“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: «Акыл ордо» мектепте

25 Февраль 2022 жыл 21:11
Көрүүлөрдүн саны: 263

Нарын районуна караштуу Куланак айылынынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 9-класстар арасында баарына белгилүү болгон интеллектуалдык «Акыл ордо» оюну өттү.

«Мектеп 2030» долбоорунун алкагында оюн 11- жана 10-класстардын окуучуларынын демилгеси менен, ошондой эле математика мугалими Нурбек Шамыркановдун уюштуруу, демөөрчүлүгүндө болгон.

Анда 3 тур болуп, ар бир турдан соң, эң аз упай топтогон экиден катышуучуну оюндан четтетилген. Биринчи турда математикалык 15 суроодон түзүлгөн тесттин негизинде 9б-классынын окуучулары озуп чыккан.

2-турда категориялар берилип, ар бир категорияда 15 суроодон камдалган. Эң көп упай топтогон катышуучулар биринчи тандап, андан соң, катар менен кетишти. Бул турдун жыйынтыгында эки башка класстан эки гана окуучу калган.


3-турда жалаң логикалык суроолор берилип, кимде-ким атаандашынан эки упайга озуп чыкса, ошол катышуучу жеңишке жетмек. Чоң интрига жана кичине айырма менен 9а классынын окуучусу Раатбек Эркинбеков биринчи орунга ээ болду. Ал эми, экинчи орунда Самара Таалайбекова жайгашты.


Активдүү катышуучуларга грамоталар тапшырылып, биринчи жана экинчи орунга байгелер берилди.

Мындай интеллектуалдык, окуучулардын окууга болгон кызыгуусун артыруучу иш-чаралар дагы да болуп турарын айтат уюштуруучу.

Учкун айылында мектеп окуучулары өз алдынча китеп окуу сынагын уюштурууда 

Даткайым Орозакунова