Нарын облусунун тургундары мал-жандык менен тиричилик кылгандыктан, аймакта жапайы жана үй жаныбарларынан адамга жуккан оорулар көп кездешет. Алардын бири жыл сайын өсүп жаткан бруцеллёз оорусу.
Атын атагысы келбеген каарманыбыз үй-бүлөсү менен — жубайы, эки уулу жана бир кызы бруцеллёз дартына чалдыккан. Анын айтымында, оорунун белгилери алгач уулунда байкалган. Анын сөөктөрү ооруп, баса албай калганда суук тийип калган окшойт деген шек менен ооруканага алып барышкан. Нарын облустук ооруканасынын дарыгерлери анда бруцеллёз оорусу бар экенин жана убагында дарыланбагандыктан өтүшүп кеткенин айтышкан.
«Баламдын оорусу күчөп кеткенин билген эмеспиз. Качан гана балам баспай калганда дарыгерлерге алып барып, ошол жерден уктук. Көрсө бутунун томугунда мандем бар экен. Күзүндө борбордогу жугуштуу оорулар ооруканасында операция болду. Дарыгерлер томугун алып таштап, ордуна пластик протез салышты. Азыр бир аз жакшы», — дейт ал.
Уулунун дарты аныкталгандан кийин үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен текшерүүдөн өтүп, баары тең ооруга чалдыкканын билишкен.
«Биз дагы анализ тапшырдык. Бруцеллёздун баштапкы козгогучтары бар деп айтышты. Азыр дары ичип, дарыгерлердин көзөмөлүндөбүз», — дейт каарманыбыз.
Анын айтымында, короодогу малды буга чейин убагында эмдеткен эмес. Ал эми эмделбеген уйдун сүтүн Нарын шаарына алып барып сатып турган.Бирок ал бул кылган ишине өкүнүп жатканын белиледи.
Нургүл Бегалиеванын кызына ушул жылдын жаз айында бруцеллез диагнозу коюлган. Көрсө ал бир жылдан бери ооруп жүргөн экен. Бегалиеванын кызы учурда дарыгердин көзөмөлүндө, убагында көрүнгөндүктөн күчөп кетүүнүн белгилери байкалган эмес.
«Кызым “буту, колум ооруп жатат” деп айтканынан көп маани берген эмесмин. Мектеп окуучусу болгондуктан бою өсүп жатса керек деп ойлодум. Кийин катуу ооруп калды, ооруканага алып барып, анализ тапшырсак бруцеллез болуп чыкты. Ооруканадан бир аз убакыт дарыланып чыкты. Дарыларын убагында ичип турса, айыгат экен. Бул оору кайсы жаныбардан жана эмнеден жукканы билинбейт экен. Андыктан ооруну алдын-алуу үчүн үй-бүлөбүз менен анализ тапшырдык. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн анализи таза чыкты», — дейт ал.
*Бруцеллёз оорусу — инфекциялык оору. Адамга ылаңдуу малдан (кой, эчки жана уйлардан) жугат. Эгерде короодогу малдын арасында бруцеллез менен ооруганы бар болсо, анда бруцеллёздун козгогучтары айланага дагы кеңири таралышы мүмкүн. Бул оору адамдан адамга жукпайт.
*Илдет малды төлдөтүү учурунда, өзгөчө түйүлдүктүн айланасындагы суюктукта, канда, малдын тонунда, жыныс органдарында бруцеллездун козгогучтары өтө көп болот.
*Мал союуда — колдогу майда жаракаттар аркылуу жугат. Ошондой эле мал кармап келип, колду жуубай туруп тамеки чегүүдө, тамак-аш ичкенде, чийки сүт ичкенде, чала бышырылган эт же андан жасалган тамактарды (шиш кебек, фарштан жасалган тамак) жегенде, кээде аба аркылуу- малдын астындагы кыкты тазалап атканда чаңдаган учурда дем алганда жугат.
Республикалык жугушту оорулар бөлүмүнүн статистикалык маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2020-жылы бул илдет 582 адамдан аныкталса, 2021-жылы эки эсе өскөн. Тактап айтканда 100 миң адамдан бул илдет аныкталган. Эң жогорку көрсөткүч Нарын жана Жалал-Абад облусунда байкалган.
