“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Жалпы элдик жыйналыш

23 Февраль 2022 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны: 39

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жылпы элдик чогулуш болду. Чогулушка Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары катышты.

Мындай чогулуштар ар жылы жыл башында өткөрүлүп келген. Былтыркы жылы пандемияга байланыштуу чакан чөйрөдө өткөрүлсө, 2022 — жылы элдин саламаттыгы үчүн коопсуз учур күтүлүп, январь айында эмес февраль айынын орто ченинде пландалган. Жыйналыш Куланак айылында жайгашкан А.Аралбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында өткөзүлдү.

Жыйналыштын ачылышы

Чогулушка Нарын районунун администрация башчысы Н.Мадимаров, Нарын райондук ветеринария кызматынан Т.Мамытов, суу чарба жана салык кызматтарынын өкүлдөрү келип катышышты.

Жыйналышты Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркинбек Өмүрзаков ачып, жыл ичинде аткарылган иштерге видео отчёт ар бир тармак боюнча көрсөтүлдү.

Жыйналыш учурунда айылдагы көйгөйлөр айтылып, аларды чечүү жана аткаруу боюнча талкуулар болду.

Жайыт, сугат суу жана учурда талкуу болуп жаткан жерлерди арендага берүү боюнча 309 токтом талкууга алынды.

 

Айзат Түмөнбаева