“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Айылда жылкыларга чип басыла баштады

29 Ноябрь 2021 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны: 102

 Учкун айыл өкмөтүндө жылкыларды чиптөө үчүн атайын тосмолор жасалып, даярдыктар бүткөн соң гана, Куланак айылындагы авто гаражда чиптөө башталды. Бир баш жылкыга чип бастыруунун баасы 250 сомдон

«Куланак айылында раскол (бөлүү) жок болгондуктан 3 күндөн бери атайын темирлерди чыгарып келип, Эркин Өмүрзаков колдоосу менен жасаганбыз. Бүгүнтөн баштап жылкыларга чип басуу башталды. Биринчилерден болуп Кыкеев Орозкожого рахмат, Жылкыларын алып келип, ушул жерден чиптерди бастырдык» — дейт Айзада Токказиева

Айзада Токказиева менен Райымбек Кеңешбек уулу чип басыгоо кам көрүү

Жылкыларга чиптерди басуу мамлекеттик деңгээлдеги иш чара болуп эсептелинет. Жылкылар чиптен өтмөйүнчө базарга алып чыгып сатуу токтотулат. Уурдап кетүү, жоголуп кетүү дегенден сактайт — дейт Куланак айылынын ветеринардык кызматкери Айзада Токказиева.

Ар бир басылган чип каттоо журналына түшүп, андан соң мамлекеттик базага киргизилет

«Жалпы Куланак айылында статистика боюнча 4000 ашык жылкы бар. Бирок жашыруун каттоодо да жок малдар бар болуш керек. Бүгүнкө күнгө 500 чип алып келгенбиз. Азыр жаңы баштап жатабыз. Уйлардын биркасындай бир калыпка түшүп калса жеңилдеп калат. Негизи 5 айлык кулундардан жогору басылат. Улам жаңы туулган кулундарга эле басылып турат».

Ар бир чип апарат аркылуу текшерүүдөн өтүп, анан басылат

Малдарды чиптөө бир топ жыл мурун чыккан мыйзам. Калк арасында көп маани берилбей жүргөн. Азыркы убакта мамлекет тарабынан баардык жылкыларга жазга чейин чип басылып бүтүш керектигин мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан мезгил.

Жылкыларын биринчилерден болуп айдап келген айыл тургуну Орозкожо Кыкеев айыл тургундарына жылкыларын айдап келип, чип бастырып кетүүсүн айтып. Ойун төмөндөгүдөй билдирди

Чип басуу учуру

«Өткөндө базарда айтып жаткан. Чип болбосо жылкылар базарга киргизилбейт, сатыкка чыкпайт деп. Ошого байланыштуу бастык. Мобул жерге жасап коюшуптур жакшынакай кылып, Ушуга киргизип алып, бирден быягынан чубап берет экен. Ошол жерден кысып эле чипти Райымбек басып жатты. Жакшы биринчелерден болуп бастырдык».

Орозкожо Кыкеев

Ошол эле учурда азыр күз мезгили болгондуктан, жылкылар семиз ошондуктан жаз менен чип бастырууну каалаган мал ээлери да бар.


«Биздин үйүр асоо. Өмүрү саалган эмес. Азыр килтилдеп семиз болуп турган мезгилинде чип тургай башына укурук салдырып карматпайт. Ошондуктан жаз мезгилин күтүп, жазында чип бастыртам. Антпесек, малдын буту колу сынса ким жооп берет – дейт айыл тургуну Алтынбек Ипасов

Материалдын Аудио сюжети менен төмөндө тааныша аласыздар

https://youtu.be/GFySSEeD5G4

 Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Айзат Түмөнбаева