“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Куланак: Кыз-жигит сармерден

4 Март 2022 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны: 84

Нарын районуна караштуу Куланак айылынынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде сармерден таймашы уюштурулду. Мындай көрүнүш жыл сайын жана эстафета катары өткөрүлүп берилет.

Алгач 8-класстарынын балдар, кыздары оюн көрсөтүштү. Дароо эле унутта калган ырлар менен кече башталып, элдин маанайын көтөрдү. Ошондой эле эки жактан тең кыргыз улуттук бийлер бийленип, элдик ырлар трио, квинтет болуп ырдалды. Макал-лакап ооздордон төгүлүп, табышмак менен баш катырышты. Булар менен бирге патриотттук жана билим, мектепке арналган хорлор ырдалды.

Ырлар жандуу үн менен ырдалып, атаандаштар кыздарды бийге тартып жатышты

Андан соң, дароо эле сармерден оюнун кайрадан 9-класстар баштады. Жеке номерлерде балдар, атаандаш кыздарына ыр арнап ырдоо менен бирге бийге тартып жатышты.

Эки жактан тең бийлер бийленип, патриоттук хорлор менен коштолду.

Жаңылмач, макал айтышышып элди күлкүгө салышты. Табышмак менен бирин-бири сындай да алышты. Биринен-бири ашып, озуп жатып оюнду да аякташты

«Биздин максат — унутта калган ырларды кайрадан чыгаруу жана кыргыз улуттук баалуулуктарын даңктоо», — деп белгилеп өттү музыка мугалими Жумагул Өмүрова.

Даткайым Орозакунова