“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Добуш берүүгө эл аз катышканы байкалды

28 Ноябрь 2021 жыл 20:00
Көрүүлөрдүн саны: 74

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №4051 шайлоо участогу А.Аралбаев мектебинде жайгашып, шайлоо өз нугунда жүрүп жатты.

Куланак айылында жалпы 1936 шайлоочу бар.
Бул шайлоо мурунку шайлоолорго караганда оор жүрүп жатканын 4051 шайлоо участогунун төрайымы Аза Тилекматова баса белгилеп өттү:

Аза Тилекматова

“Быйылкы шайлоо эки тизме менен өтүп жатканына байланыштуу, бир мандаттуу жана бирдиктүү округ деп, эки бюллетень менен шайланат. Мурунку шайлоолорго караганда шайлоо оорурак өтүп жатат. Элге маалымат азыраак жеттиби билбейм. Биз ошого карабастан, ошол адамдардын тизмелерин коюп койдук. Күндүзгү төрттө араң 500 шайлоочу келип шайлап кетишти. Мындай болчу эмес эле. Булга маалга 700 киши келип катышып калчу эле. Бирок бул шайлоодо элдин басымы аз болуп жатат”.

Ал эми шайлоого келген Миргүл эже шайлоо тынч өтүп жатканын байкаган:
“Бүгүн шайлоо абдан тынч өтүп жатат. Өз милдетимди аткарып, кирип мен каалаган адамыма жана партияга добуш берип чыктым. Мынча болуп тынч абалга кезиккен эмес элем”.

Ал эми 74 жаштагы айыл тургуну шайлоо тууралуу оюу менен бөлүштү:

“Эч кандай үгүттөө иштери жүргөн жок. Ар бир партиянын кандидаттарынын тизмеси менен таанышып чыксам, эски атка минердин баары тең эле бар экен. Ошондуктан каршы пикиримди билгиздим. 1 мандаттууга болсо добушумду берип чыктым”. – дейт сүрөткө түшүп, атын атагысы келбеген каарман.

Кечки саат 19:35 ке жалпысынан 726 шайлоочу келип, добуш берип кеткен.

Шайлоо тууралуу маалыматтарды бул жерден окуңуз.

 

Айзат Түмөнбаева