“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Электр тартыш, көмүр кымбат. Маселе канткенде чечилет?

30 Ноябрь 2021 жыл 18:28
Көрүүлөрдүн саны: 94

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгынан электр энергиясы тартыш, көмүрдүн баасы жылдагыдан алда канча кымбат болууда. Энергетикалык каатчылыктан жана көмүрдүн кымбатынан айрым үй-бүлөлөр быйыл кышкыга үйлөрүн жылытуу үчүн көң камдоого аргасыз болушту

«Көмүрдү чилдеге сактап, азыр көң жагып атабыз»

Нарын районунун Учкун айылынын тургуну Сымбат Жусупова быйыл көмүрдүн баасы кымбаттап кеткендиктен жайлоодон эки камаз көң сатып алууга аргасыз болду.

Анын айтымында, жыл сайын үйүн көмүр менен эле жылытчу. Кошумча көң да пайдаланчу. Бирок быйыл кара алтындын баасы 2020-жылга караганда 1000 сомго чейин кымбаттагандыктан, көңдү көп алууга аргасыз болду.

«Көмүрдүн баасы кымбат болгондуктан Орто-Сай жайлоосунан эки камаз көңдү 6 миң сомго сатып алдым. Мурда көмүргө көбүрөөк басым жасап алчумун, быйыл тоннасын 4500 сомдон эки тонна эле көмүр ала алдым. Ошондо дагы көмүрдү чилдеге калтырып, азыр көң жагып жатам», — деди ал.

Ал эми Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну Өмүраалы Асанов үйүн кара алтын менен жылытат. Ал быйылкы жылы көмүр тартыш болуп, көмүр ала электигин жана баасы дагы жылдагыдан өтө кымбат болуп жатканын айтат.

«Биздин айылга быйыл кара алтын аз эле келүүдө. Бир эле “КамАЗ” көмүр алып келип жатат. Ал дагы аябай кымбат. Көмүрдүн түбүндө туруп, бизге 5000 сомдон келип жатат. Жумасына бир эле жолу бир “КамАЗ” көмүр алып келет, ал кимибизге жетет? Айылдын башынан эле талап кетишет. Быйылкы жылы свет дагы аябай кымбат болуп жатат. Кышында суук катуу болот, көң туруштук бере албайт. Көмүр көп жагабыз», — дейт ал.

Асанов көпчүлүк айылдаштары көмүргө муктаж болуп жатканын белгилеп, былтыр 2020-жылы үч миң сомдон алганын кошумчалады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы 2020-жылга салыштырмалуу 20%га кымбаттаган. Кара алтындын баасы эң жогорку көрсөткүч боюнча Ноокат, Исфана жана Баткен облусунда катталган. Ноябрь айында Ноокат районунда көмүрдүн баасы 10 миң сомго чейин жеткен.

Ал эми президент Садыр Жапаров 5-ноябрда Бишкектеги ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолугуп, көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убадалаган. Анын тапшырмасы менен калаада көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан эки кампа ачылган. Андан кийин Жапаров президенттин облустардагы өкүлчүлүктөргө көмүрдүн баасын 3000 сомго түшүрүү тапшырмасын берген.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кытчысы Жийде Зоотбекова Кара-Кечеде көмүр казуу иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, бир күндө 400гө чукул «КамАЗ» тоннасын 1300 сомдон көмүр жүктөп кетет.

«Кара-Кечеде күнүнө 200дөн 400гө чейин камаз тоннасын 1330 сомдон көмүр жүктөп кетишет. Ал эми, Бишкекке келгенден кийинки бааны “Кыргыз көмүр” ишканасы көзөмөлдөбөт. 2020-жылы деле көмүр 1330 сомдон болгон», — дейт Зоотбекова.

Зоотбекова 16-ноябрдан тарта өлкөнүн ар кайсы облустарында бир тонна көмүр үч миң сомдон сатылып баштаганын кошумчалады.

Электр энергиясын үнөмдөө

Бишкек шаарынын тургуну Ыйманбек Сыдыков төрт бөлмөлүү үйүн электр энергиясы менен жылытчу. Ал электр энергиясына болгон чектөөдөн улам, айласы кетип жатканын айтат.

«Өткөндө энергетика министри электр энергиясына чектөө киргенин жар салды. Менин үйүм толугу менен электр менен жылыйыт. Быйыл кыш суук болот деп жатышат. Мындай чектөө кирээрин эрте айтыш керек эле да. Кыш келгенден кийин айтпай. Өлкөдө бизге окшогон үйүн электр менен жылыткан миңдеген үй-бүлөлөр бар. Алар кантип жылытат?», — деди ал.

