“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Элет жериндегилерди түйшүккө салган жумушсуздук

15 Декабрь 2021 жыл 18:32
Көрүүлөрдүн саны: 69

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Акыл Бейшеналиев. Ал 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам айылга келген. Ага чейин борбор калаада ар кандай жалданма жумуштарда иштечү, анткени атайын кесиптик билими жок. Ушул тапта үйүн жылытууга көмүр жана азык-түлүк ала албай отурат.

«Кыш келди, жумуш жок үй-бүлөнү багыш кыйындады. Мурда ар кимдин кол алдында жалданма жумуштарда иштечүмүн. Нарын өзгөчө суук болгондуктан үйдү дагы жылытыш кыйынга туруп жатат. Эптеп жаңы жылды өткөрүп алсак, Москвага барып иштеп келсемби деп ойлонуп жатам. Себеби бул жактан ишкерлик кылганга мүмкүнчүлүк жок. Кыш узак болгондуктан ишкерлик кылууга көп тоскоолдуктар болот», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан берилген 5 миң сом жөлөк пул эч нерсеге жетпейт. Ал төрт баласын жана аялын багуу үчүн акча табуунун ар кандай жолдорун издеп жаткан чагы.

Ушундай эле көйгөй Жээнбүбү Асылкановада дагы бар. Жээнбүбү учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жашайт. Анын айтымында, жогорку окуу жайды бүтүп, бирок райондогу мектептерде бош орун болбогондуктан үйүндө балдары менен бош отурат.

«2010-жылы борбор калаадагы окуу жайлардын биринде математика адистиги боюнча билим алгам. Ошол эле жылы турмушка чыктым. Түпкө келин болуп келип, бул жактагы мектептердин бирине жумушка кирдим. Бирок кийин жумушта кыскартуу болуп, мен ишсиз калдым. Ошондон бери үйдөмүн. Ал эми жолдошум жыгач устачылык менен алектенчү. Азыр буйрутма аз болуп, ал дагы жумушу жок отурат. Кымбатчылык дагы бир жагынан адамды чарчатты. Балдардын кийими, тамагы алардын баарына акча тартыш», — деп кейиди Асылканова.

Кыргызстанда Акыл менен Жээнбүбү сыяктуу жумушсуз жарандар миңдеп саналат.

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 6 миллион 711,1 миң адам болсо, анын 3% пайыздан ашыгы жумушсуз.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Гулмира Алканова жакырчылыкты жана жумушсуздукту жоюу үчүн көп иштер аткарылып жатканын айтат.

Гулмира Алканова

Анын айтымында, 2020-жылы министрликке жумуш берүүчүлөр тарабынан 20 миң бош орундар түшсө, 2021-жылдын сегиз айында 11 миң вакансия болгон. Ошентип, эки жылдын ичинде 22 миң адам жумуш менен камсыздалган.

«Каттоодо турган жумушсуз жарандарды кесипке багыттоо максатында ар кандай окууларды, кыска курстарды уюштуруп жатабыз. Ошондой эле Эл аралык уюмдар менен биргеликте ишкерлик кылууга багытталган иштер жасалып жатат», — дейт ал.

«Акча эмес, аракет керек»

Атайын кесиптик билими жок, жумушсуз жарандарга билим алууга жана чакан ишкана ачып жумуш менен камсыз кылууга жардам берип келе жаткан жарандык активист Улан Үсөйүн адамдар билим алууга умтулса, алдына максат койсо баарын ишке ашырууга мүмкүн дейт.

Улан Үсөйүн

«Жумушсуздук маселесин бир эле нерсе менен же бир эле сунуш менен чечип салуу абдан оор. Бул маселени чечүү үчүн адамдар билим алууга умтулуусу керек жана өлкө дагы кайсы бир тармактарга багыт алыш керек. Жылда бир нече долбоорлор менен иш алып барып, бул маселени чечкенге абдан чоң салымыбызды кошконго аракет кылып жатабыз», — дейт ал.

Ошондой эле, ал билим алууга умтулган адамдарга жана жумушсуз жарандарга жардам берүү максатында бир нече долбоор башталганын белгиледи.

«Азыр биз “Жаңы рейшн” деген долбоор баштадык. Бул долбоордун максаты аймактардагы “ишкерлик кылам, билим алам” деген адамдарды окутуу. Андан тышкары жыл сайын гранттык колдоо көрсөтөбүз. Жакында эле “Табышкер” аттуу долбоорду ишке ашырдык. Ишкерлик менен алектенип, бирок иши жакшы жүрүшпөй жаткан онлайн сатуу багытындагы ишкерлерге көмөктөштүк. Айта кетчү жагдай, ар бир адам мамлекет жардам берет же бейөкмөт уюмдар жардам берет деп отура бербестен изденүүсү керек», — дейт ал.

