Куланак жамааттык медиа борборунун катарын жаңы ыктыярчылар толуктады. Алар А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары
Нарын районуна караштуу Куланак айылында жайгашкан жамааттык медиа борбору жылыга катарын жаңы ыктыярчылар менен толуктап келет. Алар мектеп окуучулары.
«Негизи окутуулар сентябрь айына болчу. Быйылкы жылы мектепте жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөргөндүктөн окуу онлайн форматта болду. Андан соң бат эле чейректик иштер болуп окуучуларды чогулта алган жокпуз.
Бат эле кыш болуп, сасык тымоо жана ковид — 19 талаптарына ылайык каалоочулар менен кезиге албай жаттык. Бул адат болуп калгандыктан сиздердин катарыныздарга качан кошулабыз деп окуучулар чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Быйылкы жылы ыктыярчыларды онлайн сурамжылоо менен чогултулду.
Өздөрүнүн каалоолору менен 6- 7 класстын окуучулары окуудан өтүштү. Убакыт сааты ушул күнгө жетти окшойт 1 жумадан бери окуулар өткөрүлдү.
Сабактарды «Жайкы медиа мектебинин бүтүрүүчүсү» Даткайым Орозакунова өттү», — дейт Куланак жамааттык медиа борборунун жетекчиси Айзат Түмөнбаева.
Сүрөттөр жаңы ыктыярчылар тажрыйба алмашуу учурунда тартылган.
Даткайым Орозакунова