“Куланак” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Куланак айылы

Аймактарды түрө кыдырган «Манас — таануу» интеллектуалдык теле таймашы

7 Март 2022 жыл 23:07
Көрүүлөрдүн саны: 91

«Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашы 11 жылдан бери мектеп окуучулары арасында өтүп келет. Бул жылы ар бир районун бир мектебине чогултулуп эң мыктылары деген топтор облуска жолдомо алышты.

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жайгашкан А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 5 — март күнү Манас таануу интеллектуалдык теле таймашы болуп өттү. Жалпысынан Нарын району боюнча таймашка 32 мектептен келген 44 топ катышты.

А.Аралбаев атындагы орто мектебинин катышуучулары

Оюнду жетектеп келген Нурбек Талантбекович төмөндөгүлөргө токтолду:

«Өсөр өзүн сыйлайт» дегендей биз өзүбүздүн каныбызга сиңген «Манас» эпосун жайылтуу менен кийинки муунга чоң мурас калтырган болобуз. Учурда бул таймашты жеке эле мектеп менен чектеп койбостон бала — бакчадан баштап, жогорку окуу жайларга чейин 2 жылдан бери таймаштарды уюштуруп келебиз. Ал жерде бала бакчаларга өзүнүн деңгээлиндеги жеңил суроолордон түзүлөт. Манас айтуу, сахналаштыруу, саламдашуу суроо жооп. Жана дагы орус тилдүү жана кыргыз тилдүү  деп экиге багытта өткөзөбүз.

Катышуучулар залдан даярданып жатышты

Жылдан- жылга сынакка катышуунун саны көбөйүп өсүп жатканын уюштуруучу баса белгилеп кетти.

«Манас- таануу» интеллектуалдык теле таймашы башталгандан бери  130 000 ден ашуун бала тарбияланып өстү. Жылдан- жылга катышуулардын саны өсүп жатат жана даярдыктары да өтө жогору. Жөн эле былтыркы жылга салыштырсак облустук турга 5 топко жолдомо берсек, быйылкы жылы 7 топ облустук турга жолдомо ала алышты. Жылдагыдан Нарын районунун билим деңгээли өтө жогору. Бул жеке эле Нарын району боюнча эмес башка жер — жерлерде да ушунда көрсөткүчтөр көп болуп жатат.

Таймаштын эң кенже катышуучулары

39 — күндөн бери жер — жерлерди кыдырып жүргөн уютуруучуларга чарчаган жоксуздарбы деген суроо кызыктырбай койгон жок.

Калыстар тобу иш үстүндө

«Бизде чарчоо болгон жок. Себеби бул таймаш абдан кызыктуу өтүп жатат. Таймашка катышкан топтордун даярдыктары мыкты деңгээлде болгондуктан такыр чарчоо боло элек. Буюрса жыйынтыкталып келе жатат. Бүгүнкү күндө Манас эпосунда Сагымбай, Саякбай аталарыбыздын варианттарында Куланак айылынын аттары кездешет.

Манас атабыздын Аккулан тулпарынын туягы тийгендиги үчүн Куланак айылы деп аталып калган деген да жерлери бар. Ошондуктан Манас аты аталган айылга келип таймаштын өтүшүда менимче бир керемет деп эсептейм. Эми азыркы муунга кайрыларым өзүбүздү өзүбүз сыйлап 7 атабызды билип,  Манасыбызды унутпай муундан муунга өткөрүп берүү милдетибиз турганын унутпасак дейт элем».

Жыйынтыгында ураан айтылды.

Даткайым Орозакунова