Нарын районуна караштуу А.Аралбаев атындагы орто мектебинде жогорку класстар арасында 23- февраль Ата — Мекенди коргоо күнүнө карата таймаш өткөрүлдү. Таймашка 9 — класстан 11 класска чейинки окуучулар катышты.
Оюндун жүрүшүн видеодон көрө аласыз:
Эске сала кетсек, 2020 — жылы 23- февралда уюштурулган кечеден кийин, окуучулар пандемияга байланыштуу онлайн окууга март айларында тарашкан. Ошол күндөн бери пандемиянын шарттарын аткаруу менен кечелер өткөрүлбөй келген. Мындай кечелер окуучулар үчүн патриоттук сезимди ойготот.
Даткайым Орозакунова