«Вакцина жоктугунан бруцеллёз менен ооруган малдын саны көбөйдү»
Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча испекциясынын башчысы Тазабек Мамытов бруцеллез оорусу мал төлдөп аткан кезде малчылар гигенаны сактабагандыктан көп жугарын билдирди. Анын айтымында, оорунун алдын алуу максатында уйлардан анализ алынып, 193 баш уйдан ылаң аныкталып, уйлар жок кылынган.
«Биз жыл сайын уйлардан кан алып текшерүү жүргүзөбүз. Оору аныкталган малды жок кылуу иштерин жүргүзөбүз. Бүгүнкү күндө оорунун алдын алуу үчүн малды Штам-19 вакцинасы менен эмдеп жатабыз. Ал эми кой, эчкилерге жаздан баштап эмдөө иштерин жүргүзүүгө камынып жатабыз», — деди ал.
Мамытов бул илдеттен сактануу үчүн тургундарды малдын этин жакшы бышырып, уйдун сүтүн кайнатып ичүүгө чакырды.
Ал эми Медицина илимдеринин кандидаты, карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиевдин айтуусунда мал санакты туура жүргүзүү зарыл.
Адис малды союуда, жайытка чыгарууда гана эмес, кошуна мамлекеттен малдын миграциясында көзөмөлдүн жоктугунан да жаныбардан жугуучу оорулар көбөйүп жатканын белгиледи.
«Cөзсүз түрдө короодогу малды каттоодон өткөртүп, эмдетип туруу керек. Төлдөтүү учурунда атайын тигилген кийимдерди кийип, сактаныш керек. Мал туугандан кийин чөбү деп коёт ошону итке бербей, үйдөн бир канча метр алыс жерге чуңкур казып ошол жакка төгүп көмүш керек. Кышында тууган малдын баласы “үшүп калат” деп үйгө алып кирип алгандар дагы бар. Бул эң туура эмес нерсе, оорунун баары ошондон башталат», — дейт ал.
Ошондой эле, ал бруцеллёз оорусу адамга жуккандан кийин алгачкы белгилерине токтолду:
*Алгачкы белгилери 2-3 жумадан кийин билине баштайт. Сыркоологон адам тердейт (өзгөчө түнкүсүн), бир туруп ысып, кайра чыйрыгат, шалдырайт. Муун жана булчуңдардын ооруганы башталат.
*Эгерде оорулуу адам өз убагында дарыланбаса, андан ары өтүшүп бруцеллез менен жабыркайт, муундар катып, басуу начарлап, кадимки эле жумуштарды аткаруусу кыйындайт. Дарыланбаса майып болуп калуусу мүмкүн.
*Эң терс таасири; көпчүлүк убакта жыныстык системаны бузуп, бойдон түшүп калууга, эркек жана аялдарды тукумсуздукка алып келет. Бара-бара бардык органдарга терс таасирин тийгизе баштайт.
Ал эми үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн ден соолугу үчүн мал сарайды үйүнөн бир канча метр алыс салып, мал менен ишкерлик кылган Сокулук районунун тургуну Эрмек Жээнбаев ушу тапта үйүндө 200гө чукул кой-эчки жана уй багат.
«Жыл сайын күз айларында малдын бир канча бөлүгүн сатып, кайра ордуна башкасын алам. Бул менин киреше булагым десем дагы болот. Жазында малдын баарын каттоодон өткөрүп, мамлекет тарабынан бөлүнгөн вакциналар менен дарылайбыз. Ал үчүн өзүм атайын мал доктур жалдап келем. Кайра жайында жайлоого алып барып, семиртип күзүндө сатам. Ал эми туут маалында жаныма бир жардамчы жалдап келем, ага баардык талаптарга жооп бере тургандай атайын кийимдерди жана дезинфекциялоочу каражаттарды берем. Күнүнө эки маал короону тазалайбыз», — деди Жээнбаев.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кой -эчкилердин саны алты миллиондон ашуун, жылкылардын саны жарым миллион, ал эми ири мүйүздү малдын саны бир жарым миллиондон ашса, уйлардын саны бир миллионго жакын.
Өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу жана түрдүү малдан жугуучу илдеттин алдын алуу максатында кыргыз өкмөтү бир нече жыл мурун малды идентификациялоону баштаган. Азырынча идентификацияга бодо малдар гана алынып, майда жандыктар илине элек.
Дилде Шатанова
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.