезгил»

28 Ноябрь 2021 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 89

Куланак айылында акыркы эки жылдан бери пандемияга байланыштуу аш- тойлорго  элдин коопсуздугу үчүн чектөөлөр болуп келген. Быйылкы жылы күз айларында ар бир күнү аш тойлордун көп болгондугунан барганга жетишпей да калып жаткандарын айтышат.

Айыл тургуну Эсенбек Исмаилов кызматкер болгондуктан, жумуштан бошоп бара албай жатканын баса белгилейт:

«Аш- той 2 жылдан бери болбогонго азыр аябай эле болуп жатат. Аш – той, куран окутуу, бир топ эле чакырыктар бар. Катышканына катышып, катышпаганына катышпай эле жүрөм. Жумуштан бошобой калып жатам. Кээде бир убакта 3 жерге чакырылып, калып жатабыз. Анын бирине эле барасыңда. Бул эми аш- тойду тыйган болбойтко. Кыргыздын канына сиңип калган экен. Куран окутуу деген болот экен. Окутпай койсоң окутпай койду деген сөзгө калгандан намыстанышат. Ошентип окутууга туура келип жатат».

Эсенбек Исмаилов

Айылда аш- тойдон да быйыл келин той көп болду

Той болгону менен кур намыстын айынан ысырапкорчулук болуп жатканын айыл тургуну Чынара Абдырасулова баса белгилейт.

Чынара Абдырасулова

«Азыр мен пенсионермин, небере багып иштеп жатам. Күз келип, жердин баары алтын жамынып, токчулук, молчулук, болуп жатат. Баягы илгери өзбек менен кыргыз кошуна болуп жашайт дейт. Өзбек баласынан сурайт  “Ар жакта эле таңкылдап жатат, кыргыз кошунаны карап койчу эмне кылып жатат?” – десе “Ата, там салып жатыптыр” – деп жооп берет. “Аа, күз келген турбайбы” – деп коёт экен. Анын сыңарындай күз келип, берекеге толуп, айыл да аш — той көп. Өзгөчө  келген келип  көп болуп жатат.

Бир чети жакшы, баягы эле ысырап корчулук болуп жатат дебесек. Өзгөчө ашта ысырап корчулук болуп жатат деп жатабыз. Бирок эми куран окутуу баланын милдети экен. Ата – эненин сыйнатын, ариеттерин көрсөтүш баланын аманаты деп билебиз да. Антпесе, эл кеп кылат экен. Ар ким эле алына жараша жасаса намыстанбай. Аш тойдун болуп турганы жакшы. Өзгөчө келин келген. Илгертен эле “келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр” – дейт экен. Ушинтип келин келген жерге калбай барып, келин көрөбүз. Бул да токчулуктун белгиси деп ойлойм.

Шорполор казан бойдон төгүлгөн мезгил

«Аш- тойдо кызмат кылган касапчы балдар ар бир айылдан чыгат. Айыл тургуну Исабек Жангарач уулу Бишкек шаарында касап канада элге кызмат кылат. Ал баарынан ысырапкорчулук шаарда деп баса белгилейт. Себеби, айылда бир күндө ашып кетсе 3 казан эт бышат. Анын 1 казан сорпосу ичилсе, 1 казанына кесме бышырылат. 1 казанды кызмат кылган ошол жердеги кошуналар жеңелер балдарына куюп кетет,» — дейт.

 

 

Исабек Жангарач уулу

«Мен Бишкекте мал сойгон жерде иштейм. Ысырапкорчулук шаарда экенин иштегенден баштап билдим. Эми менин кызматым мал союуп, эттерин бышырып, кафелерге алып барып, табактарына салып, тартып бермей. Кээ күндөрү 10 бодо малга чейин союлат. Бирок күнү кур эмес. Союлган жок дегенде 2 мал союлат. Кээлери үйлөрүнө чакырышат. Ал жерден деле союп, иче карындарын артып, казанга салып, кыскасы табакка тартканга чейинки жумуштарды жасап беребиз. Бир кишинин колунан келбейт. Мал сойгон жерде 10 дон ашуун бала иштейт. Мен үйрөнчүк болуп киргендиктен жетишпей жатканда гана устаканга кой беришпесе, көп жөнөтүшпөйт. Шорполор казан казан болуп төгүлүп, ысырап болот. Этти бышырткандан кийин, кесме бышырганга гана бир аз сорпо алып кетишет мал ээлери. Калганы төгүлөт.

Быйылкы жылы кымбатчылык болгону менен айылдарда аш тойдун көп болгонун 2 жылдан бери топтолуп кеткенинде дейт айыл тургундары.

 

Кыргыз тойлору жана андагы ысырапкорчулук  тууралуу аудио подкастты угуңуз.

 

Айзат Түмөнбаева