Ал эми, 3-ноябрда Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев журналисттерге маалымат жыйын куруп, Кыргызстанда электр энергиясына суроо-талап барган сайын өсүп жатканын айтып, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөн экенин баса белгилеген.

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 26-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 178 млн куб. Адистер суу сактагычтагы сууну үнөмдөбөсө, жазга чейин суунун көлөмү акыркы чекке жетерин эскертишүүдө. Алардын белгилөөсү боюнча, суу сактагычтагы суу 8 млрд кубга азайганда Токтогул ГЭСинин электр энергиясын иштеп чыккан агрегаттары жараксыз болуп калат.

Ушундан улам кыргыз бийлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, үйдү жылытуу үчүн көмүр, газ жана күн коллектору, биогаз сыяктуу кошумча булактарды колдонууга үндөп келе жатат.

Электр энергиясын суудан башка булактардан да алууга болот

Эксперттер Кыргызстанда электр энергиясын суудан гана эмес, башка булактардан да алууга болорун бир нече жылдан бери эскертип, түрдүү жолдорду сунуштап келишет. Анын ичинде күндөн, шамалдан жана биогаздан энергия алуу кыргызстандыктар үчүн оптималдуу болору айтылып жүрөт.

Кайра жаралуучу энергия компанияларынын ассоциациясынын директору Кундуз Кырбашева шамалдан электр энергиясын алууну сунуштагандардын бири. Анын айтуусунда муну ишке ашыруу энергетикалык кризистен чыгуунун бир жолу.

«Бүгүнкү күндө энергия тартыштыгы биздин өлкөдө эле эмес, Дүйнө жүзүндө болуп жатат. Ошондуктар ар бир мамлекет энергетика кризисинен чыгуунун жолун ойлоп жатат. Башка булактардан энергия алуу жаңы тенденция болгондуктан мыйзамга тууралаш керек. Бийлик тараптан колдоо болуп жатат, болгону мыйзамды туураласа жаңы сунуштарды ишке ашырса болот», — дейт Кырбашева.

Ал эми Бакыт Аскарбеков күн нурунан энергия иштеп чыккан жабдууларды орнотуу боюнча эксперт. Анын иштеген жеринде жана өзүнүн үйүндө күндөн электрэнергиясын алуучу күн батареясы орнотулган. Анын айтымында, күн батареясы иш кеңсени 90 пайыз электр энергиясы менен камсыздайт. Токтогул суу сактагычынан алынган электр энергиясынан болгону 10 пайыз гана колдонулат. Ал эми үйүндө болсо күндүз күн батареясынан бөлүнүп чыккан электр энергияны колдонот. Кечкисин кадимки электр энергияны колдонот.

«Күн батареясы электр бөлүп чыгарууда ысык-суук эч кандай таасирин тйгизбейт. Болгону күн нуру болсо иштей берет. Мен үйүмдө дагы күн батареясын бөлүп чыгаруучу 10 панель бар. Кийин акча кошуп чоңойтуп ала берсем болот. Бүгүнкү күндө баарыбыз түшүнүп атабыз электр тартыштыгын. Ошондуктан башка булактардан дагы энергия алууну издешибиз керек», — дейт ал.

Мындан сырткары, ал күн батареясын 30 жылга чейин колдонууга мүмкүн экенин белгиледи.
Шамалдан электр энергиясын өндүргөн мамлекеттер

Дания өлкөсү 2020-жылдан 2050-жылга чейин көмүр суутектүү күйүүчү заттарды жерден казып алууну токтотуу чечимин кабыл алган.

Анткени Дания Түндүк деңизде жайгашкан жасалма арал 200 эбегейсиз чоң турбиналарды иштетип, шамалдан электр энергиясын өндүрөт. Эбегейсиз чоң долбоор менен Дания мамлекети «энергия аралы» аркылуу бир гана өз өлкөсүндөгү талапты канааттандыруудан тышкары, коңшу мамлекеттерге дагы электр энергиясын сатууну көздөйт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ушундай эле долбоорду коңшу Өзбекстан менен Казакстан дагы баштаган. Мисалы, Кытай Өзбекстандын Бухара облустунда шамал электр станциясын куруу долбоорун баштаган. Андан тышкары Ташкентте 750 кВт кубаттуулугунда шамал станциясы бар. Президент Шавкат Мирзиеев 2017-жылдан 2025-жылга чейин калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү программасын бекиткен.

Мындай технологияга басым жасоо электр энергиясын өндүрүүдөн тышкары, абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтса болот.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Дилде Шатанова