Айылда кийиз жасоочу цех ачкан Бегимжан

30 жаштагы Бегимжан Молдобаева кичи мекени Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачып иштетип келет. Учурда ал айылдагы тогуз кишини иш менен камсыз кылып киреше таап жаткан убагы.

Бегимжан Молдобаева

«2019-жылы ишкерлик кылууга аракет кылып баштагам. Ортодо көптөгөн кыйынчылыктар болду, ишим жүрүшпөй калган. Ишти баштап алып кайра таштап койсом болбой калат деп ойлонуп, анан 40дан ашык эл аралык уюмдарга долбоор жаздым. Ар кандай ишкерликке багытталган форумдарга жазылып, айрымдарына акча төлөп катышкан учурларым болгон. Анан ишкер айымдарды каржылай турган уюмга кат жазып, эки айдан кийин жооп келип, ошонун жардамы менен ишканамды кеңейткем», — дейт Бегимжан.

Бегимжандын ишканасы

Молдобаеванын айтымында, ишканада иштеген жумушчуларына ай сайын 15 миң сомдон 24 миң сомго чейин айлык төлөп берет. Ал эми өзүнө түшкөн киреше 30 миң сомдон ашат.

Ошондой эле, ал айыл жергесинде ишкерлик кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгилеп, бир канча сунуштарды айтты.

«Көпчүлүк адамдар “айылда жумуш жок” деп Бишкекке же мигрант болуп кетишет. Бирок кызыктуу жашоо, жумуштун баары айылда. Айыл жергесинен көп бизнес түптөсө болот. Мисалы, мал менен ишкерлик кылса болот, кой, жылкы, уй, үндүк, тоок дегендер бар. Теплица куруп, өсүмдүктөрдүн жаңы түрүн өстүрсө болот. Кийим тигүүнү өздөштүрүп, тигүү фабрикаларын ачышсын. Айта берсе сөз көп, бирөө келип “жасап берет, куруп берет” деп үмүттөнгөндөн пайда жок. Бир жакка барып иштесем муну кылат элем дебей, учур менен жашаганды үйрөнүү керек», — деди ал.

«Ишкерлик кылууга чоң атам себеп болду»

Ал эми Бишкек шаарынан элет жеринде көчүп келип, үндүк бизнесин баштаган жаш ишкер айым Гүлнара Жээнбекова аракеттин аркасында бизнесин оңой эле түптөп алганын айтат.

Гулнара Жээнбекова

Анын айтымында, буга чейин жолдошу экөө мигрант болуп Москва шаарында иштеп, кийин борбор калаага келишкен. Алар кымбатчылыктын айынан айылга көчүп барууга аргасыз болгон. Жээнбекова учурда жолдошу жана балдары менен Кочкор районун Кара-Тоо айылында жашайт.

«Ишкер болуп калабыз деп эч оюма келген эмес. Москвадан келгенден кийин жолдошум экөөбүз борбордо ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүк. Пандемия башталып, кымбатчылык каптады. Шаарда жашоо кыйындай баштады. Кайра Орусияга барып иштеп келели деп даярданып атканбыз. Чоң атам “балдарыңарды ойлогула, аларга өзүңөр жакшы тарбия бергиле” деп айтып, айылдан ишерлик кылууга план түзүп берди. Ишти баштаганда кыйынчылыктар болду, бирок биз Москвага барган күндө деле ошол кыйынчылыктарды көрмөкпүз», — дейт ал.

Ошондой эле, Жээнбекова алгач 350 үндүк алып, анадан кийин үндүктөрдүн санын көбөйткөнүн айтат.

«Учурда туруктуу кардарларыбыз жок. Бирок ар кайсы райондордон жана айылдардан жөнөкөй эле адамдар буйрутма кылышат. Аларга үндүктүн бир килограммын 400 сомдон сатабыз. Башында үндүк бакканды билбегендиктен кыйналганбыз. Кийин көнүп кеттик. Үндүктөргө 4 маал тамак беребиз, бат-баттан суу берип турабыз. Азыр кирешебиз жакшы боло баштады. Акыркы жети айда 600 миң сом таза киреше таптык», — дейт ал.

Мындан сырткары, ал үндүк бизнестин кирешеси жакшы болуп, айылдаштарын жумуш менен камсыз кылууну пландап жатканын кошумчалады.

Эл аралык руспубликалык институт (IRI) үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Кыргызстандын абалы тууралуу изилдөөсүн жарыялап, эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилеген.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда 104 миңге жакын адам жумушсуз катары каттоого алынган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 3,4 пайызга көп.

 

Дилде Шатанова

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.